Киргизско-русский словарь Юдахина
1. наглядный; показательный;
көрсөтмө куралдар наглядные пособия;
көрсөтмө сот показательный суд;
2. офиц. указание;
көрсөтмө боюнча по указанию;
көрсөтмөлөр бер- дать указания;
кеңештер жана көрсөтмөлөр советы и указания;
3. уст. то же, что көрсөткүч;
эмгек өндүрүшүнүн көрсөтмөлөрү показатели производительности труда;
сапат көрсөтмөлөрү качественные показатели.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТМӨ – жарандык жана кылмыш-жаза иштерин туура чечүүдө мааниси бар жагдайларды аныктоо үчүн колдонулуучу далилдердин бир түрү. Сурак мезгилинде адам билдирген иш жүзүндөгү маалыматтар. Мыйзам айыпталуучудан жана башка адамдардан күч колдонуу, коркутуу, кыйноо жолу менен К. алууга тыюу салат. К. берүүгө мажбурлоо (уруп-согуу же коркутуп-үркүтүү) кылмыш болуп эсептелет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аткарууга тийиш болгон кандайдыр бир тапшырманын, иштин аткарылыш тартиби, багыты көрсөтүлгөн жол-жобо. Ал колхоздун бүт активин чогултуп алып көрсөтмө берди (Каимов). Курултайдын чечимдеринде улут саясатынын маселелери боюнча туура көрсөтмөлөр берилген. 2. сүйл. Көргөзмө. Көрсөтмөгө барууга, Даярданып калыптыр (Үсөнбаев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КӨРСӨТМӨ БЕРҮҮГӨ МАЖБУРЛОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган сот акыйкаттуулугуна каршы жасалган кылмыш. Алдынала тергөө жана алгачкы текшерүү жүргүзүүчү кызмат адамдары тарабынан шек саналган адамдарды, айыпталуучуну, күбөнү көрсөтмө берүүгө мажбурлоо же эксперттерди коркутуп-үркүтүү ж. б. мыйзамсыз аракеттер аркылуу корутунду чыгарууга мажбурлоо.