көрөгөн
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыАдатта Амир Темир көрөгөн деген Темирландын бир атында кездешкен бул сөз биз ойлогондой «көрөгөч» деген маанини билдирбейт. Түрктөшүп кеткен монголдордун барлас уруусунан чыккан Амир Темирдин элинин тилинде күйөө бала «гурган» деп аталат жана кыргыз тилинде жогоркудай болуп өзгөргөн. Ал эми амир деген титул арап тилинен кирип, «бек» дегенди билдирет.
Салт боюнча, Чыӊгыз хандын тукумдары гана такка отура алгандыктан, Амир Темир аларга күйөө бала болуп, иш жүзүндө бийликти өзү кармаган жана өзүн «амир Темир гурган» деп атаган. Согушта жарадар болуп, аксап калгандыктан, түрктөр аны Аксак Темир, перс тилдүүлөр Темирлан (ленг «аксак») деп аташкан. Европалыктар Тамерлан дешет.