зат. Жерге желе таштап төшөлө өсүүчу өсүмдүк жана анын тамак, тоют үчүн жумшалуучу ири мөмөсү. Күзүндө атамдын ашкабагынан казандай болгон бирөөнү сурап берем (Бейшеналиев).
Азыркы кыргыз орфографиясында ашкабак сөзү бирге жазылганы көнүмүшкө айланып кетти. Чындыгында бул аш+кабак деген эки сөздөн турат. Анткени суу кабак, таш кабак сыяктуу кабактын түрлөрү да бар. Таш кабагынан көбүнчө буюм-тайымдар жасалса, ашкабагынан тамак-аш жасалат.
1. Сөңгөгү, сабагы жерге төшөлүп өсүүчү, мөмөсү чоң тоголок же сүйрү жумуру болгон өсүмдүк. 2. Ошол өсүмдүктүн тамак же тоют үчүн колдонулуучу мөмөсү. Күзүндө атамдын ашкабагынан казандай болгон бирөөнү сурап берем (Бейшеналиев).