Киргизско-русский словарь Юдахина
көр I
ир.
слепой, слепец;
көзү көр
1) слепой;
2) перен. человек, который не обращает внимания на зло, на плохое (делает вид, что не заметил);
көр чычкан южн. крот;
сен көр, мен көр болуп кетти как в воду кануло;
былтыр бир кат келди, кийин - сен көр, мен көр в прошлом году (от него) пришло одно письмо, а потом ни слуху ни духу;
ошол күндөн ушул күнгө - сен көр, мен көр эч бир дарексиз с тех пор и до сего времени ни слуху ни духу, никаких вестей;
көр айгыр растяпа.
көр II
ир.
(пишется и гөр, что соответствует южно-киргизскому произношению)
могила;
бирөөгө көр казсаң, кенен каз погов. если другому роешь могилу, рой просторней (возможно, сам будешь в ней лежать);
баатырлар өлгөндө көрдүн кеңдигин найза бою казат когда умирает батыр, могилу роют шириною в длину копья;
дөөлөс төрүн бербейт, өлсө, - көрүн бербейт погов. (представитель рода) дөөлөс почётного места своего (см. төр 1) не уступит, умрёт - могилы своей не уступит;
пролетариат - капитализмдин көрүн казуучу пролетариат - могильщик капитализма;
көрдөй или көрдөй караңгы мрачный, тёмный;
алачык ичи караңгы көр сыяктанат внутренность шалаша похожа на тёмную могилу;
кайда барса да Мамайдын көрү погов. куда ни пойди - всё Мамаева могила; куда ни кинь, всё клин;
көрдөн чыга калгандай вдруг, внезапно (букв. как из могилы выскочил);
көрбөгөнү көр болду он не видал только могилы; он прошёл огонь и воду;
өлүп, көрдү көрбөдүм я все беды испытал (букв. умерев, не видел могилы);
көрүмө баш багып турам я стою на краю могилы (букв. заглядываю в свою могилу);
көр оозунда на краю могилы (близок к смерти);
көр оозун кысташып фольк. схватившись не на живот, а на смерть (букв. прижимая друг друга к краю могилы);
көр оозунан кайра тартты он был на волосок от смерти (букв. он повернул обратно от могилы);
көргө киргиче до могилы (до самой смерти);
көр азабы рел. муки могилы (см. Мүңкүр II);
көр-жер или южн. көр-шор то-сё, всякая мелочишка, всякие вещички;
мени көр-жерге жумшай берет он заставляет меня делать всё, что только придётся; он помыкает мною;
көр оокат всякая мелкая и надоедливая работа по дому, по хозяйству;
көрү күйсүн! бран. сгори его могила!;
атаңдын көрү! или атаң көрү! будь ты неладен! (букв. могила твоего отца!);
көрдөн сууруп, көргө салып тилдептир он ругал на чём свет стоит (букв. он ругал, вытащив из могилы и положив в могилу);
көр байге небольшие скачки на поминках; поминальные скачки;
телтору атты бербеймин, көр байгеге чаптырам фольк. гнедого коня я не дам, я пущу его на поминальные скачки;
көр жеме см. жеме;
кайсы көрдөн эле с какой это стати;
кайсы көрдөн азыр эле үйлөнө коёюн! с какой бы это стати я сейчас же женился!
көр- III
1. видеть, увидеть;
көрбөс төөнү да көрбөйт погов. кто не видит, тот и верблюда не заметит;
"көрдүм" деген көп сөз, "көрбөдүм" деген бир сөз погов. сказать "видел" - много слов, сказать "не видел" - одно слово (видевшего будут расспрашивать, а ответивший "не видел" избавлен от дальнейших расспросов);
атаңды көргөндөн акыл сура погов. совета проси у того, кто отца твоего видел (т.е. с ним жил, был близок);
ата көргөн ок бычат, эне көргөн тон бычат погов. тот, кто отца видел (с отцом жил), стрелы обделывает, та, которая мать видела, одежду кроит (об обязанностях мужчины и женщины в феодальном быту);
көргөн көзгө, уккан сөзгө караганда судя по достоверным сведениям (букв. судя по видевшему глазу и слышанному слову);
көз көрбөгөн рекорд невиданный рекорд;
кулак угуп, көз көрбөгөн (такое) не слыхано и не видано (о хорошем или плохом);
экинчи көрөм деп ойлобо больше ты уже не увидишь (букв. не думай, мол, встречу вторично);
2. испытать, пережить;
көрбөгөнү калбаган он всё испытал; нет ничего, чего бы он не испытал;
мен эрте көрө жүргөн кишимин я (это) уже раньше испытал; для меня (это) не как снег на голову;
ой, жакшылык көрбөгүр! ой, чтоб тебе добра не видать!;
көрбөгөнү көр болду, жебегени бок болду фольк. не испытал он (только) могилы, не ел он (только) дерьма (об испытанных бедах и лишениях);
көп менен көргөн той погов. на миру и смерть красна (букв. то, что пережито вместе с народом, - пир);
жылкычы бир көргөнүн хан, бир көргөнүн ит көрбөйт погов. то, что испытывает табунщик, (только) часом хан, (только) часом пёс испытывает (о раздолье на летних пастбищах и зимних муках табунщика);
көрбөгөндү көрдүм
1) я испытал такое, что и врагу своему не пожелаю;
2) я видел удивительно красивое или я испытал наслаждение;
курдашым Манас барында көрбөгөндү көргөмүн, Абыкенин тушунда ар жорукка көнгөмүн фольк. когда был жив мой друг Манас я наслаждался, (а вот теперь) при Абыке привык я ко всяким (его) выходкам;
биздин көчөдө болуп көрдүңүз беле? вы пробовали бывать на нашей улице? на нашей улице вы бывали?
3. считать чем-л., принимать за что-л.;
көп көр- принимать за многое, считать многим;
аз көр- считать недостаточным;
мингениң жакшы ат болсо, алысты жакындай көр погов. если ты сел на хорошего коня, то считай далёкое близким;
атымды ат көрбөйт он мою лошадь лошадью не считает;
башыңа тоо түшсө, чымындай көр погов. если на твою голову свалится гора (бед), прими за муху (не падай духом);
4. с предшеств. исх. п. считать кого-л. виновником, причиной чего-л.;
сенден көрдүм я тебя считаю виновником;
жаман катын терисин жыйбай, иттен көрөт, башын жуубай, биттен көрөт погов. дурная баба шкуру не убирает, да собаку винит, голову не моет, да вшей винит;
өз башыбыздан көрөбүз уж как нам суждено будет;
5. с предшеств. формой деепричастие прош. вр. попробовать, попытаться;
кылып көр попробуй сделать;
көтөрүп көр попробуй поднять;
ушул китепти карап көрчү посмотри-ка вот эту книгу (можешь не читать внимательно);
6. с предшеств. формой деепричастие наст. вр. выражает категоричность приказания или настойчивость просьбы;
көргөзө көргүн көзүмө фольк. представь его пред мои очи;
кара нарга жүктөй көр навьючь на чёрного верблюда;
белинен кармап бүктөй көр фольк. схвати его за поясницу и согни;
мине көр возьми да сядь верхом;
жиниме тие көрбө! смотри, не раздражай меня!;
Токоңдон үйрөнүп келе көр ты поучись (воспользуйся случаем поучиться) у своего Токо;
айлыңа аман жете көр, калкыңдын жүзүн көрө көр фольк. благополучно достигни аула, на лик своего народа взгляни;
болуп көрбөгөндөй на редкость; невиданный;
көрө жатарбыз там видно будет, подождём - увидим;
көрө алды удостоил благосклонности, остался доволен (напр. хан, принимая подданного);
ичкен ашыңдай көр или бөркүңдөй көр никаких сомнений; это уж точно; считай, что уже у тебя в руках (букв. считай, что это пища, которую ты принимаешь, или считай это как бы своей шапкой);
качан көрсөм, тойдон көрөм когда бы (тебя) ни увидел, (всегда) вижу на пиру (о человеке, которого часто встречают в одном и том же месте);
ушуну көрмөк болчу это он и должен был ожидать (о неприятности); так ему и надо!;
ушуну көрмөксүң! так тебе и надо!;
көрсө,... оказывается,...;
көрсөң муну! вон ведь оно что!; подумаешь!;
көрдүңбү! посмотри-ка вот на него!; вот ведь он что выдумал или вытворяет!;
көрсө - копор разг. (о человеке) увидит - жадно набросится (пока не видит, не чувствует потребности; в некоторых говорах это выражение считается неприличным);
жакшы көр- питать симпатию, любить;
жаман көр- не любить, ненавидеть;
уйку көрбөйт он сна не видит (не спит, не имеет возможности спать);
маакул көр- одобрить;
бала көр- иметь ребёнка, иметь детей;
Каныш көпкө чейин төрөбөй жүрүп, карыган кезде бир бала көрдү Каныш долго не рожала, когда состарилась, родила ребёнка;
ушул аялынан бала көргөн жок от этой своей жены он детей не имел;
көргөн эне родная мать;
көргөн энең мен эдим, көтөргөн энең Акканыш твоя родная мать - я, воспитательница - Акканыш;
пайда көр- иметь пользу, видеть пользу;
пайдаңды көрбөдүм я не видел от тебя пользы;
аз да болсо (или аз болсо да), көптөй көрүңүз не пренебрегайте малым, не обессудьте на малом;
аз болсо да, көптөй көрүп, ушуну алып коюңуз не обессудьте на малом, примите вот это (в дар);
көрө албастык или көрө албоо зависть;
эрте көрдүм см. эрте;
бул көрө, андан көрө см. көрө II;
көрө кел см. көрөкел;
кимди ким көрдү кылып см. ким;
көрөйүн деген көзү жок см. көз;
күн көр- см. күн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Мүрзө, кабыр. Көр казып жаткандар бери карата чубап калышты (Жантөшев).
¨Көр турмуш — абдан кыйын, оор турмуш. Көр оокат — жабыркаган, жетишпеген оокат. Көр-жер — жалпы эле майда-чуйда буюмдар. Үй-ичке керектүү көр-жер, камдайбызбы (Бейшеналиев). Көр чеңгел — чоң чеңгел, баарын бир шыпырып кетсе толбогон чеңгел же обору ач, тойбогон киши маанисинде. Көр казуу – бирөөгө жамандык кылуу, жамандык издөө. Көр азап — оор азап, кыйын турмуш. Көр азабын көрүптүр, Жети жыл анда жүрүптүр («Манас»). Көрбөгөнү көр болуу — кыйынчылыкта болуу, азап-тозокко дуушар болуу. Көрбөгөнүм көр болду, Кирбегеним жер болду («Эр Табылды»). Көр оозунда — өлүм алдында. Көр байге — кадырлуу адамдар өлгөндө ат чаптырып, ошого берилүүчү байге. Көр жемемайда жемечил, майда жеме. Көр жеме кайнатамдын көрсөтпөгөнү калган жок («Ала-Тоо»). Чыдай албайм сенин көр жемеңе (Байтемиров).
КӨР II сын. Сокур. Боорум үшүп чер болду, Көзүм көрбөс көр болду (Тоголок Молдо).
КӨР III этиш. 1. Көз жүгүртүү, көрүү сезими менен байкоо. Көрбөс төөнү да көрбөйт (макал).
  1. 2.                  Баам кылуу, ушундайча деп эсептөө, сезүү. Жек көрдү. Эп көрдү. Жакшы көрдү. Жаман көрдү. Көп көрдү. Өөн көрдү. Кем көрдү.
  2. 3.                  Дуушар болуу, башынан кечирүү. Азап көрдү. Ыза көрдү. Жабыр көрдү.
  3. 4.                  Жардамчы этиш катарында колдонулат. Айта көр. Тие көрбө. Бере көрбө.

¨ Көрө албоо — ичи тарлык кылуу.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
көр (зат а.)
көр азабы
көр акыл
көр байге
көр болуу
көр жеме
көр-жер
көр кабак
көр казуу
көр кашка
көр оозуна бут салуу
көр оозунан кайтуу
көр оозунда
көр оокат
көр соода
көр турмуш
көр чеңгел
көр-шор
көрбөгөнү көр болуу

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Көрүү органы болгон көз менен көрүүнүн өзүн билдирген көр этиши бир уңгудан келип чыгат. Алардын мааниси айырмалуу болсун үчүн р жана з тыбыштарын алмаштыруу ыкмасы тилде пайдаланылган. Алгач көз деген зат атооч жаралган деп эсептесек, анда з тыбышын р тыбышына алмаштыруу аркылуу көр этиши келип чыккан болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көрбөгөн азабы калбоо, азап-тозокту, далай кордукту, кыйынчылыкты башынан өткөрүү. Серек өмүрүн асырайм менен улам бир чоочун айылды маанектеп жүрүп, көрбөгөнү көр болду (Осмоналиев). Каныбектин көрбөгөнү көр болуп төшөктө жатат (Жантөшев). В.: Көрбөгөндү көрүү. Хан агамдын куну үчүн, Көрбөгөндү көрсөм бейм («Семетей»). Анысынан да жазгы, күзгү жаанда моминтип темселешип, көрбөгөндү көрүшөт (Эралиев). Жетимчиликтин айынан көрбөгөндү көрдүм, – деп, бала улутунуп койду («Ала-Тоо»). Көрбөгөн күнүн көр кылуу. Ошондой бир жолкуда Эдигейдин көрбөгөн күнүн көр кылды го бу оңбогон Каранар (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көрбөгөн азабы калбоо, азап-тозокту, далай кордукту, кыйынчылыкты башынан өткөрүү. Серек өмүрүн асырайм менен улам бир чоочун айылды маанектеп жүрүп, көрбөгөнү көр болду (Осмоналиев). Каныбектин көрбөгөнү көр болуп төшөктө жатат (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от көр- III
показывать;
көзү жокко көргөзсо да, билбейт погов. слепому, хоть и покажешь, не узнает;
ала келгин өзүмө, көргөзө көргүн көзүмө фольк. принеси мне, покажи глазам моим;
көчүп алып тең жогол, көргөзбөгүн караңды! фольк. откочевавши, немедленно сгинь, не показывай (даже) признака своего.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат 1. Көпчүлүккө көрсөтүлүүчү нерселердин жыйындысы жана аларды коюучу жай, орун. [Купеде] айыл чарба көргөзмөсүнө бараткан эки бала (Байтемиров). Республикалык сүрөт искусствосунун көргөзмөсү ачылды («Советтик Кыргызстан»).
  1. 2.                  Көрсөтмө, колдонмо. Большевик депутаттар лениндик көргөзмөлөрдү колдонушкан («Коммунист»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көпчүлүккө көрсөтүлүүчү ар кандай нерселердин жыйындысы жана аларды коюучу жай, орун. Сүрөт искусствосунун көргөзмөсү. Фото көргөзмө. Алар тамактанган соң айыл чарба көргөзмөсүнө кетишти (Байтемиров). Концерттер, көргөзмөлөр жана башка чаралар уюштурулуп, андан түшкөн каражаттар тынчтык фондусуна берилүүдө («Кыргызстан аялдары»). 2. Жетекчиликке алуу, аткаруу үчүн берилген көрсөтмө, колдонмо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от көр- III
будто видеть, как бы видеть;
мен деле көргөнсүдүм я тоже как будто видел;
мен ошол кишини эми да көргөнсүп турам того человека я и сейчас как будто вижу (пред собой);
ал жөнүндө көзү менен көргөнсүп сүйлөйт он говорит об этом так, будто собственными глазами видел.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: мунуңду койбосоң, менден көргүлүктү көрөсүң если ты этого не прекратишь, то я тебе покажу, где раки зимуют;
мен ага көргүлүктү көрсөтөм я ему покажу, где раки зимуют;
көргүлүктү дал сенин досуң көрсөтүп жатат именно друг твой чинит неприятности.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыйынчылык, кордук, азап. Темир жол жок кезде адамдардын, колу ооруп, таманы жооруп, көргүлүктү көрүшчү (Сасыкбаев). Саал кечиксек, көргүлүктү көрмөк экенбиз (Элебаев). Бул сөзүмө көнбөсөң, көргүлүктү көрөсүң («Семетей»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: көз көргүс
1) то, чего глаз не видит;
көз көргүс жакка учуп кетти он улетел туда, куда взгляд не доходит (далеко);
2) то, на что смотреть страшно, противно;
көз көргүс иш страшное дело.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от көр- III
показывать;
"көрдүрөмүн" деп, алып кетти он унёс чтобы показать;
кылдаткерге көрдүргөн, кызматына миң (н) арды тартуусуна бердирген фольк. (богатырский) меч он показал искусному мастеру, за работу приказал поднести тысячу одногорбых верблюдов.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Майда жеме, жемекөйлүк. Чыдай албайм сенин көр жемеңе (Бейшеналиев). 2. Ыгы жок эле кемирип-кесип, орду жок жемелей берген, өтө майдачыл, жемекор. Көр жеме кайнатам көрсөтпөгөнү калган жок («Ала-Тоо»). Көр жеме киши.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Майда жеме, жемекөйлүк. Чыдай албайм сенин көр жемеңе (Бейшеналиев). 2. Ыгы жок эле кемирип-кесип, ичип-жей берген, орду жок жемелей берген, өтө майдачыл, жемекор. Көр жеме кайнатам көрсөтпөгөнү калган жок («Ала-Тоо»). Көр жеме киши.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрүү сезими менен байкоо, көз жүгүртүү, кароо. Кыз мыкка илинген сүрөттү көрдү (Сыдыкбеков). Такырайган кум баскан жер Бүгүн көрсөң башкача (Бөкөнбаев). Кино көрүүгө коңшулаш экскаваторчу жумушчулар да келишти (Сасыкбаев). || Байкоо, көз салуу, бир нерсенин жөн-жайы, шарты, ал-абалы ж. б. менен тааны шуу, баам кылуу. Барпы Шабыраалыны ээрчитип, тоодогу чөптөрдү көрүп келүүгө барган (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир жайда болуу же бирөөгө кез келүү, учуроо. Эшик-төрүмдү көрүп чык, жарыгым (Сыдыкбеков). Аман болсом көрөрмүн, Өзүмдүн кыпчак калкымды (Үсөнбаев). 3. Дуушар болуу, башынан өткөрүү, жолугуу. Көрбөгөндү көрдү. Үзүрүн көрдү. Кыйынчылыкты көп көрдүк. Азап көрдүк. || Бир нерсенин таасиринде болуу, таасирленүү, алуу. Тарбия көрдү. Таалим көрдү. Ата көргөн бала. 4. Бир нерсенин сапатына, белгисине ж. б. байкоо кылуу, баамдоо, сезүү. Даамын көр. Тузун көр. Жытын көр. 5. Эсептөө, ушундай деп сезүү, эсеп кылуу. Жакшы көр. Жаман көр. Эп көр. Өөн көр. Жек көр. Ыйык көр. 6. Кимдир бирөөнү, бир нерсени себепкер деп саноо, бир нерсенин болуу, келип чыгуу себебин ошого байланыштуу деп кароо. Башын жуубай, биттен көрөт (макал). Бирөөдөн көрө турган иш эмес. Менден көрбөгүлө. 7. Жаза, чара колдонуу, жазалоо. Чара көр. Жаза көр. 8. Камылга, даярдык ж. б. аракеттерин жүргүзүү, ишке ашыруу. Конок камын көр. Ишке даярдык көр. Кышка камылга көр. 9. Жетүү, колуна тийүү, ээ болуу. Жылуу тамак, бүтүн көйнөк көрбөгөн (Токомбаев). Жайкысын кашык сүт көрүп, Жетпедиң эчки, саанга («Жазгыч акындар»). Бала көрөмбү деген үмүт пайда болду («Ала-Тоо»). 10. Бирөөнүн аракетин, дымагын, ишин ж. б. кем баалоо, арзырлык эмес деп басынтуу же кекетүү маанисинде айтылат. Мунун кыйынын көр! Баса албай жүрүп тоого чыгат элем дегенин көр! 11. Чакчыл формадагы негизги этиш менен бирге айтылып, өтүнүү, сурануу, тилек кылуу же бирөөгө буюруу, сунуш кылуу ж. б. маанини билдирет. Келе көр. Алып бере көр. Тие көрбө. Таштап кете көрбө. Айтып көр. Көтөрүп көр. Байкап көр.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. красота, изящество;
эриндери, кичинекей оозуна жарашып, сулуунун көркүнө көрк кошкондой болуп турат губы её соответствовали маленькому ротику и как бы прибавляли прелести красоте красавицы;
эненин көркү балада красота матери в детях;
эбин таап кармаса, үйдүн көркү катында фольк. красота дома в жене, если она умело его ведёт;
бак-дарак көркү гүлүндө фольк. красота деревьев в их цветах;
көркүнө чык- украситься; благоустроиться;
көркүнө чыгар- или көркүнө келтир-благоустроить;
кыштагыбызды көркүнө чыгарабыз благоустроим свой кишлак;
көркүнө келтирил- быть благоустраиваемым; благоустраиваться;
кыштактар көркүнө келтирилүүдө кишлаки благоустраиваются;
шаарлардын көркүнө келтирилиши благоустройство (украшение) городов;
2. внешний вид, облик;
көркүн көргөн душманы барар эмес жакындап фольк. враг, который видел его облик, не мог (боялся) подойти (к нему).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнүн же бир нерсенин жакшынакай, кооз көрүнүшү; сымбат, көркөмдүк, сулуулук. Кыздын жакшынакай көркүнө кайра-кайра карагым келди («Ала-Тоо»). Көркүнө чыга жайнаган, Жылжып аккан суусу бар (Казыбек). Арыктын боюндагы чоң мектепке шактын көркү көрк кошконсуйт. Жайылтып малын айдаса, Элдин көркү жеринде (Жантөшев). Дарактын көркү гүл менен, Мөмөнүн көркү бүр менен (Үсөнбаев). 2. Бирөөнүн же бир нерсенин сырткы көрүнүшү, кебете-кешпири, түрү. Көркүнө душман даай алгыдай эмес. Көркүн адам карагыдай эмес.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. могила;
2. этн. скачки во время погребения;
ойроттун баарын чакырып, озгон күлүк кыйласын көрканага чаптырып фольк. созвал он (Бокмурун) всех ойратов, много скакунов пустив на погребальные скачки.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрдү ачып жегич жырткыч (көбүнчө карышкыр). 2. өт. Элге ырайымы жок эзүүчү, зулум, эл жегич. Кедейлердин акысын Көркоо байлар жеп койчу (Токтогул). Жүзбай пейли бузук, көзү заар, көркоо адам болчу (Каралаев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
көркөм
көркөм адабият
көркөм адабияттын ти ли (лингв.)
көркөм гимнастика
көркөм идея (ад.)
көркөм искусство (иск.)
көркөм искусство дүй нөсү (иск.)
көркөм искусство или ми (иск.)
көркөм искусство син тези (иск.)
көркөм искусство таа нуу (иск.)
көркөм искусство тары хы (иск.)
көркөм кездемелер
(иск.)
көркөм конфликт (ад.)
көркөм котормо (ад.)
көркөм лактар (иск.)
көркөм метод
көркөм мурас (иск.)
көркөм образ
көркөм окуу
көркөм өндүрүш (иск.)
көркөм өнөр жай
көркөм сөз (ад.)
көркөм стиль (ад.)
көркөм сүрөт искусст восу (иск.)
көркөм текст (ад.)
көркөм фильм
көркөм форма (ад.)
көркөм чыгарма
көркөм чыгарманын ко тормосу (ад.)
көркөм чыгарманын маз муну (ад.)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кооз көрүнүш, көрктүүлүк, сымбаттуулук. Мекеним – көркөм Кавказ, толгон жемиш (Маликов). Укмуштуу көркөм жерибиз (Бөкөнбаев). Керилген мурут, ак жуумал, Келбети көркөм эр экен (Бөкөнбаев). 2. Адабият, искусство жагына, ошол тармактагы чыгармачылыкка байланышкан. Көркөм адабият. Көркөм фильм. Көркөм образ. Көркөм чыгарма. 3. Искусство тармагындагы ишке байланыштуу болгон. Театрдын көркөм жетекчиси. 4. Искусствонун элементтеринен турган. Көркөм гимнастика.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
көркөмдө этишинин туюк мамилеси. Айыл сайын мектептер, Көркөмдөлүп салынган (Осмонкул). Чай ичер көркөмдөлгөн ак пияла, Шыңгырап, досуңдан сен сыр сураба (Шимеев). Гүлдөйт дагы колхоз айлым, Көркөмдөлүп жаркырайт (Нуркамал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көркөм көрүнүштө болгондук, кооздук, сулуулук. Көлдүн айланасына өскөн камыш, балгын, жекендер көлдүн көркөмдүгүн арттырат (Жантөшев). Көз тайгылткан көркөмдүктүн бардыгы, Бүтүп жатат биздин элдин колунан (Шамшиев). 2. Эстетикалык таасир берүүгө жөндөмдүүлүк, чебердик. Искусство чыгармаларынын көркөмдүк сапаты. Элдик чыгармаларды көркөмдүк менен аткаруу. Сайра классикалык опералардан татаал партияларды жогорку көркөмдүктө ырдаганына искусство чеберлери жогору баа берген («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коомдук аң-сезим формаларынын бир түрү. Курчап турган чындыктын көркөм чагылдырылышы көз менен көргөн образдарда (көркөм сүрөт өнөрү), үн коштоосунда (музыка), сөздө (көркөм адабият) көркөм өнөрдүн кээ бир түрлөрүнүн синтези менен (театр, кино) ишке ашат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир бүтүн көркөм чыгарманын (театр оюну) же салыштырмалуу өз алдынча турган чыгармалар ансамблинин алкагындагы көркөм өнөрдүн ар кыл түрлөрүнүн өз ара байланышы, органикалык биримдиги. Чыныгы көркөм өнөр синтези ар кыл өнөрлөрдүн элементтерин, анын стилисттик биримдигин да түзүүчү идеялык маанисинин жалпылыгы менен гармониялуу айкалышында жетишилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көркөм өнөрдүн пайда болуш мезгилинен биздин күндөргө чейинки өнүгүү процессин таанып-билүү илиминин бир бөлүмү. Көркөм өнөр тарыхын изилдөө деги эле көркөм өнөр өнүгүүсүнүн айрым мезгилдерин (кайра жаралуу доорунун көркөм өнөрлөр тарыхы), түрлөрдү (бедизчилик, живопись тарыхтары), жанрларды (пейзаж, портрет тарыхтары) баяндап көрсөтөт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС». Бир катар социалдык-тарыхый өзгөчөлүктөргө, мусулман динин реалдуу дүйнөнү анын ичинде адамды сүрөткө тартууга жол бербегендигине байланыштуу кыргыз элинин арсеналында узак убакыт бою көркөм сүрөт өнөрү ар тараптуу өнүгө албаган. Бирок, «Манас» эпосу кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз карашын, тарыхын, маданиятын чагылдыруу менен сүрөт өнөрүнүн да болгондугу тууралуу маалыматты да сактап калган. Революцияга чейин жазылып алынган «Семетей» эпосунда күмбөздүн интерьерлеринде сүрөттөр болгондугун, андагы тематикалык сүрөттөрдө борбордук фигура катары Манас өзүнүн колдоочу жаныбарлары — жолборс, арстан, кабылан, бүркүттөрдүн курчоосунда курал-жарактары менен согушка даяр, үртүк жабылган атты минип турганы, ошондой эле анын кырк чоросунун душмандар менен согушуп жаткан учуру тартылганы сүрөттөлөт. Ошол эле сүрөттө элдин турмушунан алынган турмуш-тиричиликтик көрүнүштөр дагы бар экендиги кеңири баяндалат.
Манас таануучу С. Мусаев туура белгилегендей «Манас» эпосу искусствонун ар кайсы түрлөрүнүн элементтерин камтыйт. Каармандарды сүрөттөө адатта оозеки түрүндө болгондугуна карабастан, алардын сырткы турпаты, кийимдери жана башкалар өтө элестүү баяндалат. Эпосто кыргыз элинин жасалма-колдонмо өнөрү жөнүндө өтө кеңири маалымат берилген. Жомоктук образдарга эң алгач кайрылуу Орус география коомунун экспедициясы менен бирге келип, Кыргызстанда иштеп кеткен Б. Смирновдун чыгармачылыгы менен байланыштуу. 1903-ж. Кенже-Кара ырчынын айтуусунда эпостон үзүндүнү фонографка жазып алуу менен Семетей менен Айчүрөктүн Кытай жолундагы жолугушуусун иллюстрациялаган. Ошол учурда Б. Смирнов тарткан Кенже-Кара ырчынын портрети манасчылардын портреттик галереясынын эң алгачкысы. 1939-ж. кыргыздын туңгуч операсы «Айчүрөккө» сүрөтчү Я. Штоффер улуттук өзгөчөлүктү жана эпосту терең үйрөнүүнүн негизинде костюмдардын жана жасалгалардын эскиздерин иштеген. 1930-ж. О. Мануйлова кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн алтын фондусуна кирген «Манасчы Тоголок Молдо» скульптуралык бюстун жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында сүрөтчүлөр жомоктук темаларга жана образдарга кайрылышкан. 1942-ж. И. Безинович «20-кылымдын Гомери» аттуу С. Каралаевдин портретин тарткан. Бул жылдары эпостун биринчи «Чоң казат» деген томун сүрөтчүлөр И. Костылев жана С. Петровдор көркөм жасалгалашкан. 1943жылдан О. Мануйлова эпоско такай кайрылып, гипстен жана металлдан жасалган тоголок барельефтердин «Иллюстрациялар» сериясын түзгөн: «Манас ажыдаарды багындырууда» (1943), «Бала Манас салбырында» (1944), «Сыргак Алмамбет менен жана ажыдаарлар» (1944), «Сыргак менен Чынкожо» (1952), «Ажыдаарлар» (1957), «Ажыдаарды багындырып жаткан бала Манас» (1969) жана башкалар Ал 1945-ж. «Манас» операсынын сахна жасалгасына «Атчан чоролор» деген топторду иштеп чыккан. 1964-ж. «Манас жана манасчылар» темасын улантуу менен О. Мануйлова Ю. Карих менен бирдикте демократ-акын жана манасчы Т. Молдонун Фрунзе шаарындагы эстелигин жараткан.
1946-ж. Я. Штоффер «Манас» операсынын монументтик-жалпыланган жасалгасын түзгөн. Эпостун экинчи томунун даярдалышына байланыштуу Кыргызстанга көрүнүктүү советтик графикачы В. Фаворский келген. Анын эпос боюнча болуп өткөн конференцияда (1946-ж. 28-август) чыгып сүйлөгөн сөзү кийинки муундагы сүрөтчүлөргө эпосту иллюстрациялоонун принциптерин түшүнүүдө теориялык негиз болуп калды. 1946—47-ж. «Чүкө ойноп жаткан Бакай, Кошой жана Бокмурун», «Ажыдаарга каардуу бараткан Манас» жана башкалар станоктук гравюраларынын серияларына карата эскиздери В. Фаворскийдин стилизациядан качып, эпосту иллюстрациялоодогу сүрөттүн туура чечилишин тапкан. Сүрөтчү А. Михалёв эки түстөгү «Манас. Чоң казат» деген литографиянын циклын жараткан, ал кыргыз элинин өткөндөгү тарыхына, маданиятына кызыккандыкты көрсөткөн. Ал 1979-ж. смалта живопись техникасында иштелген «Каныкей» монументтик ишин жасаган. Скульптор А. Мануйлов архитектор А. Альбанский менен бирдикте Сокулук айылында тургузулган Советтер Союзунун Баатыры Д. Шопоковдун эстелигинин (1947, сакталган эмес) супасына «Манас» эпосунун темасындагы барельефти орноткон, анда ар кайсы муундардагы баатырларды жакындаткан улуттук белгилер баса көрсөтүлгөн. Советтик көрүнүктүү живописчи С. А. Чуйков 1950-ж. «Манас салбырында» полотносун жараткан. Живописте манасчылардын образдары дажаралган: «Манасчы» (Ф. Стукошин, 1949), «Акындар» картинасы (1956—57, Г. Айтиев, Ж. Кожахметов). Эпостун 1958—59-ж-дагы басылышы Е. Соколов, А. Шубин, В. Рогачёв тарабынан классикалык манерада иллюстрацияланган. 60-жылдардын орто ченинен тартып баатырдык каармандардын жана манасчылардын образдарына көптөгөн сүрөтчүлөр кайрылышкан. Т. Садыков өзүнүн «Саякбай Карала уулу» аттуу скульптурасында (1965) эргүү учурундагы ойчул — аткаруучуну көрсөтүү милдетин койгон. А. Михалёв «Манасчы» деген карандаш портретинде (1967) айтуучунун көркөм бүтүн образын түзгөн. «Баатырлар жана айымдар» китебиндеги (1968, сүрөтчүсү Б. Жумабаев) Саякбай Карала уулунун портрети, С. Чокморовдун «Саякбай Карала уулу» живопистик портрети (1971), Г. Айтиев иштеген манасчынын скульптуралык портрети (1975) жана башкалар манасчылар сүрөттөгөн баатырлардын сүрөттөлүшүнө шайкеш келген эпикалык кенендикте чагылдырылышы менен өзгөчөлөнөт. Театр сүрөтчүсү А. Арефьев эпостун мотивинде ишке ашырган: «Айчүрөк» (1959), «Манас» (1969) операларын көркөм жасалгалаган.

Көркөм сүрөт өнөрү жана «Манас» макаласына. 1) А. Н. Михалев, Бакай, линогравюра; 2) Т. Герцен, «Манас», гравюра; 3) Т. Курманов, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 4) О. М. Мануйлова, «Ажыдаарды багындырып жаткан Манас», медаль; 5) В. Соловьев, «Манас» эпосу, медаль; 6) Б. Жумабаев, «Сыйлоо», гравюра; 7) Л. А. Ильина, «Сейтек», жыгач гравюра; 8) В. Г. Рогачев, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 9) Г. Петров, «Манас» эпосу китебине иллюстрация</b>.
Көркөм сүрөт өнөрү жана «Манас» макаласына. 1) А. Н. Михалев, Бакай, линогравюра; 2) Т. Герцен, «Манас», гравюра; 3) Т. Курманов, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 4) О. М. Мануйлова, «Ажыдаарды багындырып жаткан Манас», медаль; 5) В. Соловьев, «Манас» эпосу, медаль; 6) Б. Жумабаев, «Сыйлоо», гравюра; 7) Л. А. Ильина, «Сейтек», жыгач гравюра; 8) В. Г. Рогачев, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 9) Г. Петров, «Манас» эпосу китебине иллюстрация.
С. Чокморов. С. Каралаев</b>
С. Чокморов. С. Каралаев
Скульптор В. Димов шамоттон «Манасчы» (1975), «Обон» (1982) композицияларын жараткан. Ушул эле техникада С. Бакашев «Айтуучу» скульптурасын түзгөн. Салттуу турмуш-тиричиликтик сюжеттерден ийчи Д. Жолчуевдин интерпретациясындагы образдар жаралган: «Эпос айтуучу» (1978) жана башкалар. Акыркы он жылда активдүү өнүгө баштаган кыргыз медаль жасоо өнөрүндө эпостук темада бир топ чыгармалар пайда болгон:
В. Копотев «Чоро — Манастын жоокери» (1972) жана башкалар А. Соловьев — «Кыргыз эпосу — «Манас»» медалдар сериясы (1973), А. Тыналиев — «Саякбай Каралаев — 20-кылымдын Гомери» (1980) жана башкалар.
Плакат тармагында Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектаклине (1981) У. Омуровдун тарткан плакаты чыгармачылык фантазиясынын, образдык ойдун айкындыгы менен өзгөчөлөнөт. С. Орозбак уулунун, С. Карала уулунун портреттери «СССР элдеринин эпостору» сериясынан жарык көргөн «Манастын» 1-томунун жасалгасы катары сүрөтчү Л. Эрман тарабынан (1984) аткарылган. Эпикалык образдар чагылдырылган монументтик чыгармалар: «Манас» архитектуралык-скульптуралык ансамбли, Бишкек шаары: сүрөтчүлөр С. Бакашев, 3. Хабибулин, А. Воронин, А. Каменскийлер иштеген Кыргыз академиялык драма театрынын имаратынын дубалындагы рельефтер. «Манас» эпосунун иконографиясында Т. Т. Герцендин кошкон салымы орчундуу. Эпостун С. Карала уулунун варианты боюнча сүрөтчү Т. Курмановдун түсүнүн экспрессиясы жана композициясынын динамикасы менен өзгөчөлөнгөн иллюстрациялары сүрөтчүлөрдүн эпос темасына тынымсыз кайрылып жаткандыгынын күбөсү.
А. П. Ярков
А. Асанов. Алмамбет. Манас. Бакай.
А. Асанов. Алмамбет. Манас. Бакай.

Киргизско-русский словарь Юдахина
украшать себя, украшаться;
талга кезек келгенде көрктөнүп бүчүр бүр байлайт стих. когда подходит очередь тальнику, он, украшаясь, покрывается почками, листочками;
үйлөрү көркөм болуп, кыштагыңар көрктөнө түшө турган экен дома (в вашем кишлаке) станут красивыми, и кишлак ваш благоустроится.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Сулуу, кооз, көркөмдүү, жарашыктуу, келишимдүү. Көрктүү болсун баары деп, Күмүштөн жабдык салынган («Курманбек»). Көпкө жаккан көрктүүдөн, Көк сүлөөсүн бөрктүүдөн, Көрүп куда болоюн («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРМӨЖАЙЛАР МЕНЕН ОЮН-ШООК ИШЧАРАЛАРЫНА САЛЫК САЛУУ – КРдеги жергиликтүү салыктардын бири; бийликтин жергиликтүү өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген ченемде болот. Көрмөжайы бар, ачык аянттарда менен стадиондордо, спорт сарайларында оюн-зоок ишчараларын өткөргөн, жана да андан видеокөрсөтүү жүрүзгөн юридикалык жана жеке жактар салык төлөөчү болуп саналат.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: көрмөксөн болуу — көрүп турса да көрбөгөн сыяктуу болуу, көрбөй калымыш болуу, байкамаксан болуу. [Керимбай] аларды көрмөксөн болуп жер карап өттү (Каимов). Билмексен, көрмөксөн болуп, иштеген ишин уланта берет (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өтө кыйналуу, азап чегүү, кыйынчылык башка түшүү. Моминтип, менчилеп, көр оозуна бут салганда баркын билип, кайсалайсың, каранасың (Осмоналиев). В.: Көр оозуна бут малуу. Качып кетер Көйгап жок, көр оозуна бут малдым (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өлө турган абалга келип, кайра оңолуу, баш көтөрүү, өлбөй аман калуу. Апасы катуу ооруп, көр оозунан кайтты («Кыргызстан аялдары»). Селки болуп селкилдеп жүрөм деген жаным көр оозунан кайттым (Абдукаимов). В.: Көр оозунан кайта келүү. Каныбек көр оозунан кайта келгени эсиңдеби, кубатым (Жантөшев). Көр оозунан кайра кайтуу. Ал көр оозунан кайра кайтты («Ала-Тоо»). Көр оозунан кайра тартуу. Үч ай ооруп, көр оозунан араң дегенде кайра тарттым («Ала-Тоо»). Көр оозунан кайтып келүү. Көр оозунан кайтып келдим, бир ажалдан башканы көрдүм («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көрө I
ир.
то же, что кумган;
мойнуңуздун жоону чай кайнаткан көрөдөй стих. толщина вашей шеи подобна кумгану.
көрө II
деепричастие от көр- III
по сравнению; вместо того, чтобы;
андан көрө мектепке бар вместо этого ты (лучше) в школу иди;
жоктон көрө жогору (это) лучше, чем ничего;
барып алып бу көрө, Жакыпка кабар берейин фольк. чем так, лучше я отправлюсь и дам весть Джакыпу;
өлгөнүм жакшы бул көрө, өз олжомдон кем калсам фольк. лучше мне умереть, чем остаться без добычи (т.е. быть обделённым).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ичи тарлык кылуу, ичи күйүү, ыраа көрбөө. Көрө албайсың жардынын, Жакшы ат таап мингенин (Токтогул). Пейли жаман тууганың, Беш кой күтсөң көрө албайт (Осмонкул). Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт (макал).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
Адатта Амир Темир көрөгөн деген Темирландын бир атында кездешкен бул сөз биз ойлогондой «көрөгөч» деген маанини билдирбейт. Түрктөшүп кеткен монголдордун барлас уруусунан чыккан Амир Темирдин элинин тилинде күйөө бала «гурган» деп аталат жана кыргыз тилинде жогоркудай болуп өзгөргөн. Ал эми амир деген титул арап тилинен кирип, «бек» дегенди билдирет. Салт боюнча, Чыӊгыз хандын тукумдары гана такка отура алгандыктан, Амир Темир аларга күйөө бала болуп, иш жүзүндө бийликти өзү кармаган жана өзүн «амир Темир гурган» деп атаган. Согушта жарадар болуп, аксап калгандыктан, түрктөр аны Аксак Темир, перс тилдүүлөр Темирлан (ленг «аксак») деп аташкан. Европалыктар Тамерлан дешет.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Көзү курч, көрөнөөк. Көрөгөч менен жер тыңшар, Жел жетпес менен үч Маамыт Жибек торду алды эле («Эр Төштүк»).
2. өт. Кыраакы, көсөм, билгич. Алп мүчөлүү кең далы, Иш кыйшыгын көрөгөч Балбаныма кубанам (Осмонкул). Айланасында болуп жаткандарды жакшы байкаган, анын кыраакы,, көрөгөч киши экендиги көрүнөт («САЖИ»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрөнөөк, көзү курч. Көрөгөчү Мамыты, Төгөрөктүн төрт бурчун, Бекем тиктеп калды эми («Эр Төштүк»). 2. өт. Аркы-беркини мыкты баамдагыч, кыраакы, билгич, көсөм. Уулум көрөгөч, кыраакы, чукулунан сөз тапкан, акылдуу болду.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Көзү курчтук, көрөөнөктүк. Сен мага караганда жаштык, көрөгөчтүк кылдың.
2. өт. Кыраакылык, алдын ала билгичтик, сезгичтик. Лениндин көрөгөчтүк менен айткан ойлору, биринин артынан бири турмушка ашты («Кыргызстан пионери»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көзү курчтук, көрөнөөктүк. Сен мага караганда көрөгөчтүк кылдың. 2. Кыраакылык, алдын ала биле коймойу бар, сезгичтик. Чоң атамдын көрөгөчтүк менен айткан ойлорун биринин артынан бирин башыман өткөрдүм («Кыргызстан маданияты»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыгыш жөндөмөдөгү сөздөн кийин айтылып, «буга караганда», «буга салыштырганда» деген маанини билдирет. Шамдан көрө терезеден түшкөн айдын шооласы жарыкты алда канча көп бергидей («Чалкан»). Андан көрө Каныбектин өмүрүн тиле (Жантөшев). Бизден көрө сен көптү көргөн, көптү билген адамсың («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жек көрөт, жаман көрөт, көргүсү келбейт, жакшылык кылайын деген ниети жок. Орозкул болсо, бизди көрөйүн деген көзү жок (Айтматов). Барган сайын кыжыры кайнап туттугуп, экөөбүздү тең, өзгөчө Ажике жеңемди көрөйүн деген көзү жок, атамдын (Акматов). Атам экөөбүз токмок жегенден бери буларды көрөйүн деген көзүм жок (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жек көрөт, жаман көрөт, кергүсү келбейт, жакшылык кылайын деген ниети жок. Орозкул болсо, бизди көрөйүн деген көзү жок (Айтматов). Барган сайын кыжыры кайнап туттугуп, экөөбуздү тең, өзгөчө Ажике жеңемди көрөйүн деген көзү жок, атамдын (Акматов). Ошентип бизди көрөйүн деген көздөрү жок (Айтматов). Мурда эле бизден жатыркап жүрүштү эле, эми көрөйүн деген көздөрү жок (Айтматов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: бул көрөкчө или мындан көрөкчө (при выражении недовольства) лучше, если бы; если так, то лучше бы;
бул көрөкчө келбей эле койсомчу в таком случае мне уж лучше было и не приходить;
андан көрөкчө мага бир жакшы ат бергиле вместо этого вы лучше дайте мне хорошую лошадь;
Коконго бүлүк салбагын, а көрөкчө, кулунум, тогуздап күлүк камдагын стих. ты Коканду разгрома не учиняй, лучше, мой жеребёнок (см. кулун), приготовь девятку скакунов;
эгин себүүдөн көрөкчө жайдыр-кыштыр тоо таянып, мал багууну артык көрүшкөн сеянию хлебов (киргизы) раньше предпочитали зимой и летом пастьбу скота в горах.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кымыз, бозо. максым сыяктуу тамактардын ачыткысы, аларды ачытуу үчүн калтырылган бөлүгү.
2. өт. Негиз, жук, кудурет. Оокат тиричиликтин көрөңгөсү түгөнүп, барган сайын жакырлана баштадык («САЖИ»). Ары жагында көрөңгөсү жок болгон соң, куру бекер күчөнүп ырдайм дей бергендин пайдасы барбы («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кымыз, бозо, максым сыяктуу суусундук ачыткысы, жаңы куюлганын ачытуу үчүн калтырылган кору. 2. өт. Бир нерсенин негизи, түпкү маңызы, дараматы. Оокат-тиричиликтин көрөңгөсү түгөнүп, барган сайын жакырлана баштадык («Ала-Тоо»). Көрөңгөсү жок байкуштун колунан эмне келмек («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
зоркий, прозорливый;
биздин родинабыздын ыйык чек араларынын көрөөгөч сакчылары зоркие стражи границ нашей родины;
көзү көрөөгөч с острым глазом;
көзү көрөөгөч Мамыттан да көрөөнөк он более зорок, чем Мамыт с острым глазом;
көрөөгөч көзүн сендейдин, көрбөс кылып, оёбуз фольк. острые глаза у таких, как ты (т.е. у тебя), мы вырвем, сделав невидящими.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эң жакшы көргөн, өтө жакын санаган, ардактап сүйгөн, билерман (көбүнчө аялга карата). Касымбектин босогосун аттаган сайын үйүндөгу иреттүүлүк бектин көрөр көз айымы Айымкандын тескегенинен улам экендигине ынанууда (Бейшеналиев). Көрөр көз билерман Баякенин бүтүмүнө Шабдан баатыр эч нааразы боло элек (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эң жакшы көргөн, өтө жакын санаган, ардактап сүйгөн, билерман (көбүнчө аялга карата). Касымбектин босогосун аттаган сайын үйүндөгү иреттүүлүк бектин көрөр көз айымы Айымкандын тескегенинен улам экендигине ынанууда (Бейшеналиев). Көрөр көз билерман Баякенин бүтүмүнө Шабдан баатыр эч нааразы боло элек (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашай турган өмүр, тиричилик. Тайбаскул чунактын дагы көрөр күнү бар экен, ээ...! (Осмоналиев). В.: Көрөр күн, ичер суу. Көрөр күн, ичер суусу бар экен, бечаралар өлдүм-талдым дегенде Караколдун четине жетишти (Ашымбаев). Көрөр күн, ичер суум бар экен, эшикке чыгып кылдырап басып калдым (Жусупов). Көрөйүн деген күн. Менин дагы көрөйүн деген күнүм бар (Осмоналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
величественно-красивый; (о человеке) дородный и статный;
көрөсөн тоо величественная гора;
көк тулпардын үстүндө көрөсөн Бакай олтурат фольк. на сером скакуне сидит дородный Бакай.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. мерлушка, курпейка;
кара көрпө тебетей шапка из чёрной мерлушки;
көрпө карма- отделывать (одежду) мерлушкой, курпейкой;
туяк көрпө- тяньш. мерлушка ягнёнка-недоноска;
2. (точнее төр көрпө или жер көрпө) узенькое одеяло (употребляется как подстилка, когда сидят на полу);
3. южн. то же, что жууркан;
4. молодая люцерна, только что покрывшая землю;
ак көрпө жайыл, аты элге дайын (о женщине) положительная, умная, авторитетная.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Козунун, улактын тармал жүндүү териси. Көрпөдөн ичик кылайын, Көбөсүн макмал кынайын (Токтогул). Атама бир көрпөнү бекер берип.. койсо эмне болот (Жантөшев).
  1. 2.                  Ичке төшөк.
  2. 3.                  диал. Жууркан-төшөк.

¨ Көрпө беде — өсүп жетиле элек жаш беде. Көрпө бедеге ат чалдырып алууга токтоп калдык («САЖИ»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Козунун, улактын тармал жүндүү териси. Кычан көрпө тумагын чекчейтип, жогору байланып алган (Бейшеналиев). Көрпөдөн ичик кылайын, Көбөөсүн макмал кынайын (Токтогул). 2. Алдыга салынуучу ичке төшөк (көбүнчө төр көрпө же жер көрпө болуп айтылат). 3. диал. Жууркан-төшөк. Дарбаза ачылган кезде көрпө-төшөктөрдүн, кийиз-килемдердин жайылуу турганы көрүндү (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Араб тилинде харуф сөзү «козу» деген маани берет (АРС, 274). Кыргыз тилине арабча харуф сөзү кабыл алынганда ал мурдатан бери колдонулуп келе жаткан козу сөзүн сүрүп сала алган эмес. Бирок ал «козунун териси» деген маани туюнтуу үчүн пайдаланылган. Ал эми харуф сөзүнүн көптүк сандагы формасы болгон хирфан сөзү кыргыз тилине күрпөң болуп кабыл алынган. Күрпөң деп «союуга жарап калган козуну» айтат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(о люцерне) только-только начать зеленеть, покрывая землю;
беде көрпөлөнүп, бардыгы жапжаш, бардыгы жашыл люцерна покрывает землю, всё зелено, всё молодо;
жаңыдан көрпөлөнүп келаткан беде люцерна, только-только начавшая покрывать землю.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ээрдин үстүнө салып, басмайыл менен тартылуучу кичине төшөк. Кара булгаары тыштаган анжыян ээрге кара баркыт көрпөчө салынган (Байтемиров). 2. Алдыга салынуучу ичке төшөк. Болот миң башы шайы көрпөчөнүн үстүндө олтурган (Абдукаримов). Аваңа тетиги көрпөчөнү салып кой.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин жөн-жайын, эмне экенин аныктоо же болжол кылуу маанисинде айтылуучу киринди сөз катары колдонулат. Баятан жорткон серүүн жел, көрсө, машина зымырап учкандагы эпкин тура (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Көргөзүү, билгизүү, сездирүү. Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга отуруңуз (Сыдыкбеков). Ишти туура көрсөтүп, Балдарга баш-көз болуңар (Жантөшев). [Жалпетеков] шоферге контораны көрсөттү (Убукеев).
¨ Кыр көрсөтүү — чоңсунуу, көтөрүлө сүйлөө, сес кылуу. Сес көрсөтүү — сесин алуу, коркутуу. Кычан колун серпип сес көрсөттү (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от көр- III
1. показывать, указывать;
жол көрсөт-
1) указать дорогу;
2) перен. направить, указать путь;
кандидат көрсөт- выдвинуть, наметить кандидата (букв. показать кандидата);
2. проявлять что-л. в отношении кого-чего-л.;
жардам көрсөт- оказать помощь;
каршылык көрсөт- оказать сопротивление;
баатырдык көрсөт- проявлять храбрость;
запкы көрсөт- или зобун көрсөт- третировать, унижать, притеснять;
күн көрсөт- только в отриц. обороте: байлар кедейлерге күн көрсөтпөйт богачи делают жизнь бедняков невыносимой;
ал мага күн көрсөтө турган түрү жок не похоже, чтобы он дал мне возможность спокойно жить.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрө тургандай кылуу, көргөзүү. Талгат мага ушул альбомду көрсөттү. Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга отуруңуз (Сыдыкбеков). 2. Баамдатуу, бир нерсенин жөнүн, эмне экенин байкатып, билдирип туруу. Бул жаш жигиттин ким менен байланышып жүргөнүн өзүнүн көз карашы эле көрсөтүп турбайбы («Ала-Тоо»). Эртең эмне иш башталып кетерин бүгүнкү чатактын өзү эле көрсөттү («Чалкан»). 3. Бир нерсени эл, көпчүлүк көргүдөй, билгидей, карап тургудай кылып аткаруу, коюу. Окуучулар кыяк тартып тамаша көрсөтүштү (Убукеев). 4. Бир нерсеге дуушар кылуу, жеткирүү. Көйнөгү жок кедейге, Көрсөтөсүң жабырды (Токтогул). Жакындарын кейитет, Түйшүктү катуу көрсөтөт (Барпы). 5. Колдонуу, бир нерсени сездирүү, билдирүү. Кан төгүлгөн майданда, Көрсөттүң эрдик күчүңдү (Барпы). 6. Сунуш кылуу. Кызым, сени бригадирдикке көрсөтүштү («Кыргызстан аялдары»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
показатель, указатель;
жакшы көрсөткүчтөр хорошие показатели;
жүн кыркып алууда жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатышат они достигают хороших показателей в настриге шерсти;
салат көрсөткүчтөрү качественные показатели;
даража көрсөткүч мат. показатель степени.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир нерсенин жыйынтыгын, өнүгүш деңгээлин ж. б. жактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү далил, маалымат. Анын бригадасынын көрсөткүчтөрү эң мыкты («Коммунист»). Биз ишибиздин темпин мындан ары да күчөтүп, тапшырмаларды жогору көрсөткүчтөр менен аяктоого күрөшөбүз («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин аткарылыш жыйынтыгын, болгонун, өнүгүш деңгээлин ж. б. жактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү далил, маалымат, жалпыланган жыйынтык. Бул чарба мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен чарбалардын катарында бара жатат. Биздин аймак өткөн жылды жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. наглядный; показательный;
көрсөтмө куралдар наглядные пособия;
көрсөтмө сот показательный суд;
2. офиц. указание;
көрсөтмө боюнча по указанию;
көрсөтмөлөр бер- дать указания;
кеңештер жана көрсөтмөлөр советы и указания;
3. уст. то же, что көрсөткүч;
эмгек өндүрүшүнүн көрсөтмөлөрү показатели производительности труда;
сапат көрсөтмөлөрү качественные показатели.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТМӨ – жарандык жана кылмыш-жаза иштерин туура чечүүдө мааниси бар жагдайларды аныктоо үчүн колдонулуучу далилдердин бир түрү. Сурак мезгилинде адам билдирген иш жүзүндөгү маалыматтар. Мыйзам айыпталуучудан жана башка адамдардан күч колдонуу, коркутуу, кыйноо жолу менен К. алууга тыюу салат. К. берүүгө мажбурлоо (уруп-согуу же коркутуп-үркүтүү) кылмыш болуп эсептелет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аткарууга тийиш болгон кандайдыр бир тапшырманын, иштин аткарылыш тартиби, багыты көрсөтүлгөн жол-жобо. Ал колхоздун бүт активин чогултуп алып көрсөтмө берди (Каимов). Курултайдын чечимдеринде улут саясатынын маселелери боюнча туура көрсөтмөлөр берилген. 2. сүйл. Көргөзмө. Көрсөтмөгө барууга, Даярданып калыптыр (Үсөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮГӨ МАЖБУРЛОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган сот акыйкаттуулугуна каршы жасалган кылмыш. Алдынала тергөө жана алгачкы текшерүү жүргүзүүчү кызмат адамдары тарабынан шек саналган адамдарды, айыпталуучуну, күбөнү көрсөтмө берүүгө мажбурлоо же эксперттерди коркутуп-үркүтүү ж. б. мыйзамсыз аракеттер аркылуу корутунду чыгарууга мажбурлоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д, от көрсөт-
1. показ, показывание, указывание; указание; выдвижение;
жол көрсөтүү прям. , перен. указание пути;
үлгү көрсөтүү показание примера, образца (для подражания);
партиянын көрсөтүүсүн орундатуу выполнение указаний партии;
кандидаттарды көрсөтүү выдвижение кандидатов;
2. юр. показание;
күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү показания свидетелей.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТҮҮЧҮНҮН АКЦИЯСЫ – көрсөтүүчүсү алардын толук ээси болуп саналган акциялар. Мындай акциялар боюнча укук кыюу аны иш жүзүндө башкага берүү менен ишке ашырылат. К. а. ал толук өлчөмдө төлөнгөн шарттарда гана чыгарылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТҮҮЧҮНҮН КАГАЗЫ – аны көрсөткөн жакка мыйзамдуу жол ача турган баалуу кагаздын бир түрү. К. к-н көрсөткөн баардык жак ал боюнча укуктуу ээси болуп саналат, тактап айтканда, карызкор жак карызды талап кылууга укугу бар. Эгер карызкор жак укугу жок жактын талабын атайылап же өзү калпыстык кетирүүдөн улам аткарбаса, ал мындай кагаз көрсөткөн баардык эле жактын талабын аткарууга милдеткер эмес.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨРУУЛУ СУЛТАН — Жакынкы Чыгыш, Орто Азия элдерине жана казактарга кеңири тараган баатырдык эпос «Көруулунун» башкы каарманы. Эпосту батыш (азербайжан, армян, грузин, ажар, кумук жана башка элдердеги) жана чыгыш (түркмөн, өзбек, казак жана башкалар элдердеги) деген топко бөлүп карашат. Бул эпостун башкы каарманы К. С. — түркмөндөрдүн текейомут уруусунун башчысы жана ырчы-акын. Батыш топтогу элдердин эпосунда атасын сокур кылган душманына каршы күрөшкөн баатыр. Атасы сокур болгондуктан Көруулу делет да Ченлибел, Шамлыбел аттуу ажайып жерди жердейт. Ал эми чыгыш топко кирген элдерде көрдүн (мүрзөнүн) ичинде төрөлгөндүктөн Көруулу аталып калат жана Чамбул, Чабули мастанды мекендейт. «Манас» эпосунда К. С. эпизоддук кейипкер катары айтылат да Букардан Таласка келтакан Семетей Бакайга жолуккандагы эпизоддо Бакай Чамбыл-Белдеги К. С-дын элин алты жолу чаап алып, Көрпаянды тартып алганын айтат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 227).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Темир усталардын териден жасалган от үйлөткүч шайманы. Актан эки колу менен алмак-салмак күшүлдөтүп көрүк басууда (Бейшеналиев). Көрүк үйлөгөн таш көмүрдүн көгүш жалыны ого бетер алоолонот (Абдукаримов).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз көр+ук деген бөлүктөрдөн турат. Анын көр уңгусу байыркы түркчө үр «үйлө» этишинин өр вариантынын алдына к тыбышы кошулган түрү дешке болот. Ага этиштен зат атооч жасоочу к мүчөсү жалганып, көрүк «үйлөөчү» сөзү жасалган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
красивый, изящный; художественный;
көрүктүүнү көрүп алганча, сүйгөнүңдү сурап ал погов. чем брать красивую (просто) с погляда (прельстившись только внешностью), лучше выпроси любимую;
көрүктүү адабият уст. художественная литература.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от көр- III
1. быть усматриваемым, усматриваться;
2. (о мерах, подготовке) быть принимаемым, предпринимаемым, приниматься, предприниматься;
тиешелүү чаралар көрүлдү соответствующие меры приняты.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. красота;
жер жүзүнө жеткирбейт Керме-Тоонун көрүмү стих. с красотой Керме-Тоо ничто на земле сравниться не может;
2. перен. то, что надлежит испытать, пережить; судьба;
алда салса башына, адамга түрдүү көрүм бар фольк. если аллах судил, то у человека (в жизни) бывают разные переживания (и хорошие, и плохие).

Киргизско-русский словарь Юдахина
угощение или подарки, приносимые теми, кто приходит посмотреть новорождённого (ср. жентек) или прибывшую в аул жениха невесту;
кемпир баланын бетин жоолук менен далдалай калып: "көрүмдүгүн бергиле! старуха, закрыв платком лицо ребёнка (говорит): "давайте көрүмдүк".

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от көр- III
виднеться, стать видимым; казаться; показаться;
тоо көрүнүп турат видны горы;
алдымда тоо көрүнүп калды предо мной предстали горы;
бирөөнүн катыны бирөөгө кыз көрүнөт погов. чужая жена девицей кажется; в чужую жену бог ложку мёду добавил;
ар кимдики өзүнө ай көрүнөт көзүнө погов. каждому своё луной кажется; каждому своё не мыто, да бело;
эмине көрүнбөй кеттиң? что это ты не показываешься? что это тебя давно не видно?
жакшы көрүн- понравиться;
жаман көрүн- не понравиться;
көрүнгөн каждый встречный;
көрүнгөндүн колунда у разных случайных людей; то у одного, то у другого;
он сегиз жашына чейин көрүнгөндүн колунда малай болуп келди до восемнадцати лет он был батраком у разных лиц;
көзүнө көрүнөйүн! я ему покажу! я вот его!;
кара башына көрүнсүн пусть ему самому придётся; пусть в ответе будет он сам; пусть грех будет на его душе;
калп айтышса, кара баштарына көрүнсүн если они соврали, то пусть с них спросится.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. көр ІІІ этишинин өздүк мамилеси. 2. Бир нерсенин жөнүн, болгон-болбогонун, себебин ж. б. чамалап, болжоп, жакындатып айтууда колдонулат. Зарылдын катары кемпирге жайлуу болуп кетти көрүнөт (Сыдыкбеков). Биригип кеткен көрүнөт, Элиңдин жаш-карысы (Жантөшев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРҮНБӨГӨН АКТИВДЕР – накталай таризге ээ эмес, көзгө көрүнбөгөн, бирок, «сезилээрлик наркы» бар, ошондон улам уюмга кошумча киреше берүүчү активдер. Буга: соода үлгүлөрү жана товардык белгилер, өндүрүштүн сырлары (ноу-хау ), басма укуктары, уюмдун жакшы атынын алымдуулугу (гудвилл ) кирет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ар ким, ар нерсе, көзгө илинген. Көрүнгөндү куткарбай, Өрдөк, чүрөк, куу аттың («Кожожаш»). Көпкөндүккө жеңдирип, Көрүнгөнгө мактанба (Токтогул). Көрүнгөндү кармалап, жанталаша бербечи («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
этн. Жаңы төрөлгөн баланы, жаңы келген келинди, кайындап барган жаңы күйөөнү ж. б. көрүү үчүн берилген сый, белек. Көрүндүкө жамбы алып («Манас» С. О.). Уулуңа көрүндүк бер! (Абдукаримов). Татыбекти көрүп, көрүндүк, сүйүнчү доолашат (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(неправ. көрүнөө)
1. явный, ясный, очевидный;
көрүнө далил явное доказательство;
көрүнө ал- взять открыто;
көз көрүнө эле алып кеткен он на глазах унёс;
абдан көрүнө болду стало совершенно ясным, очевидным;
көрүнө жерге кой положи на видном месте;
кийимдерин көрүнө жерге илдирди одежду он велел им повесить, на видное место;
эки бөлмөгө тең көрүнө босогонун жанына отурган он сел у порога так, чтобы быть одинаково видным из обеих комнат;
көрүнөдө бол- быть на виду, быть видимым;
көрүнөгө чык-
1) стать явным, выявиться; объявиться;
көмүскөдөн көрүнөгө чыкты из тайного стало явным;
катылбай, көрүнөгө чыксын пусть он не прячется, а объявится;
2) (в эпосе) выйти на поединок, на единоборство;
көрүнөгө чыгар- сделать явным, выявить;
2. внешне, на вид; формально;
мен көрүнө конок ээси болгонум менен, конок камын Саадат көрдү хотя формально хозяином был я, но о гостях заботился Саадат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от көрүн-;
байлыгымды көрүнтөм, алтынды таштай бөлүнтөм фольк. своё богатство я покажу, золото буду делить, как (простые) камни;
өрдөктөй мойнун койкойтуп, эки өркөчүн көрүнтүп фольк. (жирный верблюд) как утица, свою шею грациозно изогнув, два горба своих выставив;
тайдын этин бөлүнтүп, тарамышын көрүнтүп фольк. (плетью) рассекая тело жеребёнка, обнажая его сухожилия.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Белгилүү, көзгө көрүнөрлүк, таанымал. Силердей эле мотураңдап окуп жүрүшүп, эми республиканын көрүнүктүү адамдары болуп отурган агайларыңар эң эле көп («Жаш ленинчи»). Вера.. уйлардын сүт продуктуулугун жогорулатууда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрүнүп тургудай, ачык, көрүнө, издегенде, керек болгондо оңой таап алгыдай. Буюмду көрүнүктүү жерге коюу. 2. Эмгеги, атагы ж. б. элге белгилүү, көпчүлүккө дайын, атагы чыккан, таанымал. Силердей эле мотураңдап окуп жүрүшүп, эми республиканын көрүнүктүү адамдары болуп отурган агайларыңар көп («Жаш ленинчи»). 3. Көзгө көрүнөрлүк, олуттуу, маанилүү деп айтарлык, мактоого татырлык. Асылкан уйлардын сүт өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти.

Киргизско-русский словарь Юдахина
көрүнүш I
1. и. д. от көрүн-;
докторго барып көрүнүшү керек он должен пойти и показаться врачу;
2. вид;
сырткы көрүнүш внешний вид;
3. явление;
бул кокусунан болгон көрүнүш эмес это не случайное явление;
4. театр. картина; явление;
5. (в эпосе) аудиенция (приём ханом или феодалом подчинённых, или подданных, или послов);
көрүнүш бер- дать аудиенцию, принять;
көзүңө бир көрүнүш керек! тебя нужно проучить!; я тебе ещё покажу!
көрүнүш- II
взаимн. от көрүн-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир нерсенин көзгө учураган жалпы белгилери, сырткы кебетеси, түрү, турпаты. Каныбек.. айлананын көрүнүшүнө суктанды (Жантөшев).
  1. 2.                  Драмалык чыгарманын бир бөлүмү.
  2. 3.                  Абал, жагдай. Иштин бул көрүнүшү азырынча бизди жыргаткыдай эмес («Чалкан»).
  3. 4.                  Кубулуш. Жаратылыштын ар кандай көрүнүштөрү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин көзгө көрүнгөн, сезилген жалпы белгилери, сырткы кебетеси, түрү, турпаты. Сансыз айланадагы табияттын көрүнүшүн өтө суктануу менен карады (Жантөшев). Алымдын көрүнүшү Анарханга коркунуч туудурду (Жантөшев). 2. Драмалык чыгарманын бир бөлүмү. 3. Бир нерсенин жалпы ал-абалы, жагдайы, шарты. Иштин бул көрүнүшү азырынча бизди жыргаткыдай эмес («Чалкан»). Бул көрүнүшкө эч ким алымсынгыдай эмес («Ала-Тоо»). 4. Кубулуш. Жаратылыштын ар кандай көрүнүштөрү.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакшылык көрбө, өлгөндө да тынч жатпа! деген мааниде беймаза кишилерди каргоо иретинде колдонулат. Көрүңдө өкүр, как баш! - деп каргап жатты («Ала-Тоо»). Башкага кымындай жакшылык ойлобойсуң, көрүңдө өкүр, канкор! (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакшылык көрбө, өлгөндө да тынч жатпа! деген мааниде беймаза кишилерди каргоо иретинде колдонулат. Көрүңдө өкүр, как баш! – деп каргап жатты («Ала-Тоо»). Башкага кымындай жакшылык ойлобойсуң, көрүңдө өкүр, канкор! (Осмоналиев). В.: Көрүңдөн таш чыккыр! Көрүңдөн гана ташы чыккыр, ким гана болду экен а?! – деп күйдү Мадыл (Касымбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көрүү I
1. то же, что керүү I;
көрүүдөкү жылкыны баарын тийди, чуулатып фольк. все (чужие) табуны, что на склоне горы, он с шумом угнал;
2. перен. опора;
энемден башка көрүүм жок фольк. кроме матери, у меня нет другой опоры.
көрүү II
и. д. от көр- III;
көрүү залы зрительный зал;
ойлоп көрүү керек нужно подумать;
малдын төлдөшүнө даярдык көрүү подготовка к расплоду скота;
күйөө көрүү, кыз көрүү синьцз. смотрины жениха (осматривает мать невесты) и невесты (осматривает мать жениха).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сахнада, цирктин аренасында, кинотеатрларда, стадиондо ж. б. жайларда көрсөтүлгөн оюндарды, фильмдерди ж. б. көрүүгө барган адам. «Октябрь» кинотеатрына З00дөн ашык көрүүчүлөр чогулушту («Кыргыз Руху»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
көрүш I
и. д. от көр- III;
көрүш керек необходимо посмотреть.
көрүш- II
взаимн. от көр- III
видеть друг друга; встречаться;
эки тоо кошулбайт, эки киши көрүшөт погов. две горы не соединятся, а два человека встретятся; гора с горой не сходится, а человек с человеком сойдётся;
өлбөгөн көрүшөт погов. живые встретятся;
сени менен да көрүшөт экенбиз! оказывается, и с тобой мы встречаемся!; сколько лет, сколько зим!;
көрүшкөнчө аман бол! до свидания! (букв. до свидания будь здоров);
жүз көрүшпөй кетти они друг с другом не встречаются (рассорились);
кол алыша көрүшүп поздоровавшись за руку;
кош колдоп көрүш- здороваться, подавая обе руки;
мага көрүшкөнчө, агаң менен көрүш прежде, чем со мной здороваться, ты поздоровайся со своим старшим братом;
айкалышып көрүш- приветствовать друг друга или прощаться друг с другом, становясь спина к спине;
анысын көрүшө жатарбыз а что до этого... там видно будет;
жар көрүш- см. жар I.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от көрүш- II;
элдин алды болуп, баласына көрүшүүнү, кучактап өбүүнү самаган он желал раньше других поздороваться со своим сыном, обнять и поцеловать его;
жар көрүшүү см. жар I.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Олбурлуу, чоң чеңгел. Көр чеңгелин арбайтып эт сугунууга камынды. 2. Алдым-жуттум, жегич, ач көз. Бул Шабыраалы көр чеңгелдин колунан келчү иш. Аны актоого болбойт (Байтемиров). Ал башынан ошондой көр чеңгел неме эле («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
сев.
украшения на сбруе, обуви и т.п. в виде медных или серебряных гвоздей со шляпками, в виде металлических шишечек, драгоценных камней;
алтын ээр, сырдуу каш, көрчөгөсү көөхар таш фольк. золотое седло, шлифованная лука, украшения из самоцветов.