Киргизско-русский словарь Юдахина
наставлять; вставлять рукоятку, насаживать на рукоятку; прикреплять;
кайза ашта- насадить наконечник копья на древко;
керки ашта- насадить тесло на рукоятку (см. керки).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде ашта этиши «курал-жарактардын металлдан жасалган башын сабына бекитип коюу» дегенди билдирет. Мисалы: найза ашта, кетмен ашта, керки, ашта. Байыркы түрк тилинде болсо, тескерисинче, куралды эмес, «идиш-аяктын жарака кеткен жерин бекитип коюу» дегенди билдирген. Махмуд Кашгаринин «Диванында» ол аяк ашлады «он скрепил (разбитую) чашу с помощью скобы» деген мисал келтирилген. Анткени ал кезде аш сөзүнүн өзү «идиш-аяктын жаракаларын кармата турган металлдан жасалган кичинекей кадоо» дегенди билдирген (МК I, 80). Ошол уңгуга этиш жасоочу -ла мүчөсү жалганып, ашта этиши келип чыккан. Сөздүн байыркы мааниси сакталып, бир калыпта тура бербестен, кыргыз тилинде идиш-аякты жамоого, кадоого карата ашта сөзү колдонулбай, металлдан жасалган бөлүгүн жыгачка кептеп, киргизип бекитүүгө карата гана айтыла турган сөз болуп калган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШТАР, Наштар — кыргыздардын элдик медицинасында колдонулган байыркы аспап. Кош миздүү, болоттон жасалган курч бычак. Жоокердик замандагы негизги милдети жараттагы бузук канды чыгаруу болгон. Эпосто А. денеге сайылып токтоп калган жебенин сыныгын же окту тилип чыгарып алуу үчүн да колдонулганы айтылат:
Сом этине калды деп,
Чыкпай туруп алды деп,
Аштар алып колуна
Тилип жаткан андан көп (Сагымбай Орозбаков, 1. 287).

Денеге токтоп калган жебенин сыныгын же окту А. менен тилип алуу процесси эпосто аштар-лоо деп аталат: «Токтогон окту аштарлап — тилип жаткан андан көп» (Курама варианты, 1.130).