Киргизско-русский словарь Юдахина
1. красота, изящество;
эриндери, кичинекей оозуна жарашып, сулуунун көркүнө көрк кошкондой болуп турат губы её соответствовали маленькому ротику и как бы прибавляли прелести красоте красавицы;
эненин көркү балада красота матери в детях;
эбин таап кармаса, үйдүн көркү катында фольк. красота дома в жене, если она умело его ведёт;
бак-дарак көркү гүлүндө фольк. красота деревьев в их цветах;
көркүнө чык- украситься; благоустроиться;
көркүнө чыгар- или көркүнө келтир-благоустроить;
кыштагыбызды көркүнө чыгарабыз благоустроим свой кишлак;
көркүнө келтирил- быть благоустраиваемым; благоустраиваться;
кыштактар көркүнө келтирилүүдө кишлаки благоустраиваются;
шаарлардын көркүнө келтирилиши благоустройство (украшение) городов;
2. внешний вид, облик;
көркүн көргөн душманы барар эмес жакындап фольк. враг, который видел его облик, не мог (боялся) подойти (к нему).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнүн же бир нерсенин жакшынакай, кооз көрүнүшү; сымбат, көркөмдүк, сулуулук. Кыздын жакшынакай көркүнө кайра-кайра карагым келди («Ала-Тоо»). Көркүнө чыга жайнаган, Жылжып аккан суусу бар (Казыбек). Арыктын боюндагы чоң мектепке шактын көркү көрк кошконсуйт. Жайылтып малын айдаса, Элдин көркү жеринде (Жантөшев). Дарактын көркү гүл менен, Мөмөнүн көркү бүр менен (Үсөнбаев). 2. Бирөөнүн же бир нерсенин сырткы көрүнүшү, кебете-кешпири, түрү. Көркүнө душман даай алгыдай эмес. Көркүн адам карагыдай эмес.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. могила;
2. этн. скачки во время погребения;
ойроттун баарын чакырып, озгон күлүк кыйласын көрканага чаптырып фольк. созвал он (Бокмурун) всех ойратов, много скакунов пустив на погребальные скачки.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрдү ачып жегич жырткыч (көбүнчө карышкыр). 2. өт. Элге ырайымы жок эзүүчү, зулум, эл жегич. Кедейлердин акысын Көркоо байлар жеп койчу (Токтогул). Жүзбай пейли бузук, көзү заар, көркоо адам болчу (Каралаев).

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
көркөм
көркөм адабият
көркөм адабияттын ти ли (лингв.)
көркөм гимнастика
көркөм идея (ад.)
көркөм искусство (иск.)
көркөм искусство дүй нөсү (иск.)
көркөм искусство или ми (иск.)
көркөм искусство син тези (иск.)
көркөм искусство таа нуу (иск.)
көркөм искусство тары хы (иск.)
көркөм кездемелер
(иск.)
көркөм конфликт (ад.)
көркөм котормо (ад.)
көркөм лактар (иск.)
көркөм метод
көркөм мурас (иск.)
көркөм образ
көркөм окуу
көркөм өндүрүш (иск.)
көркөм өнөр жай
көркөм сөз (ад.)
көркөм стиль (ад.)
көркөм сүрөт искусст восу (иск.)
көркөм текст (ад.)
көркөм фильм
көркөм форма (ад.)
көркөм чыгарма
көркөм чыгарманын ко тормосу (ад.)
көркөм чыгарманын маз муну (ад.)

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кооз көрүнүш, көрктүүлүк, сымбаттуулук. Мекеним – көркөм Кавказ, толгон жемиш (Маликов). Укмуштуу көркөм жерибиз (Бөкөнбаев). Керилген мурут, ак жуумал, Келбети көркөм эр экен (Бөкөнбаев). 2. Адабият, искусство жагына, ошол тармактагы чыгармачылыкка байланышкан. Көркөм адабият. Көркөм фильм. Көркөм образ. Көркөм чыгарма. 3. Искусство тармагындагы ишке байланыштуу болгон. Театрдын көркөм жетекчиси. 4. Искусствонун элементтеринен турган. Көркөм гимнастика.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
көркөмдө этишинин туюк мамилеси. Айыл сайын мектептер, Көркөмдөлүп салынган (Осмонкул). Чай ичер көркөмдөлгөн ак пияла, Шыңгырап, досуңдан сен сыр сураба (Шимеев). Гүлдөйт дагы колхоз айлым, Көркөмдөлүп жаркырайт (Нуркамал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көркөм көрүнүштө болгондук, кооздук, сулуулук. Көлдүн айланасына өскөн камыш, балгын, жекендер көлдүн көркөмдүгүн арттырат (Жантөшев). Көз тайгылткан көркөмдүктүн бардыгы, Бүтүп жатат биздин элдин колунан (Шамшиев). 2. Эстетикалык таасир берүүгө жөндөмдүүлүк, чебердик. Искусство чыгармаларынын көркөмдүк сапаты. Элдик чыгармаларды көркөмдүк менен аткаруу. Сайра классикалык опералардан татаал партияларды жогорку көркөмдүктө ырдаганына искусство чеберлери жогору баа берген («Кыргызстан аялдары»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Коомдук аң-сезим формаларынын бир түрү. Курчап турган чындыктын көркөм чагылдырылышы көз менен көргөн образдарда (көркөм сүрөт өнөрү), үн коштоосунда (музыка), сөздө (көркөм адабият) көркөм өнөрдүн кээ бир түрлөрүнүн синтези менен (театр, кино) ишке ашат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир бүтүн көркөм чыгарманын (театр оюну) же салыштырмалуу өз алдынча турган чыгармалар ансамблинин алкагындагы көркөм өнөрдүн ар кыл түрлөрүнүн өз ара байланышы, органикалык биримдиги. Чыныгы көркөм өнөр синтези ар кыл өнөрлөрдүн элементтерин, анын стилисттик биримдигин да түзүүчү идеялык маанисинин жалпылыгы менен гармониялуу айкалышында жетишилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көркөм өнөрдүн пайда болуш мезгилинен биздин күндөргө чейинки өнүгүү процессин таанып-билүү илиминин бир бөлүмү. Көркөм өнөр тарыхын изилдөө деги эле көркөм өнөр өнүгүүсүнүн айрым мезгилдерин (кайра жаралуу доорунун көркөм өнөрлөр тарыхы), түрлөрдү (бедизчилик, живопись тарыхтары), жанрларды (пейзаж, портрет тарыхтары) баяндап көрсөтөт.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КӨРКӨМ СҮРӨТ ӨНӨРҮ ЖАНА «МАНАС». Бир катар социалдык-тарыхый өзгөчөлүктөргө, мусулман динин реалдуу дүйнөнү анын ичинде адамды сүрөткө тартууга жол бербегендигине байланыштуу кыргыз элинин арсеналында узак убакыт бою көркөм сүрөт өнөрү ар тараптуу өнүгө албаган. Бирок, «Манас» эпосу кыргыз элинин дүйнөгө болгон көз карашын, тарыхын, маданиятын чагылдыруу менен сүрөт өнөрүнүн да болгондугу тууралуу маалыматты да сактап калган. Революцияга чейин жазылып алынган «Семетей» эпосунда күмбөздүн интерьерлеринде сүрөттөр болгондугун, андагы тематикалык сүрөттөрдө борбордук фигура катары Манас өзүнүн колдоочу жаныбарлары — жолборс, арстан, кабылан, бүркүттөрдүн курчоосунда курал-жарактары менен согушка даяр, үртүк жабылган атты минип турганы, ошондой эле анын кырк чоросунун душмандар менен согушуп жаткан учуру тартылганы сүрөттөлөт. Ошол эле сүрөттө элдин турмушунан алынган турмуш-тиричиликтик көрүнүштөр дагы бар экендиги кеңири баяндалат.
Манас таануучу С. Мусаев туура белгилегендей «Манас» эпосу искусствонун ар кайсы түрлөрүнүн элементтерин камтыйт. Каармандарды сүрөттөө адатта оозеки түрүндө болгондугуна карабастан, алардын сырткы турпаты, кийимдери жана башкалар өтө элестүү баяндалат. Эпосто кыргыз элинин жасалма-колдонмо өнөрү жөнүндө өтө кеңири маалымат берилген. Жомоктук образдарга эң алгач кайрылуу Орус география коомунун экспедициясы менен бирге келип, Кыргызстанда иштеп кеткен Б. Смирновдун чыгармачылыгы менен байланыштуу. 1903-ж. Кенже-Кара ырчынын айтуусунда эпостон үзүндүнү фонографка жазып алуу менен Семетей менен Айчүрөктүн Кытай жолундагы жолугушуусун иллюстрациялаган. Ошол учурда Б. Смирнов тарткан Кенже-Кара ырчынын портрети манасчылардын портреттик галереясынын эң алгачкысы. 1939-ж. кыргыздын туңгуч операсы «Айчүрөккө» сүрөтчү Я. Штоффер улуттук өзгөчөлүктү жана эпосту терең үйрөнүүнүн негизинде костюмдардын жана жасалгалардын эскиздерин иштеген. 1930-ж. О. Мануйлова кыргыз көркөм сүрөт өнөрүнүн алтын фондусуна кирген «Манасчы Тоголок Молдо» скульптуралык бюстун жараткан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында сүрөтчүлөр жомоктук темаларга жана образдарга кайрылышкан. 1942-ж. И. Безинович «20-кылымдын Гомери» аттуу С. Каралаевдин портретин тарткан. Бул жылдары эпостун биринчи «Чоң казат» деген томун сүрөтчүлөр И. Костылев жана С. Петровдор көркөм жасалгалашкан. 1943жылдан О. Мануйлова эпоско такай кайрылып, гипстен жана металлдан жасалган тоголок барельефтердин «Иллюстрациялар» сериясын түзгөн: «Манас ажыдаарды багындырууда» (1943), «Бала Манас салбырында» (1944), «Сыргак Алмамбет менен жана ажыдаарлар» (1944), «Сыргак менен Чынкожо» (1952), «Ажыдаарлар» (1957), «Ажыдаарды багындырып жаткан бала Манас» (1969) жана башкалар Ал 1945-ж. «Манас» операсынын сахна жасалгасына «Атчан чоролор» деген топторду иштеп чыккан. 1964-ж. «Манас жана манасчылар» темасын улантуу менен О. Мануйлова Ю. Карих менен бирдикте демократ-акын жана манасчы Т. Молдонун Фрунзе шаарындагы эстелигин жараткан.
1946-ж. Я. Штоффер «Манас» операсынын монументтик-жалпыланган жасалгасын түзгөн. Эпостун экинчи томунун даярдалышына байланыштуу Кыргызстанга көрүнүктүү советтик графикачы В. Фаворский келген. Анын эпос боюнча болуп өткөн конференцияда (1946-ж. 28-август) чыгып сүйлөгөн сөзү кийинки муундагы сүрөтчүлөргө эпосту иллюстрациялоонун принциптерин түшүнүүдө теориялык негиз болуп калды. 1946—47-ж. «Чүкө ойноп жаткан Бакай, Кошой жана Бокмурун», «Ажыдаарга каардуу бараткан Манас» жана башкалар станоктук гравюраларынын серияларына карата эскиздери В. Фаворскийдин стилизациядан качып, эпосту иллюстрациялоодогу сүрөттүн туура чечилишин тапкан. Сүрөтчү А. Михалёв эки түстөгү «Манас. Чоң казат» деген литографиянын циклын жараткан, ал кыргыз элинин өткөндөгү тарыхына, маданиятына кызыккандыкты көрсөткөн. Ал 1979-ж. смалта живопись техникасында иштелген «Каныкей» монументтик ишин жасаган. Скульптор А. Мануйлов архитектор А. Альбанский менен бирдикте Сокулук айылында тургузулган Советтер Союзунун Баатыры Д. Шопоковдун эстелигинин (1947, сакталган эмес) супасына «Манас» эпосунун темасындагы барельефти орноткон, анда ар кайсы муундардагы баатырларды жакындаткан улуттук белгилер баса көрсөтүлгөн. Советтик көрүнүктүү живописчи С. А. Чуйков 1950-ж. «Манас салбырында» полотносун жараткан. Живописте манасчылардын образдары дажаралган: «Манасчы» (Ф. Стукошин, 1949), «Акындар» картинасы (1956—57, Г. Айтиев, Ж. Кожахметов). Эпостун 1958—59-ж-дагы басылышы Е. Соколов, А. Шубин, В. Рогачёв тарабынан классикалык манерада иллюстрацияланган. 60-жылдардын орто ченинен тартып баатырдык каармандардын жана манасчылардын образдарына көптөгөн сүрөтчүлөр кайрылышкан. Т. Садыков өзүнүн «Саякбай Карала уулу» аттуу скульптурасында (1965) эргүү учурундагы ойчул — аткаруучуну көрсөтүү милдетин койгон. А. Михалёв «Манасчы» деген карандаш портретинде (1967) айтуучунун көркөм бүтүн образын түзгөн. «Баатырлар жана айымдар» китебиндеги (1968, сүрөтчүсү Б. Жумабаев) Саякбай Карала уулунун портрети, С. Чокморовдун «Саякбай Карала уулу» живопистик портрети (1971), Г. Айтиев иштеген манасчынын скульптуралык портрети (1975) жана башкалар манасчылар сүрөттөгөн баатырлардын сүрөттөлүшүнө шайкеш келген эпикалык кенендикте чагылдырылышы менен өзгөчөлөнөт. Театр сүрөтчүсү А. Арефьев эпостун мотивинде ишке ашырган: «Айчүрөк» (1959), «Манас» (1969) операларын көркөм жасалгалаган.

Көркөм сүрөт өнөрү жана «Манас» макаласына. 1) А. Н. Михалев, Бакай, линогравюра; 2) Т. Герцен, «Манас», гравюра; 3) Т. Курманов, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 4) О. М. Мануйлова, «Ажыдаарды багындырып жаткан Манас», медаль; 5) В. Соловьев, «Манас» эпосу, медаль; 6) Б. Жумабаев, «Сыйлоо», гравюра; 7) Л. А. Ильина, «Сейтек», жыгач гравюра; 8) В. Г. Рогачев, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 9) Г. Петров, «Манас» эпосу китебине иллюстрация</b>.
Көркөм сүрөт өнөрү жана «Манас» макаласына. 1) А. Н. Михалев, Бакай, линогравюра; 2) Т. Герцен, «Манас», гравюра; 3) Т. Курманов, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 4) О. М. Мануйлова, «Ажыдаарды багындырып жаткан Манас», медаль; 5) В. Соловьев, «Манас» эпосу, медаль; 6) Б. Жумабаев, «Сыйлоо», гравюра; 7) Л. А. Ильина, «Сейтек», жыгач гравюра; 8) В. Г. Рогачев, «Манас» эпосу китебине иллюстрация; 9) Г. Петров, «Манас» эпосу китебине иллюстрация.
С. Чокморов. С. Каралаев</b>
С. Чокморов. С. Каралаев
Скульптор В. Димов шамоттон «Манасчы» (1975), «Обон» (1982) композицияларын жараткан. Ушул эле техникада С. Бакашев «Айтуучу» скульптурасын түзгөн. Салттуу турмуш-тиричиликтик сюжеттерден ийчи Д. Жолчуевдин интерпретациясындагы образдар жаралган: «Эпос айтуучу» (1978) жана башкалар. Акыркы он жылда активдүү өнүгө баштаган кыргыз медаль жасоо өнөрүндө эпостук темада бир топ чыгармалар пайда болгон:
В. Копотев «Чоро — Манастын жоокери» (1972) жана башкалар А. Соловьев — «Кыргыз эпосу — «Манас»» медалдар сериясы (1973), А. Тыналиев — «Саякбай Каралаев — 20-кылымдын Гомери» (1980) жана башкалар.
Плакат тармагында Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» спектаклине (1981) У. Омуровдун тарткан плакаты чыгармачылык фантазиясынын, образдык ойдун айкындыгы менен өзгөчөлөнөт. С. Орозбак уулунун, С. Карала уулунун портреттери «СССР элдеринин эпостору» сериясынан жарык көргөн «Манастын» 1-томунун жасалгасы катары сүрөтчү Л. Эрман тарабынан (1984) аткарылган. Эпикалык образдар чагылдырылган монументтик чыгармалар: «Манас» архитектуралык-скульптуралык ансамбли, Бишкек шаары: сүрөтчүлөр С. Бакашев, 3. Хабибулин, А. Воронин, А. Каменскийлер иштеген Кыргыз академиялык драма театрынын имаратынын дубалындагы рельефтер. «Манас» эпосунун иконографиясында Т. Т. Герцендин кошкон салымы орчундуу. Эпостун С. Карала уулунун варианты боюнча сүрөтчү Т. Курмановдун түсүнүн экспрессиясы жана композициясынын динамикасы менен өзгөчөлөнгөн иллюстрациялары сүрөтчүлөрдүн эпос темасына тынымсыз кайрылып жаткандыгынын күбөсү.
А. П. Ярков
А. Асанов. Алмамбет. Манас. Бакай.
А. Асанов. Алмамбет. Манас. Бакай.

Киргизско-русский словарь Юдахина
украшать себя, украшаться;
талга кезек келгенде көрктөнүп бүчүр бүр байлайт стих. когда подходит очередь тальнику, он, украшаясь, покрывается почками, листочками;
үйлөрү көркөм болуп, кыштагыңар көрктөнө түшө турган экен дома (в вашем кишлаке) станут красивыми, и кишлак ваш благоустроится.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Сулуу, кооз, көркөмдүү, жарашыктуу, келишимдүү. Көрктүү болсун баары деп, Күмүштөн жабдык салынган («Курманбек»). Көпкө жаккан көрктүүдөн, Көк сүлөөсүн бөрктүүдөн, Көрүп куда болоюн («Манас»).