КӨРПӨ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАраб тилинде харуф сөзү «козу» деген маани берет (АРС, 274). Кыргыз тилине арабча харуф сөзү кабыл алынганда ал мурдатан бери колдонулуп келе жаткан козу сөзүн сүрүп сала алган эмес. Бирок ал «козунун териси» деген маани туюнтуу үчүн пайдаланылган. Ал эми харуф сөзүнүн көптүк сандагы формасы болгон хирфан сөзү кыргыз тилине күрпөң болуп кабыл алынган. Күрпөң деп «союуга жарап калган козуну» айтат.