Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде ашта этиши «курал-жарактардын металлдан жасалган башын сабына бекитип коюу» дегенди билдирет. Мисалы: найза ашта, кетмен ашта, керки, ашта. Байыркы түрк тилинде болсо, тескерисинче, куралды эмес, «идиш-аяктын жарака кеткен жерин бекитип коюу» дегенди билдирген. Махмуд Кашгаринин «Диванында» ол аяк ашлады «он скрепил (разбитую) чашу с помощью скобы» деген мисал келтирилген. Анткени ал кезде аш сөзүнүн өзү «идиш-аяктын жаракаларын кармата турган металлдан жасалган кичинекей кадоо» дегенди билдирген (МК I, 80). Ошол уңгуга этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганып, ашта этиши келип чыккан. Сөздүн байыркы мааниси сакталып, бир калыпта тура бербестен, кыргыз тилинде идиш-аякты жамоого, кадоого карата ашта сөзү колдонулбай, металлдан жасалган бөлүгүн жыгачка кептеп, киргизип бекитүүгө карата гана айтыла турган сөз болуп калган.