Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Козунун, улактын тармал жүндүү териси. Кычан көрпө тумагын чекчейтип, жогору байланып алган (Бейшеналиев). Көрпөдөн ичик кылайын, Көбөөсүн макмал кынайын (Токтогул). 2. Алдыга салынуучу ичке төшөк (көбүнчө төр көрпө же жер көрпө болуп айтылат). 3. диал. Жууркан-төшөк. Дарбаза ачылган кезде көрпө-төшөктөрдүн, кийиз-килемдердин жайылуу турганы көрүндү (Абдукаримов).