көрсөткүч
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. Бир нерсенин жыйынтыгын, өнүгүш деңгээлин ж. б. жактарын аныктоого мүмкүндүк берүүчү далил, маалымат. Анын бригадасынын көрсөткүчтөрү эң мыкты («Коммунист»). Биз ишибиздин темпин мындан ары да күчөтүп, тапшырмаларды жогору көрсөткүчтөр менен аяктоого күрөшөбүз («Советтик Кыргызстан»).