Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жашай турган өмүр, тиричилик. Тайбаскул чунактын дагы көрөр күнү бар экен, ээ...! (Осмоналиев). В.: Көрөр күн, ичер суу. Көрөр күн, ичер суусу бар экен, бечаралар өлдүм-талдым дегенде Караколдун четине жетишти (Ашымбаев). Көрөр күн, ичер суум бар экен, эшикке чыгып кылдырап басып калдым (Жусупов). Көрөйүн деген күн. Менин дагы көрөйүн деген күнүм бар (Осмоналиев).