сын. 1. Көзү курч, көрөнөөк. Көрөгөч менен жер тыңшар, Жел жетпес менен үч Маамыт Жибек торду алды эле («Эр Төштүк»).
2. өт. Кыраакы, көсөм, билгич. Алп мүчөлүү кең далы, Иш кыйшыгын көрөгөч Балбаныма кубанам (Осмонкул). Айланасында болуп жаткандарды жакшы байкаган, анын кыраакы,, көрөгөч киши экендиги көрүнөт («САЖИ»).
1. Көрөнөөк, көзү курч. Көрөгөчү Мамыты, Төгөрөктүн төрт бурчун, Бекем тиктеп калды эми («Эр Төштүк»). 2. өт. Аркы-беркини мыкты баамдагыч, кыраакы, билгич, көсөм. Уулум көрөгөч, кыраакы, чукулунан сөз тапкан, акылдуу болду.
сын. 1. Көзү курчтук, көрөөнөктүк. Сен мага караганда жаштык, көрөгөчтүк кылдың.
2. өт. Кыраакылык, алдын ала билгичтик, сезгичтик. Лениндин көрөгөчтүк менен айткан ойлору, биринин артынан бири турмушка ашты («Кыргызстан пионери»).
көрөгөчтүк, көрөгөчтүк түгү
1. Көзү курчтук, көрөнөөктүк. Сен мага караганда көрөгөчтүк кылдың. 2. Кыраакылык, алдын ала биле коймойу бар, сезгичтик. Чоң атамдын көрөгөчтүк менен айткан ойлорун биринин артынан бирин башыман өткөрдүм («Кыргызстан маданияты»).