Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин жөн-жайын, эмне экенин аныктоо же болжол кылуу маанисинде айтылуучу киринди сөз катары колдонулат. Баятан жорткон серүүн жел, көрсө, машина зымырап учкандагы эпкин тура (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Көргөзүү, билгизүү, сездирүү. Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга отуруңуз (Сыдыкбеков). Ишти туура көрсөтүп, Балдарга баш-көз болуңар (Жантөшев). [Жалпетеков] шоферге контораны көрсөттү (Убукеев).
¨ Кыр көрсөтүү — чоңсунуу, көтөрүлө сүйлөө, сес кылуу. Сес көрсөтүү — сесин алуу, коркутуу. Кычан колун серпип сес көрсөттү (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от көр- III
1. показывать, указывать;
жол көрсөт-
1) указать дорогу;
2) перен. направить, указать путь;
кандидат көрсөт- выдвинуть, наметить кандидата (букв. показать кандидата);
2. проявлять что-л. в отношении кого-чего-л.;
жардам көрсөт- оказать помощь;
каршылык көрсөт- оказать сопротивление;
баатырдык көрсөт- проявлять храбрость;
запкы көрсөт- или зобун көрсөт- третировать, унижать, притеснять;
күн көрсөт- только в отриц. обороте: байлар кедейлерге күн көрсөтпөйт богачи делают жизнь бедняков невыносимой;
ал мага күн көрсөтө турган түрү жок не похоже, чтобы он дал мне возможность спокойно жить.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрө тургандай кылуу, көргөзүү. Талгат мага ушул альбомду көрсөттү. Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга отуруңуз (Сыдыкбеков). 2. Баамдатуу, бир нерсенин жөнүн, эмне экенин байкатып, билдирип туруу. Бул жаш жигиттин ким менен байланышып жүргөнүн өзүнүн көз карашы эле көрсөтүп турбайбы («Ала-Тоо»). Эртең эмне иш башталып кетерин бүгүнкү чатактын өзү эле көрсөттү («Чалкан»). 3. Бир нерсени эл, көпчүлүк көргүдөй, билгидей, карап тургудай кылып аткаруу, коюу. Окуучулар кыяк тартып тамаша көрсөтүштү (Убукеев). 4. Бир нерсеге дуушар кылуу, жеткирүү. Көйнөгү жок кедейге, Көрсөтөсүң жабырды (Токтогул). Жакындарын кейитет, Түйшүктү катуу көрсөтөт (Барпы). 5. Колдонуу, бир нерсени сездирүү, билдирүү. Кан төгүлгөн майданда, Көрсөттүң эрдик күчүңдү (Барпы). 6. Сунуш кылуу. Кызым, сени бригадирдикке көрсөтүштү («Кыргызстан аялдары»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
показатель, указатель;
жакшы көрсөткүчтөр хорошие показатели;
жүн кыркып алууда жакшы көрсөткүчтөргө жетишип жатышат они достигают хороших показателей в настриге шерсти;
салат көрсөткүчтөрү качественные показатели;
даража көрсөткүч мат. показатель степени.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир нерсенин жыйынтыгын, өнүгүш деңгээлин ж. б. жактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү далил, маалымат. Анын бригадасынын көрсөткүчтөрү эң мыкты («Коммунист»). Биз ишибиздин темпин мындан ары да күчөтүп, тапшырмаларды жогору көрсөткүчтөр менен аяктоого күрөшөбүз («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин аткарылыш жыйынтыгын, болгонун, өнүгүш деңгээлин ж. б. жактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү далил, маалымат, жалпыланган жыйынтык. Бул чарба мыкты көрсөткүчтөргө жетишкен чарбалардын катарында бара жатат. Биздин аймак өткөн жылды жакшы көрсөткүчтөр менен жыйынтыктады.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. наглядный; показательный;
көрсөтмө куралдар наглядные пособия;
көрсөтмө сот показательный суд;
2. офиц. указание;
көрсөтмө боюнча по указанию;
көрсөтмөлөр бер- дать указания;
кеңештер жана көрсөтмөлөр советы и указания;
3. уст. то же, что көрсөткүч;
эмгек өндүрүшүнүн көрсөтмөлөрү показатели производительности труда;
сапат көрсөтмөлөрү качественные показатели.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТМӨ – жарандык жана кылмыш-жаза иштерин туура чечүүдө мааниси бар жагдайларды аныктоо үчүн колдонулуучу далилдердин бир түрү. Сурак мезгилинде адам билдирген иш жүзүндөгү маалыматтар. Мыйзам айыпталуучудан жана башка адамдардан күч колдонуу, коркутуу, кыйноо жолу менен К. алууга тыюу салат. К. берүүгө мажбурлоо (уруп-согуу же коркутуп-үркүтүү) кылмыш болуп эсептелет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аткарууга тийиш болгон кандайдыр бир тапшырманын, иштин аткарылыш тартиби, багыты көрсөтүлгөн жол-жобо. Ал колхоздун бүт активин чогултуп алып көрсөтмө берди (Каимов). Курултайдын чечимдеринде улут саясатынын маселелери боюнча туура көрсөтмөлөр берилген. 2. сүйл. Көргөзмө. Көрсөтмөгө барууга, Даярданып калыптыр (Үсөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮГӨ МАЖБУРЛОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган сот акыйкаттуулугуна каршы жасалган кылмыш. Алдынала тергөө жана алгачкы текшерүү жүргүзүүчү кызмат адамдары тарабынан шек саналган адамдарды, айыпталуучуну, күбөнү көрсөтмө берүүгө мажбурлоо же эксперттерди коркутуп-үркүтүү ж. б. мыйзамсыз аракеттер аркылуу корутунду чыгарууга мажбурлоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д, от көрсөт-
1. показ, показывание, указывание; указание; выдвижение;
жол көрсөтүү прям. , перен. указание пути;
үлгү көрсөтүү показание примера, образца (для подражания);
партиянын көрсөтүүсүн орундатуу выполнение указаний партии;
кандидаттарды көрсөтүү выдвижение кандидатов;
2. юр. показание;
күбөлөрдүн көрсөтүүлөрү показания свидетелей.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТҮҮЧҮНҮН АКЦИЯСЫ – көрсөтүүчүсү алардын толук ээси болуп саналган акциялар. Мындай акциялар боюнча укук кыюу аны иш жүзүндө башкага берүү менен ишке ашырылат. К. а. ал толук өлчөмдө төлөнгөн шарттарда гана чыгарылышы мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТҮҮЧҮНҮН КАГАЗЫ – аны көрсөткөн жакка мыйзамдуу жол ача турган баалуу кагаздын бир түрү. К. к-н көрсөткөн баардык жак ал боюнча укуктуу ээси болуп саналат, тактап айтканда, карызкор жак карызды талап кылууга укугу бар. Эгер карызкор жак укугу жок жактын талабын атайылап же өзү калпыстык кетирүүдөн улам аткарбаса, ал мындай кагаз көрсөткөн баардык эле жактын талабын аткарууга милдеткер эмес.