Киргизско-русский словарь Юдахина
аш I
1. пища;
ашың калса калсын, ишиң калбасын погов. если пища останется, пусть остаётся, работа бы не осталась;
аш тарт- подносить пищу (гостю);
алдыңа аш тартса, атаңын кунунан кеч погов. если тебе поднесли пищу (т.е. почтили), откажись (даже) от виры за отца;
аш-суудан калды он лишился аппетита;
ичкеним аш болбой отурат мне и пища не в пищу;
ашыңды бербесең бербе, ташың менен урба добра можешь не делать, но пакости не делай (букв. не дашь пищи - не давай, камнем не бей);
аш кыл- усвоить (пищу);
кескен аш южн. лапша;
суюк аш или умач аш южн. затируха;
арак аш (в эпосе) водка;
ичпеймин, балам, кыстаба арак деген ашыңды фольк. не неволь, дитя моё, я не буду пить то (букв. твою пищу), что называется водкой;
кызыл мейиз-жүзүмдөн, кымбаттап тарткан арак аш фольк. водка, искусно перегнанная из красного винограда-изюма;
2. плод, фрукт (только некоторых диких растений);
четиндин ашы ягода рябины;
ит мурундун ашы ягода шиповника;
чычырканактын ашы ягода облепихи;
сары жыгачтын ашы то же, что бөрү карагат (см. кара гат);
3. этн. поминки (устраивались в годовщину смерти; у северных киргизов эта дата отмечалась богаче, чем все другие даты; у богатых устраивались скачки и разные состязания с призами; часто возникали ссоры, переходившие в кровавые межродовые и межплеменные распри);
атасына аш берди он устроил поминки по своему отцу;
Көкөтөйдүн ашы поминки по Кокетею (эпическому богатырю);
Көкөтөйдүн ашы экен, көп чатактын башы экен фольк. это были поминки по Кокетею, это было началом многих скандалов;
Көкөтөйдүн ашындай роскошный пир, лукулловский пир (букв. как поминки Кокетея);
кара аш небольшие поминки в день похорон;
Көкөтөйдүн сан дүйнө кара ашына чачылып фольк. несметные богатства Кокетея были истрачены на его (Кокетея) поминки;
Көкөтөйгө кара аш деп, боз каймалды сойдуруп фольк. для поминок Кокетея зарезали молодую белую верблюдицу;
чоң аш поминки в годовщину смерти;
берген тоюн аш кылып фольк. превратив его пир в поминки (сделав так, что пир закончился бедою);
аш же- угощаться на поминках;
аш жебедик, таш жедик, кой жебедик, ок жедик фольк. на поминках мы не угощались, а ели камни, не овцу ели, а пули (т.е. пир наш кончился бедой);
4. южн. плов;
ашт аш демде- варить плов;
аш болсун! на доброе здоровье! (пожелание гостю, когда он благодарит за угощение или когда за едой рыгнёт; последнее относится гл. обр. к детям);
атын укканда ичкен ашын жерге коё коёт он к нему относится с большим уважением, с большой любовью; он трепещет перед ним (букв. когда слышит его имя, пищу свою на пол ставит, т.е. перестаёт есть);
ичкен-жегеним аш болгон жок мне и пища не в пищу была (от неприятностей);
жемелей берип, ичкен-жегенимди аш кылбайт он меня без конца попрекает, мне и кусок в рот не лезет;
аш болду мне пошло на пользу (напр. о пище);
аш болуп кетти пиши пропало (зажилили);
аш болбосун, таш болсун! подавиться ему (моим добром) !
аш- II
1. переваливать через что-л.;
ашуу аш- или бел аш- перевалить через горный перевал;
2. быть в излишке; выходить за пределы чего-л.; превосходить;
эрден ашмак бар, элден ашмак жок погов. молодца превзойти можно, народ превзойти нельзя;
ашкан превосходящий; превосходный, выдающийся;
ашкан комузчу выдающийся комузчи;
ашкан сулуу красавица из красавиц;
ашкан митаам мошенник из мошенников;
өнөрү ашкан очень искусный;
баштан ашкан очень много, сверх меры (напр. хлопот, дела);
жаандан ашкан или ааламдан ашкан совершенно исключительный; такой, какого в мире нет;
убакыт эртең мененки сегизден аша элек болчу было ещё не более восьми (часов) утра;
аша больше, свыше;
ондон аша свыше, больше десяти;
3. покрыть (оплодотворить);
кадырман күлүк Тоотору ат, айгыр ашып, бээ тууган фольк. жеребец покрыл, кобылица родила знаменитого скакуна Тоотору;
аркек ашып катын тууп, бу өңдөнгөн көк жалды фольк. мужчина породил, женщина родила вот такого богатыря (букв. сивогривого);
ишке аш- осуществиться;
ишке ашпайт деп эсептелет считается недействительным;
турмушка аш- быть применимым в жизни, на практике;
күн ашкан сайын с каждым днём; чем дальше, тем больше;
ашып түш- превосходить (знанием, умением и т. п:);
ал эч кимден ашып түшпөйт он ничем не лучше других; он с неба звёзд не хватает;
ашып-түшкөн жери жок он не блещет (умом, силой и т.п.);
...көп эсе ашып түшө турган ...во много раз превосходящий;
андан ашып-түшкөн бай жок богача большего, чем он, нет;
ашып-ташып переполнившись сверх меры;
ашып-ташып төгүлүп кетти переполнившись, просыпалось (пролилось);
аша кеч- отвергнуть, решительно отказаться, навсегда бросить;
катын-кыздан аша кечкен он бросил жену и дочь;
таң аш- (о верховом коне)
1) стоять на выстойке до рассвета;
2) систематически стоять на выстойке, готовясь к скачкам или дальнему пути;
аттары-тулпар таң ашкан, азамат эрге жарашкан фольк. их кони- скакуны на выстойках выдержаны, они под стать молодцам-богатырям;
ашпай-шашпай см. шаш-;
аша кечир- см. кечир- II 3.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Тамак, оокат. Ашым калса калсын, ишим калбасын (макал).
  1. 2.                  Кээ бир өсүмдүктөрдүн мөмөсү, жемиши. Долоно, четин аштары Мончоктой кызыл мөлтүлдөйт (Аалы).
  2. 3.                  Бир жылдан кийин өлгөн кишини эске алып, берилүүчу тамак, тамак берүү салты. Ашка барсаң ачып бар, тойго барсаң тоюп бар (макал). Ашаттуунуку, тойтондуунуку (макал).
  3. 4.                  Палоо. Аш демделди.

Ичкени аш болбоо — 1) ичкен тамагы сиңбөө; 2) тамак ичкенинен артыгы чыгуу. Сен дегенде ичкен ашын жерге коё коёт — абдан сыйлагандыгын, кадырлагандыгын же самап, дегдеп, ак эткенден так эткендигин билдирүү иретинде колдонулат. Аш бышым к. бышым. Аш айран к. айран.
АШ II этиш. 1. Тоодон, ашуудан ж. б. ары өтүү. Ашуусу бийик тоо ашты, Агыны катуу суу кечти («Эр Төштүк»).
  1. 2.                  Белгилүү бир чектен, өлчөмдөн ж. б. өтүү. Арыктан аша жулкунуп Агын суу жатат шаркырап (Нуркамал). Жыйырмадан жаңы ашкан Жигит эле эр жеткен (Бөкөнбаев).
  2. 3.                  Артуу, ашык болуу. Пландан ашты. Ишке, жүзөгө же турмушка ашуу — орундалуу. Таң ашуу — алыс жол жүрүп келгенден кийин чөп жебей каңтара байланып туруу (жылкыга карата).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШ — киши өлгөнүнө жыл айланган учурда же андан кийинчерээк өткөрүлүүчү маркумду эскерүү жөрөлгөсү. Аш түрк-моңгол элдеринде эң эле байыртадан келаткан салт. Аш «Манас» эпосунда айрыкча эпостун борбордук окуяларынын бири — «Көкөтөйдүн ашы» бөлүмүндө кеңири баяндалат. Аш деген термин кыргыз элинин турмуш-тиричилик салтында татаал, идеологиялык көз караштарга бай, уруулук-жамааттык мамилелерди даана көрсөтө ала турган туюнтма. Маркумдун арбагына багыштап аш берүү жалпы жонунан кыргыз элинде өлүктү коюу жана арбакты эскерүү салттарына кирип кетет. Элдин анимисттик маанайдагы түшүнүктөрү боюнча адам өлгөндөн кийин анын денесинен жаны бөлүнүп чыгып арбакка айланат. Өлгөн адамдын арбагы өзүнүн журтуна кайтып келип өз бала-чакасын, туугандарын, досторун колдоп жүрөт имиш. Элдик түшүнүк боюнча арбак да кадимкидей тамаксырайт. Эгерде арбакка багыштап тамак бербесе анда арбак ошол жакындарына жамандык алып келиши ыктымал деп эсептешкен. Мына ошондуктан, арбактан коркушуп ага атайын багыштап мал союп, элге тамак беришкен. Экинчи жагынан, ошол өлгөн кишини эскерүү иретинде анын урматына арнап тамак берүү расмиси. Аштын төмөндөгүдөй түрлөрү бар: кара аш, кырк аш, аш же чоң аш (кээде жылдыгы деп аталат). Булардын ар бири өткөрүлүүчү мезгили, катышкан элдин саны, жасалуучу жөрөлгөлөрү жана башкалар белгилери менен бири-биринен айырмаланып турат. Кара аш адам өлгөн күнү, эртеси берилет. Кырк аш (кээде жөн эле кыркы) адам өлгөндөн кырк күн өткөндөн кийин беришкен. Көпчүлүк убакта кырк күнгө жеткирбей эле 37 — 39 күн өткөндөн кийин да бере беришкен. Мындан сырткары анча чоң эмес ат чабыш уюштурулушу мүмкүн. Эпосто да Көкөтөйдүн кырк ашында Бокмурун байге сайып ат чаптырат. Кырк ашта маркумдун жакындары өз ара кеңешип чоң ашты качан берерин аныкташат да, элге кабарлашат. Эпосто Бокмурун атасы Көкөтөйдүн ашын качан берерин айтып мындай дейт:
Өткүр бала Бокмурун
Өз журтуна сөз салды:
Бакардын сүтү көлдөсүн,
Малдын баары төлдөсүн
Быйылдан бөлөк эки жыл,
Үчүнчү жылда аш берсек
Ага-ини, журтум амал кыл (Сагымбай Орозбаков, 3. 65).

Чоң аштын мөөнөтү келгенде маркумдун жакындары чогулуп кеңеш курушат. Уруулук мамилелердин салты боюнча аш өткөрүү ошол өлгөн адамдын жакын туугандарынын иши эмес, ал бүт уруунун, ал эми маркум тирүү кезинде өз элине аттын кашкасындай таанымал болуп, элге эмгеги сиңген адам болсо анда жалпы элдин милдетине айланат. Мисалы, Көкөтөйдүн ашын өткөрүү боюнча кеңеште ашка кимди чакыруу керек, келген меймандарды кандай жайгаштыруу керек, ашты ким бийлеши керек деген сыяктуу маселелер чечилет. Бокмурун ашты бийлөөнү Кошойдон суранат: «Абаке Кошой сүйлө деп, Аш берээр жерди бийле деп Бокмурун айтты мындай кеп» (Сагымбай Орозбаков, 3.75—76). Ашты өткөрүүгө ылайык жер тандоо да маанилүү маселе болуп эсептелген. Биринчиден — меймандардын аттары кенен-кесири оттогудай жер болуш керек, экинчиден — суусу мол болушу керек, үчүнчүдөн — бардык тигилген үйлөр бири-бирине тоскоол болбой батыш керек, төртүнчүдөн — өткөрүлүүчү оюндарга, ат чабышка ылайык жер болуш керек. Көкөтөйдүн ашын өткөрүү боюнча кеңешке катышкандар ашка ылайык жерди бир топко чейин талашышат. Кээ бирлери Алтайдын туура тушундагы Сары-Арка деген жерин сунуш этишет, дагы бирөөлөрү Алай, Суусамырды ылайык дешет.


Отургандардын калган көпчүлүгү бул айтылган жерлерге макул болушпайт, анда Кошой мындай дейт:
Аш берээр жерин тандады
Абаң Кошой токто деп
Көбүнө сүйлөп калганы:
Баарыңарга эп болсо,
Бабаңар айткан кеп болсо,
Күн батыш жагы Ысык-Көл,
Ар тарабы бирдей тең,
Иледен ылдый айдаса
Ат чабуучу жери кең,
Ашка ылайык ушу бар,
Ар тараптан сандалып
Аккан булак суусу бар,
Кең Каркыра атагы,
Сиркедей шакел чыкпаган
Кайнатып алма тузу бар.
Карагат, кайың, тереги,
Канчалык жагып жатсаң да
Отунга тиер кереги
Ат чабылар жери мол
Ашка ылайык жер ошол (Сагымбай Орозбаков,3.77),
— деп отургандар Кошойдун сунушун эп көрүшүп, ашты Каркырада бермек болушат. Ашка элди чакырууга да атайын кабарчыларды белгилешкен. Кабарчы токтоо, жөн билги, ишенимдүү адамдардан болуш керек. Эпосто жаш Айдарды кабарчы кылып дайындап жатышып мындай дейт:
Ар жумушка дилгирген,
Алтымыш түрдүү тил билген,
Ары тилмеч, ары акын
Ар жакшыга көп жакын (Сагымбай Орозбаков, 3. 86).

Салт боюнча, элдик диний көз караш боюнча ашка чакырылган адамдар дене-башы соо болсо сөзсүз келиш керек. Келбесе арбак ыраазы болбой калат, ошол адамды арбак колдобой иши оңбой калат деп эсептешкен. Мына ошондуктан, ашка чакырганда өкүм менен «баланча күнү түкүнчөнүн ашы, келсин», — деп айтышат. Эпосто да Бокмурун кабарчы жаш Айдарга чакыра турган адамдарды санап берип жатып кабарды аттан түшпөй туруп катуу айт: «Келбеген болсо ашыма Кесири тиер башына» (Сагымбай Орозбаков, 3. 98),— дейт. Аш берилүүчү күн бул улуу күн. Так ушул күнү бардык даярдыктар бүтүп ар кимиси кеңеште белгиленген иш менен алек болушат. Мына ушундай даярдыктардын бири жөнүндө эпосто мындай ыр саптары бар:
Эртесинде шашкеде
Миң кемеге ойдуруп,
Ар кемегеде бир киши
Миң азамат койдуруп,
Көтөргөнү миң отоо,
Эт жыйнатып ошого,
Бирден - бирден чал турган
Эт кайтарып босого (Сагымбай Орозбаков, 3.121 — 122).
Чоң аштын жүрүшүнө ар кандай оюн-зооктор да кирет: жамбы атуу, балбан күрөш, эр сайыш, ат чабыш жана башкалар Бул оюндар элдин черин жазып, көңүлүн аччу тамашалар экендиги маалым. Бирок, аза күтүү салтынын бул элементи — ашта кандайча орун ээлеп калган, ал кыргыз тарых, этнография, фольклористика илиминде терең иликтөөгө алына элек илимий проблемалардын бири. Чоң аш берүү салты жеке эле «Манас» эпосунда эмес, кыргыз элинин кечээ жакындагы эле турмушунда, ошондой эле тарыхый булактардагы маалымат боюнча байыркы замандардан бери келе жаткан салт. Ал эми байыркы заманда, мисалы, Орхон-Эне-Сай жазууларында көзү өткөн Каганды көмүү, аза күтүү расмиси болгондугу тууралуу, ага төгөрөктүн чар тарабынан ар түрдүү адамдар келип кагандын элесине таазим кылгандыгы жөнүндө маалыматтар калган. Алардын бирине Кыргыздардын да каганы келгендиги тууралуу айтылат. Албетте, келген коноктор жөн кетпестен тигил же бул оюндун түрү боюнча күч сынаша кетишкен. Ал эми аскердик демократиялык коомдун жашоо шартында көз жумган жол башчынын ордун ээлөө максатында уруулардын ортосундагы талаш-тартыш ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш, оодарыш, жамбы атуу жана башкалар ушундай сыяктуу оюндар аркылуу чечилиши ыктымал. Мындай оюндарда кайсы уруунун жоокерлери тайманбас, эр жүрөк, шамдагай экендиги, аттардын мыктылыгы дегинкисин айтканда, жоого чыгууга, эл-жерди коргоого кимдин даярдыгы талаптагыдай болсо топтун жетекчиси жол башчынын ордун ээлеген. Кийинчерээк, аскердик демократиялык коомдун ыркы кетип, бийлик мурас катары атадан балага өтө баштаганда бул оюндардын да адепки мааниси өзгөрүп, аш тек гана өлүктү коюу жана аны эскерүү маанисиндеги туруктуу салттарга айланып калышы ыктымал. Үчүнчүдөн, негизгиси, чоң аш өлгөн адамдын байлыгын, даңкын, эрдигин даңазалоонун бир түрү. Демек, аш бардык атрибуттары менен бай адамдардын гана колунан келчү иш. Анын үстүнө мындай аштарды өткөрүү кедей-кембагалдардын башына түшкөн мүшкүл. Алар көпчүлүк убакта өз эсебинен келген конокту күткөн: малын сойгон, минип келген аттарын от менен камсыз кылган жана башкалар Аш бүтөрүндө өткөрүлүүчү салттардын бири өлгөн адамдын жесирине, анын кыздарына байланыштуу. Элдик салт боюнча өлгөн адамдын тулу (к. Тул) боз үйдөн бейитине алып барып ташталат. Жесирдин кара кийими чечилип отко жагылат, ага жакын туугандары алып келген кийим жабылат. Кыздарынын башындагы кара жоолук чечилип, ак жоолук салынат. Балдарынын бел курчоолору да жаңырат. Ушундан баштап аза күтүү, ый, кошок басылат, журт жаңыртышат.
А. Көчкүнов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамак, оокат. Аш көп болсо, каада көп (макал). Ар бир адам кумар болот өзүнчө, Мейман тосуп, аш-тамагын бермекке (Осмонов). 2. Палоо. Аш демде. 3. этн. Өлгөн адамды эскерип, урматтап мал союп, элге тамак берүү салты. Көкөтайдын ашы экен, Көп чатактын башы экен («Манас»). Кара аш. Сөөк коюлган күнү берилген аш. Чоң аш. Бир жылдан кийин берилген аш. 4. Кээ бир дарак, бадалдардын мөмөсү, жемиши. Ит мурундун ашы. Чычырканактын ашы. Долоно, четин аштары, Мончоктой кызыл мөлтүлдөйт (Токомбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тоодон, ашуудан ж. б. ары өтүү, өтүп кетүү. Ашуусу бийик тоо ашты, Агыны катуу суу кечти («Эр Төштүк»). 2. Белгилүү бир чектен, өлчөмдөн ж. б. өтүү, андан ашык болуу. Арыктан аша жулкунуп, Агын суу жатат шаркырап (Нуркамал). Жыйырмадан жаңы ашкан Жигит эле эр жеткен (Бөкөнбаев). Эркин эмгек, кең билим кучагында Артылып аша берсин биздин таалай (Нуркамал).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. сүйл. Чоң-чоң сугунуу. Күмүш бээ сааганда Токтогул сүттүн көбүгүн кочушуна толтуруп ашап-ашап алат да, көнөктүн бирөөнү көтөрүп жөнөйт (Аалы).
АША II такт. Өтө, абдан. Ак каңкы ээр ылайык Аша чуркар күлүккө (Маликов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШАЙ — эпизоддук кейипкер, кытай баатыры. Араниктеги согушта азар түмөн кол менен Кеселикке келип кошулганы айтылат (Курама варианты, 1. 116).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардыгына кол шилтөө, мейлиге салуу. Баарынан аша кечип, кайда барат деги?! (Ашымбаев). Эмнеликтен аша кечип жүрөсүң, Акбар иним?! (Убукеев). Акырын каалгышып жүгүнчү эле, Турмуштан туталанып аша кечип (Турусбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШАҢ — эпизоддук кейипкер, казак балбаны, Кабай байдын уулу. Араниктеги согушта Качалык менен жекеге чыкканда көзүнө найзанын сыныгы кирип, кошунун көздөй кетип баратканда Качалык артынан келип жарадар кылганы айтылат (Курама варианты, 1. 121).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Арабча хашар этиши «чогултуу, жыйноо» маанисин берет (АРС, 219). Андан хашр деген зат атооч жасалат да, «чогулуш, жыйын» деген маани билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине ашар түрүндө кабыл алынып, «элди жыйнап, ошолордун күчү менен ишин бүтүрүп алуу» деген маани берип калган» (Сейдакматов 1988:36).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк согууда, кереге көктөөдө, там салууда чеберлердин — адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана үйдү бүтүрүү салты, бир иштин соңуна чыгуу аракети. Ал мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун-узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болот. Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар — нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар үйрөнгүчтөргө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Буга келгендерди үй ээси мал союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мисалы, килем токууга келген көпчүлүк аз күндүн ичинде эле (4,5 мХ2,4—3) «төр килемин» токуп коюшат.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Арабча хашар этиши «чогултуу, жыйноо» маанисин берет (АРС, 219). Андан хашр деген зат атооч жасалат да, «чогулуш», «жыйын» деген маани билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине ашар түрүндө кабыл алынып, «элди жыйнап, ошолордун күчү менен ишин бүтүрүп алуу» деген маани берип калган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШАРСУУ — эпизоддук кейипкер, калмак баатыры, Панус кандын жээни. А. кыргыздын жылкысын тийип алып, Манас менен согушуп жеңилет да, тартуу тартып жарашат. Манастан Алооке кандын зомбулугунан сактап калуусун өтүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Теринин ички бетине ашаткы сыйпап күнгө коюп, терини иштетүүгө даярдоо.
АШАТ II этиш. 1. Сугунтуу. Эт ашат, ашатсаң, беш ашат (жаңылмач).
2. өт. Жаман сөздөр менен тилдөө, сөгүү. Айдараалы Тоозакты абдан ашата тилдеп баратты (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ашат- I
квасить (кожу).
ашат- II
понуд. от аша- I
1. угощать кого-л. собственноручно, кладя ему в рот пищу;
эт ашат, эт ашатсаң беш ашат скороговорка давай в рот мяса, если даёшь в рот мяса, давай пять раз;
2. перен. изругать;
албууттанып кээде ар кимди ашатып сөгө да берди разбушевавшись, он иной раз всех ругал отборной бранью;
сени аябай ашатты, ошого жооп бериш керек эле он тебя облил помоями (неприличной бранью и т.п.), тебе следовало бы ответить ему.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде териге улпак аралашкан ачыган айранды сүйкөп коюуну ашатуу дейт. Бул сөз уйгур жана өзбек тилинде ашла болуп колдонулат. Ушуга караганда кыргызча ашат сөзү аш+ат бөлүктөрүнөн турат. Анын аш уңгусу алгачкы аш «тамак» маанисиндеги сөздүн маанисинин өнүгүшүнөн келип чыгышы мүмкүн. Болжолу, улпак кошулган айран да аш делип аталган. Мына ошол сөзгө этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганып, ашла сөзү келип чыккан. Кыргыз тилинде үнсүздөрдүн ээрчишүүсү боюнча ал ашта болмок, бирок -та мүчөсүндөгү тыбыштар метатезаланып, ашта түрүнөн ашат түрүнө келип калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. аша I этишинин аркылуу мамилеси. 2. өт. Жаман сөздөр менен аябай сөгүү, тилдөө. Айдараалы Тоозакты абдан ашата тилдеп баратты (Абдукаримов). Ата-бабасын, оозу-мурдун койбой жерге житире ашатты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Кырк эчкинин териси, Ашаткыга жатыптыр, чыгы менен катыптыр» («Манас») Терини ашатуу үчүн пайдалануучу жарма, ачкыл, айран жана улпактын аралашмасы.
      Жаңы сыйрылган терини жайып, күнгө бир аз тоборсуган соң анын чел этин алуу үчүн жандыктыкына (кой, эчки, кийик) орок, бодонукуна (төө, уй, топоз) кол күрөк керектелет. Жарма, айран, улпактын аралашмасы ашаткы болуп эсептелет. Адатта, ачыган айранга кара тузду жана улпакты, кээде ачкыл жарманы аралаштырып, жандыктын терисинин бетине бирдей жайып, күнгө коет. Же жандык союлары менен туз сээп, күнгө кургатат. Анан ун аталасына айрандан кошуп, же кошпой деле өзүнчө жалатып, 5—6 күнчө бүктөп коет. Тырмап көргөндө эти сыйрыла из түшүп калганда, терини жууп туруп, коңур кургак кылып кургатат.
      Бетине 5—6 күн ашаткыны жаңылап, күндүн илеби сууганча жайып, кайра алып, бүктөп койсо, күнгө жайылган жандыктын терилери ийине бат келет. Бул ыкмалар «терини ашатуу» деп аталат. Тери ийине келгенде нымыраак бойдон баканга арта салынып, көлөкөгө жайылат. Ашатуу — терини колдоо иштетүүнүн алгачкы аракети.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Чектен чыгуу, өтө ашыкча кетүү. Анча мактанбаңыздар, өтө аша чаап кетпеңиздер - деди (Бердикеев). Кадыке, кантесиң, кээде эле ушинтип аша чаап кетмейиң бар (Бердикеев). Бул сөздөрүңдүн айрымдарына кошулсам болот эле, бирок аша чаап кеттиң? (Медетов). Аша чапкан жерим жок, Сукентай, өз керт башымдан өткөргөн үчүн айтып жатам (Бердикеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чектен чыгуу, ашыкча кетүү, Анча мактанбаңыздар, өтө аша чаап кетпеңиздер, – деди (Бердикеев). Кадыке, кантесиң, кээде эле ушинтип аша чаап кетмейиң бар (Бердикеев). Бул сөздөрүңдун айрымдарына кошулсам болот эле, бирок аша чаап кеттиң? (Медетов). Аша чапкан жерим жок, Сукентай, өз керт башымдан өткөргөн үчүн айтып жатам (Бердикеев). Агасы кулак деле эмес экен, андай орто чарба кишилердин кээ бирин жаңылыштан, аша чапкандыктан айдаган каталык ачылып, кайра бошоткондо жолдо келатып, үйүнө жетпей каза болгон экен (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ченден чыккандык, өтө ашыкча кеткендик. Атасы кулак деле эмес экен, андай орто чарба кишилердин кээ бирин жаңылыштан, аша чапкандыктан айдаган каталык ачылып, кайра бошоткондо жолдо келатып, үйүнө жетпей каза болгон экен (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргыздар пайдаланган убакыт өлчөмү: аш-тамак бышууга кеткен убакыт, болжолдуу эки саатча убакытты туюнтат. Аш бышымдай ыйлады («Манас» С. О.). Анан Төлөмүш кенен аш бышым сүйлөшүп, Жумандын жанында отуруптур (Бердикеев). Ашыкпастан энеңе, Аш бышымда жетем деп (Тоголок Молдо). В.: Эт бышым. Эси эңгиреп Табылды, Эт бышымдай жатты эми («Эр Табылды»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге колу жетип, ичкен-жегенге жетишип калуу, аздыр-көптүр катарга кошулуп, алынышып, кадыр-баркка ээ боло баштоо. Биз дагы эл-жерге аман-эсен келип, ашка аралашып калдык («Ала-Тоо»). Биз адам катары ашка аралашып калдык.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сөңгөгү, сабагы жерге төшөлүп өсүүчү, мөмөсү чоң тоголок же сүйрү жумуру болгон өсүмдүк. 2. Ошол өсүмдүктүн тамак же тоют үчүн колдонулуучу мөмөсү. Күзүндө атамдын ашкабагынан казандай болгон бирөөнү сурап берем (Бейшеналиев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз орфографиясында ашкабак сөзү бирге жазылганы көнүмүшкө айланып кетти. Чындыгында бул аш+кабак деген эки сөздөн турат. Анткени суу кабак, таш кабак сыяктуу кабактын түрлөрү да бар. Таш кабагынан көбүнчө буюм-тайымдар жасалса, ашкабагынан тамак-аш жасалат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзүнчө эмгектенбей, бирөөгө салмагын салыш, анын эсебинен жан баккан, жатып ичер, аяк бошотор, жалкоо. – Кайын журтуна алгач кадырлуу мейман болор, анан эч ишке жарабаган, ашка жүк, башка жүк күч күйөөлүккө чыдай алмакпы (Айтматов). Ашка жүк, башка жүк кылбай, мунуңу кетирсеңчи! Чын эмеспи, балдар чыгат осол, Ата-эненин ашына жүк, башына жүк (Борбугулов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзүнчө эмгектенбей, бирөөгө салмагын салып, анын эсебинен жан баккан, жатып ичер, аяк бошотор, жалкоо. - Кайын журтуна алгач кадырлуу мейман болор, анан эч ишке жарабаган, ашка жүк, башка жүк күч күйөөлүккө чыдай алмакпы (Айтматов). Ашка жүк, башка жүк кылбай, мунуңу кетирсеңчи! Чын эмеспи, балдар чыгат осол, Ата-эненин ашына жүк, башына жүк (Борбугулов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
кирг.-ир.
1. кухня;
2. столовая (место общественного питания); харчевня;
3. этн. женская половина юрты (место в юрте с правой стороны от входа, огороженное чием, см. чий I);
4. южн. этн. циновка (которой огораживают правую сторону юрты - её хозяйственный комплекс).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тамак бышырууга ылайыкталган бөлмө. Ашканасы өзүнчө бөлмөлүү үйүң бар эле (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Көпчүлук үчүн тамак-аш даярдап сатуучу жай, столовая. Кендеги ашканада иштөөчү Марфа.. жумушчулардын арасында бат эле кадырга ээ болду (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Боз үйдүн оң жак капталындагы чий менен тосулуп, ичинде идиш-аяк, оокат туруучу бөлүк. Ашкана тараптагы жупуну кийинген аял өчүп бара жаткан отко тезек жаңыртып калады (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боз үйдүн оң жак капшытындагы чыгдан менен тосулуп, ичине тамак аш, идиш-аяк коюлуучу жай, эпчи жак. Ашкана тараптагы... аял өчүп бара жаткан отко тезек жаңыртып калады (Жантөшев). 2. Боз үйдүн ошол жаккы тарабына тартылуучу чий, чыгдан. Чырмалган ашкана. Ашкананы калап коюу. 3. Тамак бышыруучу бөлмө, кухня. Апасы ашкана жакка басканда, Сапар төркү бөлмөгө кирди (Сасыкбаев). 4. Көпчүлүк үчүн тамак-аш даярдап сатуучу жай. Студенттердин ашканасы. Жумушчулардын ашканасы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзү эчтеме кылбай, башкалардын эсебинен жашаган жатып ичер жалкоо, аяк бошотор. Сенин кызыңдай эчтемеге жарабаган ашкеби эмес Жылдызкан (Байтемиров). Падышаңдын тактыдан түшкөнүн уктуңбу, арам тамак ашкеби? – деди надсмотрщикке Харитонов (Абдукаримов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. явный;
ашкере сулуу настоящая красавица;
ашкере кыл- выявить, обнаружить;
ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат погов. как ни скрывай болезнь, смерть (всё равно ее) выявит;
ашкере бол- стать известным, выявиться, обнаружиться;
ашкере көрүп алды он ясно увидел;
2. легальный.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандай экендиги, эмне экендиги белгилүү, айдан ачык. Бул үн булбулдуку эмес экендиги ашкере болду (Жантөшев). Ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат (макал). 2. Барып турган, бөтөнчө. Ашкере, баатыр Табылды Кырга чыгып барды эми («Эр Табылды»). Ашкере сулуу Чүрөктөн, Алакандай кат алып («Семетей»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АШКЕРЕ КООПТУУЛУК БУЛАГЫ – өзгөчө касиеттери айлана-чөйрөсүнө зыян келтирүү ыктымалдыгынын ашкере кооптуулугун туудурган объекттер (унаа каражаттары, механизмдер, жогорку чыңалуудагы электр кубаты, атом кубаты, жарылгыч заттар, күчтүү таасир эткен уулар, курулуш иштери ж. б.). Жалпы эрежелерде каралганга караганда А. к. б. келтирген залал үчүн мыйзам кыйла катуу жарандык жоопкерчиликти белгилейт. Зыян келтирүүчүнүн күнөөсүнүн канчалык экендигине карабастан, залал ордун толук толтуруу милдети жүктөлөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чыныгы жүзүн көрсөтүү, бетин ачуу, ашкере кылуу, бети жоктугун көрсөтүү. Калык кээ бир ырларында эзүүчүлөрдүн зулумдугун катуу ашкерелейт («Ала-Тоо»). Айрым чиновниктердин туура эмес иштерин мезгил ашкерелейт («Эл сөзү»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. привычное, обычное дело;
кылыч чабыш - ашмалтай иш, ат жалында куюн болуп ойноймун стих. рубить мечом - дело привычное, на коне я играю, как вихрь;
2. (чаще о коне) привыкший к побоям и понуканиям и не реагирующий на них.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШМАРА — топоним. Көкчөдөн кеткен Алмамбет баатыр Манаска келе жатканда басып өткөн жер (Сагымбай Орозбаков, 2. 299, 303). Географиялык реалияда Чүй өрөөнүнүн батышындагы өзөн. Тарыхый даректер боюнча 9-кылымдан түрк урууларынын кыштагы (азыркы Чалдыбар урандылары) жана ошондой кылымдарда (Аспар, Ашпар) этноним катары да белгилүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
наставлять; вставлять рукоятку, насаживать на рукоятку; прикреплять;
кайза ашта- насадить наконечник копья на древко;
керки ашта- насадить тесло на рукоятку (см. керки).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде ашта этиши «курал-жарактардын металлдан жасалган башын сабына бекитип коюу» дегенди билдирет. Мисалы: найза ашта, кетмен ашта, керки, ашта. Байыркы түрк тилинде болсо, тескерисинче, куралды эмес, «идиш-аяктын жарака кеткен жерин бекитип коюу» дегенди билдирген. Махмуд Кашгаринин «Диванында» ол аяк ашлады «он скрепил (разбитую) чашу с помощью скобы» деген мисал келтирилген. Анткени ал кезде аш сөзүнүн өзү «идиш-аяктын жаракаларын кармата турган металлдан жасалган кичинекей кадоо» дегенди билдирген (МК I, 80). Ошол уңгуга этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганып, ашта этиши келип чыккан. Сөздүн байыркы мааниси сакталып, бир калыпта тура бербестен, кыргыз тилинде идиш-аякты жамоого, кадоого карата ашта сөзү колдонулбай, металлдан жасалган бөлүгүн жыгачка кептеп, киргизип бекитүүгө карата гана айтыла турган сөз болуп калган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШТАР, Наштар — кыргыздардын элдик медицинасында колдонулган байыркы аспап. Кош миздүү, болоттон жасалган курч бычак. Жоокердик замандагы негизги милдети жараттагы бузук канды чыгаруу болгон. Эпосто А. денеге сайылып токтоп калган жебенин сыныгын же окту тилип чыгарып алуу үчүн да колдонулганы айтылат:
Сом этине калды деп,
Чыкпай туруп алды деп,
Аштар алып колуна
Тилип жаткан андан көп (Сагымбай Орозбаков, 1. 287).

Денеге токтоп калган жебенин сыныгын же окту А. менен тилип алуу процесси эпосто аштар-лоо деп аталат: «Токтогон окту аштарлап — тилип жаткан андан көп» (Курама варианты, 1.130).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде малга туз, жем бере турган идиш аштоо аталат. Мурдагы аштоолор узун жыгачтан оюлуп жасалып, эки башы казыкка ашталып бекитилип коюлчу. Биздин күндөрүбүздө аштоо жыгач доскалардан бириктирилип жасалып, жылдырып коюуга ылайыкталып, өзүнө бекитилген буту менен боло баштады. Кээде резина дөңгөлөктү эки бөлүп тилип, ага туз, жем салып, аны да аштоо дечү болду. Бирок аштоонун аты мурда узун жыгачты оюп, эки башын казыкка аштап бекитип койгонунан улам келип чыккан. Анткени бул сөз аш+та+оо деген бөлүктөрдөн турат. Аш уңгусуна этиш жасоочу -ла мүчөсү жалгануудан ашта сөзү келип чыккан. Ал этишке зат атооч жасоочу -оо мүчөсү жалгануудан аштоо сөзү жаралган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Малга жем, суу, туз берүүгө ылайыкталып, жыгачтан ашталып жасалган ноо, акыр. Аттардын аштоосуна сулу төгүп салыптыр (Токомбаев). Койлор аштоолорго карай жүгүрүп, жемге келе баштайт («Ала-Тоо») .

Киргизско-русский словарь Юдахина
хлебные злаки; посевы хлебных злаков;
аштык сал- сеять; производить посевы хлебных злаков;
чыкпаган аштыкка өтпөгөн орок погов. собирать урожай с незасеянной полосы (букв. на непосеянные злаки тупой серп);
аштыгың чийки ордукпу? мы тебе пакость какую сделали, что ли? (букв. мы твой хлеб незрелым сжали, что ли?).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Айдалган дан эгиндери жана анын даны, түшүмү. Мыктыбек ар кимдин аштыгын айдап, чөбүн чаап, кара жанын карч уруп жүрүп үй-бүлөсүн баккан неме эле (Каимов). Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу (макал). Батырактардын аштыгы көп, карды ток (Элебаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. ист. человек, обязанный следить за посевами бая и поливать их (за что получал часть урожая равную, примерно, количеству посеянных семян);
2. (в эпосе) сеятель, земледелец;
куу дүйнө жыйып, мал күтүп, не муратка жетейин? андан көрө мен эми аштыкчы болуп кетейин фольк. собирая богатства и разводя скот, чего я достигну? лучше я теперь стану земледельцем.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. адаб. Кавказ элдеринде жана түрктөрдө музыкалык аспаптардын коштоосу менен дастандарды, элдик ырларды жана өзүнүн чыгармаларын аткарган киши. 2. Кээ бир Кавказ калктарынын (азербайжан, армян, дагестан) калк жарчысы, ырчысы, акыны.

Киргизско-русский словарь Юдахина
с горным перевалом;
ашуулуу аска белдерден ак кардуу салкын төрлөрдөн фольк. через скалистые горы с перевалами, через горные пастбища с белым снегом;
таянган ашуулуу аскар бел перен. опора, что каменная стена.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Иши оңолуу, тилеги орундалуу, максатына жетүү, Эгиндүүлөрдүн ашыгы алчы туруп, өтө кылдаттык менен туйтуна башташты (Абдукаримов). В.: Ашыгы айкүр туруу. Мелис менен Асанбектин ашыгы айкүр туруп, таң эртең менен алыскы сапарга жол тартып бара жаткан («Кыргызстан маданияты»). Ашыгы алчы конуу. Азыр алардын ашыгы алчы конуп турган кези («Агым»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ашык I
находящийся в излишке; излишек; превышающий, превосходящий;
ашык тап- находить излишним;
ашыгы менен с излишком, с избытком;
планды ашыгы менен бүттү он перевыполнил план;
беш метрден ашык больше пяти метров;
ашык-кеми жок ни больше ни меньше; ровно;
ашык-кеми жок жүз сом ровно сто рублей;
ашык-кеми жок жыйырма бнр жыл турду он жил ровно двадцать один год;
ашык баш излишний, лишний;
ашык баш түйшүк лишние хлопоты.
ашык II
ар.
влюблённый;
ашык жар возлюбленный, возлюбленная;
ашык бол- влюбиться;
ашык болгон жаш жигит фольк. влюблённый юноша;
ашык-машык южн. шарнир (напр. дверной).
ашык III
то же, что чүкө;
ашык ойно- или ашык ат- играть в альчики;
ашык атып ойногон балдар аман жатабы? фольк. здравствуют ли мальчики, забавляющиеся игрой в альчики?
кызыл ашык или кызыл ашык томугу лодыжка, щиколотка (её выпуклость с внутренней стороны ноги);
көк ашык или ак ашык собака по второму году;
кой ашык собака по третьему году;
куу ашык собака по четвёртому году;
экинчи (үчүнчү) куу ашык собака по пятому (по шестому) году и т.д.;
кумурскасын караса, куу ашык болгон тайгандай фольк. посмотреть на (тамошних) муравьёв, они (величиной) с взрослую борзую;
ашыктай (о человеке) низкого роста и коренастый, крепыш;
алтымыш жаман бергиче, ашыктай жалгыз берсечи фольк. чем давать (мне) шестьдесят никудышных (сыновей), лучше дал бы (бог) одного крепыша.
ашык- IV
торопиться, спешить;
ашыкпа не торопись, не спеши;
ашыккан ашка бышкан погов. спешивший пищей обварился; поспешишь - людей насмешишь;
ажал-өлүм кайда жок, ашыккан иштен пайда жок погов. смерть везде есть, от спешки пользы нет.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Сүйгөн адам. Ашык жары Кишимжан Ак үйдөн чыкты керилип («Олжобай менен Кишимжан»). Ашыгым жоону жеңип, мөөрөй алган (Нуркамал).
2. Абдан берилгендик. Жан жүрөктү өнөргө Ашык кылган мугалим (Бөкөнбаев).
АШЫК II зат. Чүкө. Ашык атып ойногон, Балдар аман жатабы? («Семетей»).
Ашыгы алчы туруу — иши оңолуу, оңтой берди болуу. Эгиндүүлөрдүн ашыгы алчы туруп, өтө кылдаттык менен туйтуна башташты (Абдукаримов). Кызыл ашык — буттун башы менен шыйрактын төмөнкү учунун кошулган жери.
АШЫК III такт. 1. Артык, көп, арбын. Эпкиндүү келин Бурмажан, нормасын ашык бүтүргөн (Осмонкул).
  1. 2.                  Белгилүү бир чектен, нормадан четке чыгып кеткен, ашкере. Ашык сөздү сүйлөбөй азыраак гана тыным ал (Бөкөнбаев). Сергей эмнегедир «ашык айтып «Кошумбу» деген кишиче чочуп, сөзүн айтпай токтоло калды (Сыдыкбеков)
  2. 3.                  Жогору, өйдө. Өлгөн жолборстон тирүү чычкан ашык (макал).

АШЫК IV этиш. Шашуу, шашылуу. Ашыккан ашка бышкан (макал). Өзүм да билбейм, ашыгып сүйлөдүм (Сыдыкбеков).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШЫК, чүкө оюну — байыркы убактарда жоокерчиликтин таасиринен жана мал чарбачылыгы менен мергенчиликке байланыштуу келип чыккан кыргыз элинин улуттук оюну. Кан таламай, канымдат, ордо, упай, үчүм, чокон, атмай, сасыткы, жеп кетти, чүкө бекитмей, ашык калчоо, нөлдө жана башкалар оюндардын жалпы аталышы. Эпосто А. Манас бала кезинен тартып ойногон оюн катары учурайт: «Алты бала чогулдук, Нак ушу жерге жатабыз, Ашык оюн атабыз» (Сагымбай Орозбаков, 1. 120). «Семетей» эпосунда да А. эскерилет: «Ашык атып ойногон, Балдар аман жатабыз» (Курама варианты, «Семетей», 143).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Арабча (г)ашык сөзү «сүй» деген маани берет (АРС, 661). Ошол эле этиштен (г) ашык деген сын атооч сөз жасалат да, кыргызча «сүйгөн» маанисин туюнтат. Мисалы: ашык жар— сүйгөн жар. Ушул эле сөздүн башкы а тыбышы ы тыбышына өзгөрүшүнөн араб тилинде ышкы «сүйүү» деген зат атоочтук маани берген түрү да азыркы кыргыз тилине келип кирген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү ченден, өлчөмдөн көп, артык, арбын. Төлдөтүп ашык чарбасын Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул). Планын ашык толтуруп, Путтап шекер, кант алган (Нуркамал). 2. Чектен, нормадан чыгып кеткен, ашкерелиги бар. Болуптур, ашык сөзүм болсо кечирип кой (Сасыкбаев). 3. Артыкчылыгы бар, өйдө, жогору, мыкты. Сенин элден ашык болуп кеткен эчтемеңди көрө албадым («Чалкан»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ашыктык I
чрезмерность; превосходство.
ашыктык II
любовь; влюблённость;
өзүнүн ашыктыгын Алымга айтат она говорит Алыму о своей любви (признаётся в любви);
ашыктык оту любовный пыл.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Бирөөнү сүйүп калгандык, бирөөгө көңүлү түшкөндүк, ашык болуучулук. Ашыктыктан ырдасам, Уяласың, Мырзайым! (Барпы).
АШЫКТЫК II зат. Көптүк, артык баштык. [Айнаш].. азыркы менин айта турганымды уксаңыз ашыктык кылбас (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көптүк, артык баштык. Дагы миңдеген баш мал жайылса да, ашыктык кылбай турган кенен жайлоо экен («Ала-Тоо»). 2. Орунсуздук, ылайык келбегендик. Ашыктык кылбаса, агатай, иниңиздин бул сөзүн көңүлүңүзгө сактарсыз («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от ашык- IV
торопить; беспокоить, причинять беспокойство;
күз дыйканды да, малчыны да ашыктырган осень беспокоила и крестьянина, и скотовода;
айылдын баарын көчүрүп, ашыктырып качырып фольк. весь аул он переселил, торопя спасаться бегством.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Арбыныраак, ашыктыгы бар, артык баш. Анын мындан ашыкча мал-мүлк кылайын деген деле ою жок (Абдукаримов). 2. Артыкча, чектен ашкан, орунсуз болуп калган, аша чапкан. – Мага айткан сөзүңдө бир да ашыкча кеп жок, уулум – деди Кулбаш (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШЫМ Афер (1922, Ооганстандын Бадакшан вилайетиндеги Чоң-Памир өрөөнү) — манасчы, комузчу. Кызылаяк уруусунан. А-дан 1973-ж. 1-июль күнү француз профессору, түрколог Реми Дор «Манас» эпосунан: «Манастын Шооруктун кызы Накылайга үйлөнүүгө кылган аракети», «Манас Таластын жылкысын тийип, экөө беттешүүдө жарадар болушу» деген үзүндү жазып алган. Ал үзүндү 1982-ж. «Орто Азия» илимий журналынын 1—2-сандарына «Манастын» «Памирдеги үзүндүсү» (616 сап ыр) деген ат менен француз тилине которулуп жарыялаган. «Манас» эпосунун окуяларынан башка «Көр уулу» дастанын да айтат. Көптөгөн күүлөрдү чебер аткарган белгилүү комузчу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от аш- II
быть в излишке, превышать; превосходить;
ысыгы ашынды у него сильный жар; у него очень поднялась температура;
арманым баштан ашынды стих. горе моё безмерно;
жүрөгүм мокоп калыптыр, Кудайназар какбаштын кордугу өтүп ашынып фольк. настроение моё подавлено, поношение от плута Кудайназара перешло все границы;
ашынган исключительный, превосходящий всех (как в хорошем, так и в дурном);
комузчулугу ашынган он превосходный комузчи;
ашынган ууру несусветный вор;
ашынган митаам отъявленный негодяй;
ашынып кет- остервенеть.

Киргизско-русский словарь Юдахина
южн.
то же, что ашыкча.
ашыр-
понуд. от аш- II
1. заставить перейти, заставить перевалить через что-л.;
кырдан кыр ашырып, койду айдап жүрбөйм я не буду перегонять овец перевал за перевалом;
дубалдан ашыра ыргыттым я перебросил через забор;
үстүбүздөн ашыра мылтык атты он выстрелил поверх нас;
эртеңгиге ашырып, үнөм кылып койгула фольк. поэкономьте и сделайте так, чтоб перешло (хватило, осталось) на завтра;
2. увеличивать, преувеличивать;
чектен ашырып жибердиң ты хватил через край; ты слишком преувеличил;
өңүнө караган адам, анын жашын кырктан көп ашырбайт человек, который посмотрит на его лицо, больше сорока ему не даст;
ашыра орундат- перевыполнять;
алган милдеттенмелерин ашыра орундатышты взятые на себя обязательства они перевыполнили;
ашыра өндүрүү или ашыра өндүрүш перепроизводство;
ашырып сүйлө- говорить с преувеличением;
3. этн. (о всаднике, участвующем в козлодранье; см. улак) вырвать козлёнка у противника и положить к себе на седло или перебросить своему стороннику;
келиңиз, атыңызга ашырып берейин подъезжайте сюда, я переброшу (козлёнка) на вашего коня;
айланайын абаке, мага ашырып бергин! милый дядя, перебрось мне (козлёнка) !;
улакты ат жалына ашырып алган чоң улакчыларды жандай чаап скача рядом с большими мастерами козлодранья, которые втаскивали козлёнка на гриву коня;
турмушка ашыр- или ишке ашыр- проводить в жизнь; осуществлять;
таң ашыр- см. таң I.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШЫР — кейипкер. Эпосто датка деген мансапка ээ эл бийлөөчүлөрдүн бири катары айрым эпизоддор эскерилип жүрүп олтурат. Мисалы, Чубак жол талашып чалгынга кеткен Алмамбет менен Сыргактын артынан жөнөгөндө Бакайдын кеңеши боюнча А. датка жанына алты жайсаң алып Аксаргыл деген атты тартууга алып барат (Курама варианты, 2. 139).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тоодон, ашуудан, белден ары өткөрүү. Көрүнгөн белден эптеп ашыруу анын милдети эле (Жантөшев). 2. Кайсы бир чектен, ченден өткөрүп жиберүү. Болжогон чектен ашыруу максат эмес, толсо эле болду (Жусубалиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от ашыр-;
мечиттер жери эл байдасына ашырылды земли мечетей переданы народу;
ишке ашырыл- или турмушка ашырыл- быть применённым на практике; быть проведённым в жизнь;
соттун өкүмү ишке ашырылды приговор суда приведён в исполнение.