Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде териге улпак аралашкан ачыган айранды сүйкөп коюуну ашатуу дейт. Бул сөз уйгур жана өзбек тилинде ашла болуп колдонулат. Ушуга караганда кыргызча ашат сөзү аш+ат бөлүктөрүнөн турат. Анын аш уңгусу алгачкы аш «тамак» маанисиндеги сөздүн маанисинин өнүгүшүнөн келип чыгышы мүмкүн. Болжолу, улпак кошулган айран да аш делип аталган. Мына ошол сөзгө этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганып, ашла сөзү келип чыккан. Кыргыз тилинде үнсүздөрдүн ээрчишүүсү боюнча ал ашта болмок, бирок -та мүчөсүндөгү тыбыштар метатезаланып, ашта түрүнөн ашат түрүнө келип калган.