АША ЧАБУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Чектен чыгуу, өтө ашыкча кетүү. Анча мактанбаңыздар, өтө аша чаап кетпеңиздер - деди (Бердикеев). Кадыке, кантесиң, кээде эле ушинтип аша чаап кетмейиң бар (Бердикеев). Бул сөздөрүңдүн айрымдарына кошулсам болот эле, бирок аша чаап кеттиң? (Медетов). Аша чапкан жерим жок, Сукентай, өз керт башымдан өткөргөн үчүн айтып жатам (Бердикеев).