КӨР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКөрүү органы болгон көз менен көрүүнүн өзүн билдирген көр этиши бир уңгудан келип чыгат. Алардын мааниси айырмалуу болсун үчүн р жана з тыбыштарын алмаштыруу ыкмасы тилде пайдаланылган. Алгач көз деген зат атооч жаралган деп эсептесек, анда з тыбышын р тыбышына алмаштыруу аркылуу көр этиши келип чыккан болот.