Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАРЛЫК – КРде жана биркатар башка мамлекеттерде мамлекет башчысы (президент) чыгарган абдан маанилүү актылардын аталышы. Ж. менен жогорку кызмат адамдарын дайындоо жана кызматтарынан бошотуу, өзгөчө же согуштук абалды киргизүү, мамлекеттик ордендер жана медалдар менен сыйлоо, жогорку аскер чиндерин жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жүргүзүлөт, жалпы ченемдик мүнөздөгү чечимдер жолжоболоштурулат. Жалпы эрежеге ылайык, Ж. ошол мамлекеттин конституциясына жана мыйзамдарына каршы келбөөсү тийиш. Батыш өлкөлөрүндө Ж. сыяктуу окшош актылар (АКШда аткарылуучу көрсөтмөлөр) декреттер деп аталат.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
сов.
1. кого-что, на кого-что (показать) көрсөтүү;
указать пальцем на кого-л. бирөөнү сөөмөйү менен көрсөтүү;
он указал мне дорогу ал мага жол көрсөттү;
2. что, на что (разъяснить, обратить внимание) көрсөтүү, түшүндүрүү, үйрөтүү, жөн шилтөө;
указать на недостатки в работе иштеги кемчиликтерди көрсөтүү;
указать на дверь кууп чыгуу.