Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көрө тургандай кылуу, көргөзүү. Талгат мага ушул альбомду көрсөттү. Байбиче, келиңиз, көрсөткөн орунга отуруңуз (Сыдыкбеков). 2. Баамдатуу, бир нерсенин жөнүн, эмне экенин байкатып, билдирип туруу. Бул жаш жигиттин ким менен байланышып жүргөнүн өзүнүн көз карашы эле көрсөтүп турбайбы («Ала-Тоо»). Эртең эмне иш башталып кетерин бүгүнкү чатактын өзү эле көрсөттү («Чалкан»). 3. Бир нерсени эл, көпчүлүк көргүдөй, билгидей, карап тургудай кылып аткаруу, коюу. Окуучулар кыяк тартып тамаша көрсөтүштү (Убукеев). 4. Бир нерсеге дуушар кылуу, жеткирүү. Көйнөгү жок кедейге, Көрсөтөсүң жабырды (Токтогул). Жакындарын кейитет, Түйшүктү катуу көрсөтөт (Барпы). 5. Колдонуу, бир нерсени сездирүү, билдирүү. Кан төгүлгөн майданда, Көрсөттүң эрдик күчүңдү (Барпы). 6. Сунуш кылуу. Кызым, сени бригадирдикке көрсөтүштү («Кыргызстан аялдары»).