көрүнүктүү
Толковый словарь кыргызского языка (1969)сын. Белгилүү, көзгө көрүнөрлүк, таанымал. Силердей эле мотураңдап окуп жүрүшүп, эми республиканын көрүнүктүү адамдары болуп отурган агайларыңар эң эле көп («Жаш ленинчи»). Вера.. уйлардын сүт продуктуулугун жогорулатууда көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти («Советтик Кыргызстан»).