Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Боз үйдүн оң жак капшытындагы чыгдан менен тосулуп, ичине тамак аш, идиш-аяк коюлуучу жай, эпчи жак. Ашкана тараптагы... аял өчүп бара жаткан отко тезек жаңыртып калады (Жантөшев). 2. Боз үйдүн ошол жаккы тарабына тартылуучу чий, чыгдан. Чырмалган ашкана. Ашкананы калап коюу. 3. Тамак бышыруучу бөлмө, кухня. Апасы ашкана жакка басканда, Сапар төркү бөлмөгө кирди (Сасыкбаев). 4. Көпчүлүк үчүн тамак-аш даярдап сатуучу жай. Студенттердин ашканасы. Жумушчулардын ашканасы.