КӨРГӨЗМӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көпчүлүккө көрсөтүлүүчү ар кандай нерселердин жыйындысы жана аларды коюучу жай, орун. Сүрөт искусствосунун көргөзмөсү. Фото көргөзмө. Алар тамактанган соң айыл чарба көргөзмөсүнө кетишти (Байтемиров). Концерттер, көргөзмөлөр жана башка чаралар уюштурулуп, андан түшкөн каражаттар тынчтык фондусуна берилүүдө («Кыргызстан аялдары»). 2. Жетекчиликке алуу, аткаруу үчүн берилген көрсөтмө, колдонмо.