АШТЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Айдалган дан эгиндери жана анын даны, түшүмү. Мыктыбек ар кимдин аштыгын айдап, чөбүн чаап, кара жанын карч уруп жүрүп үй-бүлөсүн баккан неме эле (Каимов). Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу (макал). Батырактардын аштыгы көп, карды ток (Элебаев).