АШЫК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаАрабча (г)ашык сөзү «сүй» деген маани берет (АРС, 661). Ошол эле этиштен (г) ашык деген сын атооч сөз жасалат да, кыргызча «сүйгөн» маанисин туюнтат. Мисалы: ашык жар— сүйгөн жар. Ушул эле сөздүн башкы а тыбышы ы тыбышына өзгөрүшүнөн араб тилинде ышкы «сүйүү» деген зат атоочтук маани берген түрү да азыркы кыргыз тилине келип кирген.