аштоо I
колода, корыто.
аштоо II
и. д. от ашта-.
I зат. Малга жем, суу берүүгө ылайыкталып жыгачтан жасалган ноо. [Аттардын].. аштоосуна сулу төгүп салыптыр (Аалы).
АШТОО II ашта этишинин кыймыл атоочу.
Азыркы кыргыз тилинде малга туз, жем бере турган идиш аштоо аталат. Мурдагы аштоолор узун жыгачтан оюлуп жасалып, эки башы казыкка ашталып бекитилип коюлчу. Биздин күндөрүбүздө аштоо жыгач доскалардан бириктирилип жасалып, жылдырып коюуга ылайыкталып, өзүнө бекитилген буту менен боло баштады. Кээде резина дөңгөлөктү эки бөлүп тилип, ага туз, жем салып, аны да аштоо дечү болду. Бирок аштоонун аты мурда узун жыгачты оюп, эки башын казыкка аштап бекитип койгонунан улам келип чыккан. Анткени бул сөз аш+та+оо деген бөлүктөрдөн турат. Аш уңгусуна этиш жасоочу -ла мүчөсү жалгануудан ашта сөзү келип чыккан. Ал этишке зат атооч жасоочу -оо мүчөсү жалгануудан аштоо сөзү жаралган.
Малга жем, суу, туз берүүгө ылайыкталып, жыгачтан ашталып жасалган ноо, акыр. Аттардын аштоосуна сулу төгүп салыптыр (Токомбаев). Койлор аштоолорго карай жүгүрүп, жемге келе баштайт («Ала-Тоо») .
ашта этишинин кыймыл атоочу.
Аштай турган буюм. Устанын жанында аштооч буюмдары чачылып жатты (Үсөн).