КӨРӨЙҮН ДЕГЕН КӨЗҮ ЖОК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жек көрөт, жаман көрөт, кергүсү келбейт, жакшылык кылайын деген ниети жок. Орозкул болсо, бизди көрөйүн деген көзү жок (Айтматов). Барган сайын кыжыры кайнап туттугуп, экөөбуздү тең, өзгөчө Ажике жеңемди көрөйүн деген көзү жок, атамдын (Акматов). Ошентип бизди көрөйүн деген көздөрү жок (Айтматов). Мурда эле бизден жатыркап жүрүштү эле, эми көрөйүн деген көздөрү жок (Айтматов).