КӨР ІІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көрүү сезими менен байкоо, көз жүгүртүү, кароо. Кыз мыкка илинген сүрөттү көрдү (Сыдыкбеков). Такырайган кум баскан жер Бүгүн көрсөң башкача (Бөкөнбаев). Кино көрүүгө коңшулаш экскаваторчу жумушчулар да келишти (Сасыкбаев). || Байкоо, көз салуу, бир нерсенин жөн-жайы, шарты, ал-абалы ж. б. менен тааны шуу, баам кылуу. Барпы Шабыраалыны ээрчитип, тоодогу чөптөрдү көрүп келүүгө барган (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир жайда болуу же бирөөгө кез келүү, учуроо. Эшик-төрүмдү көрүп чык, жарыгым (Сыдыкбеков). Аман болсом көрөрмүн, Өзүмдүн кыпчак калкымды (Үсөнбаев). 3. Дуушар болуу, башынан өткөрүү, жолугуу. Көрбөгөндү көрдү. Үзүрүн көрдү. Кыйынчылыкты көп көрдүк. Азап көрдүк. || Бир нерсенин таасиринде болуу, таасирленүү, алуу. Тарбия көрдү. Таалим көрдү. Ата көргөн бала. 4. Бир нерсенин сапатына, белгисине ж. б. байкоо кылуу, баамдоо, сезүү. Даамын көр. Тузун көр. Жытын көр. 5. Эсептөө, ушундай деп сезүү, эсеп кылуу. Жакшы көр. Жаман көр. Эп көр. Өөн көр. Жек көр. Ыйык көр. 6. Кимдир бирөөнү, бир нерсени себепкер деп саноо, бир нерсенин болуу, келип чыгуу себебин ошого байланыштуу деп кароо. Башын жуубай, биттен көрөт (макал). Бирөөдөн көрө турган иш эмес. Менден көрбөгүлө. 7. Жаза, чара колдонуу, жазалоо. Чара көр. Жаза көр. 8. Камылга, даярдык ж. б. аракеттерин жүргүзүү, ишке ашыруу. Конок камын көр. Ишке даярдык көр. Кышка камылга көр. 9. Жетүү, колуна тийүү, ээ болуу. Жылуу тамак, бүтүн көйнөк көрбөгөн (Токомбаев). Жайкысын кашык сүт көрүп, Жетпедиң эчки, саанга («Жазгыч акындар»). Бала көрөмбү деген үмүт пайда болду («Ала-Тоо»). 10. Бирөөнүн аракетин, дымагын, ишин ж. б. кем баалоо, арзырлык эмес деп басынтуу же кекетүү маанисинде айтылат. Мунун кыйынын көр! Баса албай жүрүп тоого чыгат элем дегенин көр! 11. Чакчыл формадагы негизги этиш менен бирге айтылып, өтүнүү, сурануу, тилек кылуу же бирөөгө буюруу, сунуш кылуу ж. б. маанини билдирет. Келе көр. Алып бере көр. Тие көрбө. Таштап кете көрбө. Айтып көр. Көтөрүп көр. Байкап көр.