Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамак, оокат. Аш көп болсо, каада көп (макал). Ар бир адам кумар болот өзүнчө, Мейман тосуп, аш-тамагын бермекке (Осмонов). 2. Палоо. Аш демде. 3. этн. Өлгөн адамды эскерип, урматтап мал союп, элге тамак берүү салты. Көкөтайдын ашы экен, Көп чатактын башы экен («Манас»). Кара аш. Сөөк коюлган күнү берилген аш. Чоң аш. Бир жылдан кийин берилген аш. 4. Кээ бир дарак, бадалдардын мөмөсү, жемиши. Ит мурундун ашы. Чычырканактын ашы. Долоно, четин аштары, Мончоктой кызыл мөлтүлдөйт (Токомбаев).