КӨРСӨТҮҮЧҮНҮН АКЦИЯСЫ – көрсөтүүчүсү алардын толук ээси болуп саналган акциялар. Мындай акциялар боюнча укук кыюу аны иш жүзүндө башкага берүү менен ишке ашырылат. К. а. ал толук өлчөмдө төлөнгөн шарттарда гана чыгарылышы мүмкүн.
КӨРСӨТҮҮЧҮНҮН КАГАЗЫ – аны көрсөткөн жакка мыйзамдуу жол ача турган баалуу кагаздын бир түрү. К. к-н көрсөткөн баардык жак ал боюнча укуктуу ээси болуп саналат, тактап айтканда, карызкор жак карызды талап кылууга укугу бар. Эгер карызкор жак укугу жок жактын талабын атайылап же өзү калпыстык кетирүүдөн улам аткарбаса, ал мындай кагаз көрсөткөн баардык эле жактын талабын аткарууга милдеткер эмес.