КӨРСӨТМӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Аткарууга тийиш болгон кандайдыр бир тапшырманын, иштин аткарылыш тартиби, багыты көрсөтүлгөн жол-жобо. Ал колхоздун бүт активин чогултуп алып көрсөтмө берди (Каимов). Курултайдын чечимдеринде улут саясатынын маселелери боюнча туура көрсөтмөлөр берилген. 2. сүйл. Көргөзмө. Көрсөтмөгө барууга, Даярданып калыптыр (Үсөнбаев).