ашык I находящийся в излишке; излишек; превышающий, превосходящий; ашык тап- находить излишним; ашыгы менен с излишком, с избытком; планды ашыгы менен бүттү он перевыполнил план; беш метрден ашык больше пяти метров; ашык-кеми жок ни больше ни меньше; ровно; ашык-кеми жок жүз сом ровно сто рублей; ашык-кеми жок жыйырма бнр жыл турду он жил ровно двадцать один год; ашык баш излишний, лишний; ашык баш түйшүк лишние хлопоты. ашык II ар. влюблённый; ашык жар возлюбленный, возлюбленная; ашык бол- влюбиться; ашык болгон жаш жигит фольк. влюблённый юноша; ашык-машык южн. шарнир (напр. дверной). ашык III то же, чточүкө; ашык ойно- или ашык ат- играть в альчики; ашык атып ойногон балдар аман жатабы? фольк. здравствуют ли мальчики, забавляющиеся игрой в альчики? кызыл ашык или кызыл ашык томугу лодыжка, щиколотка (её выпуклость с внутренней стороны ноги); көк ашык или ак ашык собака по второму году; кой ашык собака по третьему году; куу ашык собака по четвёртому году; экинчи (үчүнчү) куу ашык собака по пятому (по шестому) году и т.д.; кумурскасын караса, куу ашык болгон тайгандай фольк. посмотреть на (тамошних) муравьёв, они (величиной) с взрослую борзую; ашыктай (о человеке) низкого роста и коренастый, крепыш; алтымыш жаман бергиче, ашыктай жалгыз берсечи фольк. чем давать (мне) шестьдесят никудышных (сыновей), лучше дал бы (бог) одного крепыша. ашык- IV торопиться, спешить; ашыкпа не торопись, не спеши; ашыккан ашка бышкан погов. спешивший пищей обварился; поспешишь - людей насмешишь; ажал-өлүм кайда жок, ашыккан иштен пайда жок погов. смерть везде есть, от спешки пользы нет.
Iзат.1. Сүйгөн адам. Ашык жары Кишимжан Ак үйдөн чыкты керилип («Олжобай менен Кишимжан»). Ашыгым жоону жеңип, мөөрөй алган (Нуркамал).
2. Абдан берилгендик. Жан жүрөктү өнөргө Ашык кылган мугалим (Бөкөнбаев).
АШЫКIIзат. Чүкө. Ашык атып ойногон, Балдар аман жатабы? («Семетей»).
♦ Ашыгыалчытуруу — иши оңолуу, оңтой берди болуу. Эгиндүүлөрдүн ашыгы алчы туруп, өтө кылдаттык менен туйтуна башташты (Абдукаримов). Кызылашык — буттун башы менен шыйрактын төмөнкү учунун кошулган жери.
АШЫКIIIтакт.1. Артык, көп, арбын. Эпкиндүү келин Бурмажан, нормасын ашык бүтүргөн (Осмонкул).
2. Белгилүү бир чектен, нормадан четке чыгып кеткен, ашкере. Ашык сөздү сүйлөбөй азыраак гана тыным ал (Бөкөнбаев). Сергей эмнегедир «ашык айтып «Кошумбу» деген кишиче чочуп, сөзүн айтпай токтоло калды (Сыдыкбеков)
3. Жогору, өйдө. Өлгөн жолборстон тирүү чычкан ашык (макал).
АШЫК, чүкө оюну — байыркы убактарда жоокерчиликтин таасиринен жана мал чарбачылыгы менен мергенчиликке байланыштуу келип чыккан кыргыз элинин улуттук оюну. Кан таламай, канымдат, ордо, упай, үчүм, чокон, атмай, сасыткы, жеп кетти, чүкө бекитмей, ашык калчоо, нөлдө жана башкалар оюндардын жалпы аталышы. Эпосто А. Манас бала кезинен тартып ойногон оюн катары учурайт: «Алты бала чогулдук, Нак ушу жерге жатабыз, Ашык оюн атабыз» (Сагымбай Орозбаков, 1. 120). «Семетей» эпосунда да А. эскерилет: «Ашык атып ойногон, Балдар аман жатабыз» (Курама варианты, «Семетей», 143).
Арабча (г)ашык сөзү «сүй» деген маани берет (АРС, 661). Ошол эле этиштен (г) ашык деген сын атооч сөз жасалат да, кыргызча «сүйгөн» маанисин туюнтат. Мисалы: ашык жар— сүйгөн жар. Ушул эле сөздүн башкы а тыбышы ы тыбышына өзгөрүшүнөн араб тилинде ышкы «сүйүү» деген зат атоочтук маани берген түрү да азыркы кыргыз тилине келип кирген.
1. Белгилүү ченден, өлчөмдөн көп, артык, арбын. Төлдөтүп ашык чарбасын Төшүнө жылдыз тагынган (Осмонкул). Планын ашык толтуруп, Путтап шекер, кант алган (Нуркамал). 2. Чектен, нормадан чыгып кеткен, ашкерелиги бар. Болуптур, ашык сөзүм болсо кечирип кой (Сасыкбаев). 3. Артыкчылыгы бар, өйдө, жогору, мыкты. Сенин элден ашык болуп кеткен эчтемеңди көрө албадым («Чалкан»).
Жыргатуу, кенемтесин берүү, көңүл куунатуу. Атасынын күнүмдүк олжосу-ашык аттырчу (Ашымбаев). Топ-топко бөлүнүп иштеп жаткандарды тымызын атаандаштырып койгону-ашык аттырды (Ашыкбаев).
(ср. ашык III) имеющий альчик, с альчиком; ашыктуу жилик то же, чтожото жилик (см.жилик); ашыктуу жилик, жумшак эт фольк. берцовая кость, (а на ней) мягкое мясо.
ашыктык I чрезмерность; превосходство. ашыктык II любовь; влюблённость; өзүнүн ашыктыгын Алымга айтат она говорит Алыму о своей любви (признаётся в любви); ашыктык оту любовный пыл.
1. Көптүк, артык баштык. Дагы миңдеген баш мал жайылса да, ашыктык кылбай турган кенен жайлоо экен («Ала-Тоо»). 2. Орунсуздук, ылайык келбегендик. Ашыктык кылбаса, агатай, иниңиздин бул сөзүн көңүлүңүзгө сактарсыз («Ала-Тоо»).
понуд. оташык- IV торопить; беспокоить, причинять беспокойство; күз дыйканды да, малчыны да ашыктырган осень беспокоила и крестьянина, и скотовода; айылдын баарын көчүрүп, ашыктырып качырып фольк. весь аул он переселил, торопя спасаться бегством.
такт.1. Көп, көбүрөөк, арбыныраак. Анын мындан ашыкча мал-мүлк кылайын деген деле ою жок (Абдукаримов).
2. Артыкча, чектен тыш. Ашыкча сүйлөп жибердиң.
1. Арбыныраак, ашыктыгы бар, артык баш. Анын мындан ашыкча мал-мүлк кылайын деген деле ою жок (Абдукаримов). 2. Артыкча, чектен ашкан, орунсуз болуп калган, аша чапкан. – Мага айткан сөзүңдө бир да ашыкча кеп жок, уулум – деди Кулбаш (Абдукаримов).