АШЫР
Энциклопедия "Манас". ч.1.АШЫР — кейипкер. Эпосто датка деген мансапка ээ эл бийлөөчүлөрдүн бири катары айрым эпизоддор эскерилип жүрүп олтурат. Мисалы, Чубак жол талашып чалгынга кеткен Алмамбет менен Сыргактын артынан жөнөгөндө Бакайдын кеңеши боюнча А. датка жанына алты жайсаң алып Аксаргыл деген атты тартууга алып барат (Курама варианты, 2. 139).