АШЫМ
Энциклопедия "Манас". ч.1.АШЫМ Афер (1922, Ооганстандын Бадакшан вилайетиндеги Чоң-Памир өрөөнү) — манасчы, комузчу. Кызылаяк уруусунан. А-дан 1973-ж. 1-июль күнү француз профессору, түрколог Реми Дор «Манас» эпосунан: «Манастын Шооруктун кызы Накылайга үйлөнүүгө кылган аракети», «Манас Таластын жылкысын тийип, экөө беттешүүдө жарадар болушу» деген үзүндү жазып алган. Ал үзүндү 1982-ж. «Орто Азия» илимий журналынын 1—2-сандарына «Манастын» «Памирдеги үзүндүсү» (616 сап ыр) деген ат менен француз тилине которулуп жарыялаган. «Манас» эпосунун окуяларынан башка «Көр уулу» дастанын да айтат. Көптөгөн күүлөрдү чебер аткарган белгилүү комузчу.