Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от көр- III
показывать;
көзү жокко көргөзсо да, билбейт погов. слепому, хоть и покажешь, не узнает;
ала келгин өзүмө, көргөзө көргүн көзүмө фольк. принеси мне, покажи глазам моим;
көчүп алып тең жогол, көргөзбөгүн караңды! фольк. откочевавши, немедленно сгинь, не показывай (даже) признака своего.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат 1. Көпчүлүккө көрсөтүлүүчү нерселердин жыйындысы жана аларды коюучу жай, орун. [Купеде] айыл чарба көргөзмөсүнө бараткан эки бала (Байтемиров). Республикалык сүрөт искусствосунун көргөзмөсү ачылды («Советтик Кыргызстан»).
  1. 2.                  Көрсөтмө, колдонмо. Большевик депутаттар лениндик көргөзмөлөрдү колдонушкан («Коммунист»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көпчүлүккө көрсөтүлүүчү ар кандай нерселердин жыйындысы жана аларды коюучу жай, орун. Сүрөт искусствосунун көргөзмөсү. Фото көргөзмө. Алар тамактанган соң айыл чарба көргөзмөсүнө кетишти (Байтемиров). Концерттер, көргөзмөлөр жана башка чаралар уюштурулуп, андан түшкөн каражаттар тынчтык фондусуна берилүүдө («Кыргызстан аялдары»). 2. Жетекчиликке алуу, аткаруу үчүн берилген көрсөтмө, колдонмо.