Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Арабча хашар этиши «чогултуу, жыйноо» маанисин берет (АРС, 219). Андан хашр деген зат атооч жасалат да, «чогулуш, жыйын» деген маани билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине ашар түрүндө кабыл алынып, «элди жыйнап, ошолордун күчү менен ишин бүтүрүп алуу» деген маани берип калган» (Сейдакматов 1988:36).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө: килем токууда, чий чырмоодо, өрмөк согууда, кереге көктөөдө, там салууда чеберлердин — адамдардын биргелешип, бир асыл буюмду жана үйдү бүтүрүү салты, бир иштин соңуна чыгуу аракети. Ал мүмкүнчүлүгүнө карата бардык убакта чакырылат да, бул биргелешип уздануунун-узануунун, жардам берүүнүн сонун үлгүлөрүнөн болот. Ашар иштин арымын аябай тездеткен. Мында устаттар — нускоочулар, байбичелер, куттуу карыялар үйрөнгүчтөргө жол, таалим-тарбия көрсөтүп турушат. Буга келгендерди үй ээси мал союп, жайыл дасторкон менен жакшынакай күтүнүп алат. Мисалы, килем токууга келген көпчүлүк аз күндүн ичинде эле (4,5 мХ2,4—3) «төр килемин» токуп коюшат.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Арабча хашар этиши «чогултуу, жыйноо» маанисин берет (АРС, 219). Андан хашр деген зат атооч жасалат да, «чогулуш», «жыйын» деген маани билдирет. Мына ушул сөз кыргыз тилине ашар түрүндө кабыл алынып, «элди жыйнап, ошолордун күчү менен ишин бүтүрүп алуу» деген маани берип калган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
АШАРСУУ — эпизоддук кейипкер, калмак баатыры, Панус кандын жээни. А. кыргыздын жылкысын тийип алып, Манас менен согушуп жеңилет да, тартуу тартып жарашат. Манастан Алооке кандын зомбулугунан сактап калуусун өтүнөт.