Киргизско-русский словарь Юдахина
өл I
сырой, влажный.
өл- II
1. умереть;
жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн погов. лучше молодцу самому умереть, чем его слову (т.е. лучше умереть, чем слова не сдержать);
уялгандан өлбөдү, өлбөй тирүү калбады фольк. от стыда он не умер, но н, не умерши, живым не остался;
өлүп кара көрдө жок, тирүү болуп, элде жок фольк. ни мёртвого в мрачной могиле его нет, ни живого среди людей нет;
жатып өлгүчө, атып өл погов. чем умереть лёжа, умри стреляя;
өлгөнүнөн калганы все, кто остался жив;
өлгөнүнөн калганы дагы кирди согушка фольк. все, кто остался жив, опять вступили в бой;
өлгөнгө өкүнбө, калганга береке берсин погов. об умерших не жалей, пожелай добра оставшимся;
жаны ачып, жаман өлдү он умер в тяжёлых страданиях (физических и душевных);
бирөлмөктөн, үч өлсүн! умер - туда ему и дорога!;
2. разг. (о солнце, луне) затмеваться;
3. перен. предаваться чему-л., быть готовым на всё;
көкбөрү десе, өлгөн журт, көкбөрү тартып көнгөн журт фольк. когда речь идёт о скачках с козлёнком (см. улак 2), так этот народ готов на всё (так любит он этот спорт);
акча деген жерге өлүп калат из-за денег он готов на всё;
4. перен. пропасть, пойти прахом;
отпускемдин он күнү бекер өлду десять дней отпуска у меня пропали;
өлгөндө көргөн бала долгожданный ребёнок;
өлгөндө бир бала көрдүм (детей у меня не было) и вот, накокец, я дождался ребёнка;
өлбө! браво!, здорово это у тебя вышло!;
өлбөй кал! как жаль, что ты умер!;
өлбөгөн жерде калыш керек нужно бороться без жалости и до конца;
өлбөгөн жерде калганча айтышат он остервенело препирается;
Чынкожо менен Толтойдон өлбөгөн жерде каламын фольк. с Чынкоджо и Толтоем я схвачусь не на живот, а на смерть;
өлгүчө или өлгүнчө или өлөрчө или өлгүчөктү
1) до смерти, здорово;
өлгүчө кармашамын я схвачусь не на живот, а на смерть;
өлөр-өлгүчө үмүт үзбөй жүрө бер до самой смерти не теряй надежды;
2) вместо того, чтобы умереть; чем умереть;
өлгөнчө или өлгүдөй очень, до смерти;
өлгөнчө жакшы көрөт он очень любит, ему очень нравится;
өлгүдөй жек көрөт он до смерти ненавидит;
өлөрчө коркуп калган он до смерти перепугался;
өлөрчө токмокто- бить смертным боем;
өлөр-өлгөнчө ыраазымын я доволен-предоволен;
"өлдүм же калдым" деген маселе вопрос жизни и смерти;
өсөрү калбай, өлөрү калган он совершенно одряхлел;
сенин колуңа өлүп бербейинби! чего тебе ещё от меня надо!; умру, но тебе не сдамся!;
алдына барып өлүп бербейсиңби! разве не можешь пойти к нему и решительно потребовать?!;
өлүп кетейин! хоть убей!; провалиться мне, если...!;
өлүп кетейин, эсимде жок! хоть убей, не помню!;
өлүп кетейин, бир тыйын акчам жок! провалиться мне, если у меня хоть копейка денег есть!;
өлүп кетейин, мен бала болуп кетиптирминби! да ты что? ребёнок я, что ли? провалиться мне совсем!;
өлө предельно, в высшей степени, в крайней степени, очень;
өлө жарды очень бедный; беднейший;
өлө-тириле едва-едва;
өлө-тириле келдик мы едва-едва добрались;
өлөр-тирилерине карабай
1) совершенно не считаясь с его силами; готовый довести его до смерти;
аттын өлөр-тирилерине карабай, катуу жүрдү он ехал быстро, готовый загнать лошадь насмерть;
2) не жалея жизни; не на живот, а на смерть;
анын өлөр-тирилери менен жумушу эмне? а какое ему дело, будет тот жив или нет? (знай гонит);
ач бөрүлөр өтө каардуу келет, өлөр-тирилерин билбей адамга асылышат голодные волки очень свирепы, они нападают на человека, не страшась смерти;
өлөр-өлбөс жан менен чуть живой;
өлө-тала или өлгөн-талганда или өлдүм-талдым дегенде едва-едва, с большим трудом;
планды өлдүм-талдым дегенде 30 процент аткарды план он едва-едва выполнил на 30 процентов;
өлбөстүн күнү жалкое существование;
өлбөс оокат кыл- или өлбөстүн күнүн көр- перебиваться с хлеба на квас;
күнүн тапканын күнүн өлбөс оокат кылып кое-как добывая себе кусок хлеба; кое-как живя на то, что зарабатывает за день;
өлбөс оокаттын аракетинде он старается кое-как прожить; он старается (жить так, чтобы) не умереть с голоду;
өлбөй-житпей күн көр лишь бы быть живу (безразлично как);
өлбөй-житпей күн көрүп, нетейин? зачем мне жить, если только быть живу (что это за жизнь) ?
өлөрүңө көрүнгөнбү? не пакость ли ты уж какую-нибудь задумал?
өлөрүнө көрүнсө керек, кемпирин кууп салыптыр у него, видимо, какая-то пакость на уме, он свою старуху прогнал;
өлбөс-өчпөс бессмертный, неувядаемый;
өлбөс-өчпөс осуяттар бессмертные заветы;
совет элинин өлбөс-өчпөс эрдиги бессмертный подвиг советского народа.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I сын. Чийки, суу, ным, иштетилбеген, ийленбеген (тери жөнүндө). Өл тери.
ӨЛ II этиш. 1. Жашоосу токтолуу, каза болуу, көзү өтүү, жок болуу, дүйнөдөн кайтуу. Тирүүмдө атагым кандай болсо, Өлгөндө атагым ошондой болсун (Аалы). Кол куушуруп баш ийбей, Койгулашып өлөбүз! («Манас»).
2. өт. Катуу уят болуу, сөзгө сынуу. Жакының болсо ичкичтен, Уялып элден өлөсүң (Шүкүрбеков).
3. өт. Пайдасы жок болуп өтүү, куру бекерге кетүү, бошко кетүү, сая кетүү. Бүгүнкү күнүм бөөдө өлдү.
Өлөр-тирилерине карабоо — абдан катуу жүрүү, жан аябастан, тартынбай киришүү. Өлдүм-талдым дегенде, өлө-тала же өлгөн-талганда — араңдан зорго, абдан чарчап, зор кыйынчылык менен, араң-араң. Өлбөгөн жерде калуу — аябай кармашуу, аябай тырышып жемин жедирбөө, абдан айыгышуу. Өлбөстүн күнүн көрүү — эптеп-септеп оокат кылуу, жашоо.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
өл- (өлүү)
өл алуу (өзөк жалгоо)
өлбө жаным, өлбө деп
өлбөгөн жерде калуу
өлбөгөн төрт шыйрагы
калуу
өлгөн-житкен
өлгөн-талганда
өлгөндү күлдүргөн
өлгөндүн үстүнө көмгөн
кылуу
өлдүм-талдым дегенде
өлмө өзөк
өлмөктөн доңуз кал
өлө албай жүрүп, өлөң айтуу
өлө жатканы
өлө-тала
өлө-тириле
өлсө бир чуңкурда, тирүү болсо бир дөбөдө болуу
өлсөм сөөгүм ыраазы
өлтүрүп-житирип
өлүп-талып

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай кармашуу, мүмкүнчүлүгүнүн болушунча, алынын жетишинче катуу таймашуу. Булар согушту көрө элек, дыр коюп качып беришеби же өлбөгөн жерде калып беришеби? (Абдукаримов). Мага айт ким урса да. Өлбөгөн жерде калышайын аны менен... (Мырзаев). Берметти качырмак турсун, өлбөгөн жерде кала турган кыз экен (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Аябай кармашуу, мүмкүнчүлүгүнүн болушунча, алынын жетишинче катуу таймашуу. Булар согушту көрө элек, дыр коюп качып беришеби же өлбөгөн жерде калып беришеби? (Абдукаримов). Мага айт, ким урса да. Өлбөгөн жерде калышайын аны менен... (Мырзаев). Берметти качырмак турсун, өлбөгөн жерде кала турган кыз экен (Абдукаримов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ӨЛБӨГӨН ТӨРТ ШЫЙРАГЫ КАЛУУ Токтогул бөлөк жактан келип отурган кишилердин көзүнчө өлбөгөн төрт саны калып, ооз ачса эле тиги дагы жаман кеп ырбата турган, мыңк эте албай отуруп калды (Касымбеков). Султанмурат бектин өлбөгөн төрт саны калды (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан катуу уят болуу, жети өмүрү жерге кирүү, уялганынан баш көтөрө албай калуу. Зуннахундун таарыныч менен айткан сөздөрүнө Түлкүбектин өлбөгөн төрт шыйрагы калган сыяктанды (Жантөшев). Борбук молдонун өлбөгөн төрт шыйрагы калды белем, бир кызарып, бир бозоруп, күрөө тамыры да көбө түштү (Баялинов). – Бул жерде башканын атын аташпай, туш-туштан ушинтип кыйкырышканда Калыйчанын өлбөгөн төрт шыйрагы гана калган (Медетов). В.: Өлбөгөн төрт саны калуу. Токтогул бөлөк жактан келип отурган кишилердин көзүнчө өлбөгөн төрт саны калып, ооз ачса эле тиги дагы жаман кеп ырбата турган, мыңк эте албай отуруп калды (Касымбеков). Султанмурат бектин өлбөгөн төрт саны калды (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу уят болуу, жети өмүрү жерге кирүү, уялганынан баш көтөрө албай калуу. Зуннахундун таарыныч менен айткан сөздөрүнө Түлкүбектин өлбөгөн төрт шыйрагы калган сыяктанды (Жангөшев). Борбук молдонун өлбөгөн төрт шыйрагы калды белем, бир кызарып, бир бозоруп, күрөө тамыры да көбө түшту (Баялинов). - Бул жерде башканын атын аташпай, туш-туштан ушинтип кыйкырышканда Калыйчанын өлбөгөн төрт шыйрагы гана калган (Медетов). Башка бирөө болсо өлбөгөн төрт шыйрагы калар эле... (Айтматов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
произносить "өлбө" (не умирай);
өлбө, жаным, өлбөлөп едва-едва, с большим трудом;
өлбө, жаным, өлбөлөп, жатарда үйлөрүнө жетишкен они с большим трудом затемно добрались домой.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Эптеп-септеп жан багуу, эптеп оокат өткөрүп, жан баккан болуу. Бир убактагы азуусун айга жаныган жигит эми минтип өлбөстүн күнүн көргөн бир абышка болуп калды («Кыргызстан маданияты»). Элге айткыла, быякта ачарчылык, жатарга жай жок, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатабыз, - деген маалыматты билгизген (Ашымбаев).... Бышкан алча менен борсуган алмаларга курсагын кампайтты... иши кылып, өлбөстүн күнүн өткөруп журду (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эптеп-септеп жан багуу, эптеп оокат өткөрүп, жан баккан болуу. Бир убактагы азуусун айга жаныган жигит эми минтип өлбөстүн күнүн көргөн бир абышка болуп калды («Кыргызстан маданияты»). Элге айткыла, быякта ачарчылык, жатарга жай жок, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатабыз, – деген маалыматты билгизген (Ашымбаев). Бышкан алча менен борсуган алмаларга курсагын кампайтты, иши кылып, өлбөстүн күнүн өткөрүп жүрдү (Абдыраманов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛГӨН ДЕП ЖАРЫЯЛОО – мыйзамда белгиленген мөөнөттө туруктуу жашап турган жеринде эчкандай маалымат жок жаранды сот аркылуу өлгөн катары таануу. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, эгер анын жашаган жеринде анын кайда экени тууралуу 3 жыл боюу маалымат болбосо, ал эми эгер өлүм коркунучу болгон же белгилүү күтүлбөгөн кырсыктан каза тапкан деп болжолдоого негиз болорлук жагдайларда белгисиз жоголуп кетсе, 6 айдын ичинде жаран сот аркылуу өлгөн деп жарыяланышы мүмкүн. Согуш аракеттерине байланыштуу белгисиз жоголуп кеткен аскер кызматкери же башка жаран согуш аракеттерди аяктагандан 2 жылдан кийин гана сот тарабынан өлгөн деп жарыялануусу мүмкүн. Жарандын өлгөн күнү деп соттун аны өлгөн катары жарыялаган чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирген күнү эсептелет. Өлүм коркунучу болгон же аны белгилүү күтүлбөгөн кырсыктан каза тапкан деп болжолдоого негиз болорлук жагдайларда белгисиз жоголуп кеткен жаранды өлгөн деп жарыяланганда сот анын болжолдуу өлгөн күнүн анын өлгөн күнү катары таануусу мүмкүн. Жаранды өлгөн катары жарыялоо укук жана милдеттенмелерге карата андай жаран өлгөндөн кийинкидей эле натыйжаларды пайда кылат. Өлгөн катары жарыяланган жаран келип калса, же анын кайда экени аныкталса, анда сот Ө. д. ж. чечимин жокко чыгарат.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ого бетер оор абалга дуушар кылуу, ойронун чыгаруу, мурдагысынан беш бетер кылуу. - Тиги өлүгүңду өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай ордунан козгобойсуңбу? (Каимов). Эл нары дуулдап, бери дуулдап, «кой», өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбайлы» дешип, көбү мурдагы жедирген мал-мүлкүнөн ошол жыйын үстүндө эле кечип жиберишти (Касымбеков). Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, ушулардыкы өттү (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ого бетер оор абалга дуушар кылуу, ойронун чыгаруу, мурдагысынан беш бетер кылуу. – Тиги өлүгүңдү өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай ордунан козгобойсуңбу? (Каимов). Эл нары дуулдап, бери дуулдап, «кой», өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбайлы» дешип, көбү мурдагы жедирген мал-мүлкүнөн ошол жыйын үстүндө эле кечип жиберишти (Касымбеков). Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, ушулардыкы өттү (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Араңдан зорго, араң-араң, өтө зор кыйынчылык менен. Чак түштө үйдөн чыккан чал өлдүм-талдым дегенде бешим ченде араң шаардын четиндеги бөксө тоого жетти (Борбиев). Ошентип өлдүм-талдым дегенде саанды бүтүп, сааган сүтүмдү карасам сап-сары эле каймак («Кыргызстан маданияты»). Сөөктүн бийик ашуусун өлдүм-талдым дегенде зорго ашып, бийик бетте кыялай бастырган саякатчы алдыда (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Араңдан зорго, араң-араң, өтө зор кыйынчылык менен. Чак түштө үйдөн чыккан чал өлдүм-талдым дегенде бешим ченде араң шаардын четиндеги бөксө тоого жетти (Борбиев). Ошентип өлдүм-талдым дегенде саанды бүтүп, сааган сүтүмдү карасам сапсары эле каймак («Кыргызстан маданияты»). Сөөктүн бийик ашуусун өлдүм-талдым дегенде зорго ашып, бийик бетте кыялай бастырган саякатчы алдыда (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чийки, суу, ным, иштетилбеген, ийленбеген (тери жөнүндө). Өл тери. Суу, нымдуу, шалбыраң. Өлчүлүк алды жайымды, Билбейсиң менин алымды (Барпы). Өл отун экен, таптакыр эле күйбөй койду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жашоосу токтолуу, каза болуу, көзү өтүү, жок болуу, дүйнөдөн кайтуу. Тирүүмдө атагым кандай болсо, Өлгөндө атагым ошондой болсун (Токомбаев). Кол куушуруп баш ийбей, Койгулашып өлөбүз! («Манас»). 2. өт. Катуу уят болуу, сөзгө сынуу. Жакының болсо ичкичтен, Уялып элден өлөсүң (Шүкүрбеков). 3. өт. Пайдасы жок болуп өтүү, куру бекерге кетүү, бошко кетүү, сая кетүү. Бүгүнкү күнүм бөөдө өлдү. 4. Жан-дилинен берилүү, кумарлануу. Көкбөрү десе өлгөн журт, көкбөрү тартып көнгөн журт (фольк.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. край, страна;
Советтик өлкө Советская страна;
бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле! пролетарии всех стран, соединяйтесь!;
"Туулуп өскөн өлкөбүздө" "По родной стране"" (раздел в газетах);
2. местность;
элдин көзүн телмирткен Жинди-Суунун өлкөсү стих. на местность Джинди-Суу люди наглядеться не могут (так она прекрасна);
өлкөсү жайык кең болсо, кеңдигине жараша, журтка салам тамаша фольк. если место там ровное и просторное, то по (соответственно) простору я устрою увеселения для народа;
3. тёплое, заветренное место (удобное для скота).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир жер, территория, аймак, край. Ысык өлкөлөр. Суук өлкөлөрдө жашаган айбандар. 2. Мамлекет. Коңшу өлкөлөр желектери желбиреп, көчө толо турист жана соодагер (Гамзатов). Ар бир өлкө өз өлкөсүнүн гүлдөп өсүүсүнө аракет кылуусу керек.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Риск страновой (Country risk) —Риск потерь, связанных с изменениями политических и/или экономических условий в стране, которые могут повлиять на способность страны и ее юридических и физических лиц отвечать по своим обязательствам.  

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛКӨНҮ КОРГОО МИЛДЕТИ – көпчүлүк мамлекеттерде жарандардын негизги конституциялык милдеттеринин бири, ал эми бир катар конституциялык доктриналарга ылайык – ошол эле мезгилде жарандардын укугу да. Ө. к. м. адатта (демократиялык мамлекеттерде) милдеттүү аскер кызматы же аны алмаштыруучу теңата жарандык кызмат өтөөнү, ошондой эле согуш же согуш коркунучу учурларында мыйзамда аныкталган милдеттерди аткарууну талап кылат.

Кыргызско-русский словарь банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Экономическая территория страны (Country's Economic Territory) —Включает: 1) воздушное пространство; 2) территориальные воды; 3)весь континентальный шельф в международных водах, в отношении которого страна пользуется исключительными правами или на которые распространяется — либо она утверждает, что распространяется, — ее юрисдикция в отношении прав на использование природных ресурсов, например, на ловлю рыбы, добычу минерального сырья или топлива; 4) четко выделенные территориальные анклавы, расположенные в остальных странах мира и созданные в рамках официальных соглашений с правительствами тех стран, на территории которых такие анклавы фактически расположены.  

Киргизско-русский словарь Юдахина
өлөң I
осока.
өлөң II
1. песня (обычно казахская, но этот термин распространён и среди киргизов);
өлөң айт- петь песню;
өлөлбай жатып (или өлгөнү жатып), өлөң айтат погов. сам умирает, а песни поёт (о том, кто ни при каких обстоятельствах не унывает);
2. памирск. песня, состоящая из 11-12 сложных стихов;
11-12 муундуу ырлар памирликтерде "өлөң" деген ат менен көп ырдалат (здесь) много поётся 11-12 сложных песен, которые памирцы называют өлөң.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Саздак жерде өсүүчү көп жылдык ичке жалбырактуу чөп. Өлөң чөп маалым кылат жай мезгилин (Бөкөнбаев).
Өз үйүм, өлөң-төшөгүм — өзүнө тиешелүү, өзүмдүк. Чындыгында эле өз үй, өлөң-төшөк болуп жыргап эле калдым («Чалкан»).
ӨЛӨҢ II зат. Белгилүү муун өлчөмү бар, ыргак жана уйкаш менен курулган көркөм чыгарма; казак элинин ырынын аталышы, ыр. «Өргүсөң өлөң айт, сууп каласың» дечү эле (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү муун өлчөмү бар, ыргак жана уйкаш менен курулган көркөм чыгарма; казак элинин ырынын аталышы, ыр. «Өргүсөң өлөң айт, сууп каласың» дечү эле (Токомбаев). Ай четинде бир жылдыз, чолпончо бар, Жигит кетсе, кыямат болгончо бар. Кемпир кетсе, ак болот сынганча бар. Кыздар кетсе, кызыл гүл соолгончо бар (Элдик ыр).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан кыжаалат болуу, кыйналып-кысталуу, чарчоо. Ал эми тыйыны жанынан чыгаарда моминтип, үлдүрөп жер тиктеп, өлөөрүн санап калгандарын көр! (Бердикеев). Бийик чокуга кыйналып кысталып, өлөөрүбүздү санап отуруп араң дегенде жеттик («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. предельно обнищавший, стоящий на грани голодной смерти;
өзөн сууну май кылып, өлөрманын бай кылып фольк. воду речки в жир он превратил, обнищавших он сделал богатыми;
өлөрмандын көзү жаман погов. у близкого к (голодной) смерти глаза дурные (он готов схватить, ограбить, отнять);
2. перен. неистовый (в действиях);
эчтемеден кайтпаган өлөрманды жибериптир он послал такого неистового, который ни перед чем не остановится.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Араң жан, начар, алдан тайган, арып-карып калган, араң эле кыймылдаган, жаны чыгайын деп эле турган, өлүм алдында жаткан. Анын көз алдына энесинин өлөсөлүү болуп калганы элестеди (Жантөшев). Өлөсөлүү эки карыны кайтарып, ушул үйгө ээлик болуп жүрө береби! (Убукеев). Өлөсөлүү чал-кемпирде эмнең бар, эптеп өлөсөлүү күн көрүп араң жүрүшсө (Юдахин).

Киргизско-русский словарь Юдахина
падёж, эпизоотия;
өлөт! или өлөт айдагыр! или өлөт алгыр!
1) (крупному рогатому скоту) чтоб тебе подохнуть!;
кайда куюгуп кетти эле, өлөттөр! куда они запропастились, чтоб им (этим коровам) подохнуть!;
2) погибели на тебя (на него) нет! ух, дохлый!;
буларга эмне болду? өң-өлөттөн эчтеке жок что с ними случилось? на них лица нет (бледные-бледные).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыжырлануу, тилдөө маанисинде (көбүнчө уйга карата). Өш! Өш, өш дейм, өлөт алгыр! Айдак! – деп дөбөдөн чаңкылдады (Айтматов). Өш дейм, алда өлөт алгыр ай! – деген Алымкулдун үнү чыкты (Абдукаримов). ...Өлөт алгыр бир кызыл уй мөңкүп барып жүрүп бербеспи! (Элебаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жакшы санаалаш, кыйышпас адамдар, жакындар бөлүнбөй бирге бололу, чогуу көрөлү, ынтымакта бололу деген мааниде колдонулат. Жалпы журт өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололук деп жатышат (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от өл- II
1. умертвить, убить;
жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт погов. хорошего слово убивает, дурного палка убивает;
2. перен. явиться причиной напрасной траты;
отпускемдин он күнүн өлтүрдү по его вине у меня пропали десять дней отпуска.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жашоосунан ажыратуу, каза таптыруу, өлүмгө дуушар кылуу, жок кылуу. Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт (макал). Элимден айдап бөлгүдөй, Эр өлтүргөн мен белем (Токтогул). 2. өт. Бошко кетирүү, сая кетирүү. – Көрчү, – деди Сүкөң мага бурулуп, – Биздин Белек секундун да өлтүрбөйт (Токомбаев). 3. өл этишинин аркылуу мамилеси.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от өлтүр-;
Жаманкараны Кененсарыга өлтүртүп допустив, чтобы Кененсары убил Джаманкару;
бириңди бириңе өлтүртөм я заставлю одного из вас убить другого;
Курманбек өз элине кайтканы жана атасын өлтүрткөнү о том, как Курманбек вернулся к своему народу и велел убить отца своего;
силерди өлтүртпөй сактап калайын я спасу вас, не дам убить.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛТҮРҮҮ – башка адамды атайылап өлүмгө кириптер кылуу; жеке адамга каршы жасалган өтө оор кылмыш. Ө. башка өлүмгө түртүү түрлөрүнөн так айырмаланууга тийиш: өзүн-өзү өлтүрүү, кокустуктан улам, ошондой эле байкабастыктан улам өлүмгө кириптер кылуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
өлү, өлүү
1. мёртвый;
өлүбү балам, тирүүбү? мой ребёнок мёртв или жив?
өлүүсү менен тирүүсүн билбедим мёртв ли он, жив ли - я не знаю;
өлүү менен тирүүнүн ортосунда жатамын лежу я ни жив ни мёртв;
2. омертвевший;
жоор өлүү болуп калыптыр место раны (или ссадины) омертвело;
өлү кан дурная, испорченная кровь;
3. перен. мусор, отбросы;
өлүнүн баарын жерге көмдүк все отбросы мы закопали в землю;
өлү тил мёртвый язык;
өлү буюмдар уст. движимое имущество (вещи, предметы); уст. офиц. мёртвый инвентарь;
өлүү дүнүйө добро (одежда, ковры, посуда и т.п.);
толуп жаткан өлүү дүнүйөмдү бербей койду он не отдал (мне) большую часть моего добра;
өлүү жер бросовая, негодная для возделывания земля.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ачуусу келгенде аялдар тарабынан айтылуучу акарат кеп. Өлүгүңдү гана көрөйүн жубарымбек, колума бир түшөрсүң! ...Сени элеби, сага элеби... калкалап алар Көкшүн таятаң экөөңдү тең карап тур!... (Айтматов). – Отур былк этпей, өлүгүңдү көрөйүн көк мээ, куюшканга кыпчылбай шүк отур (Айтматов). – Як, өлүгүңдү көрөйүн! – деп союлун шилтеп калды (Исмаилов). В.: Өлүк-тиригиңди көрөйүн! О, өлүк-тиригиңди гана көрөйүн, арам ит десе. Хамилдин аялы жаалданып: өлүк-тиригиңди көрөйүн шерменде, – деп, топ элдин көзүнчө кызга качырып сала берди («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. мертвец, труп;
арам өлүк падаль;
өлүк жан мёртвый человек;
өлүк-тирик ортосу полуживой, чуть живой;
жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт погов. хорошая собака свой труп не показывает (т.е. скрывается, почувствовав приближение смерти; говорится о человеке, которому лучше скрыться, удалиться от позора);
өлүгүө ит сийсин! проклятие чтоб на его труп пёс помочился!;
өлүгүңө отура калайын бран. испражнюсь-ка я на твой труп;
2. перен. (о человеке) никудышный, пустой;
тик басып, тирүү жүрсө да, өзүнчө жаман өлүк бар стих. есть и своеобразные никудышные дохлые (люди), хотя они и живы и ходят не горбясь;
өлүк салык (о человеке) лишённый способности или возможности свободно передвигаться (напр. о находящемся в тюрьме);
өлүгүңдү көрөйүн или өлүк-тиригиңди көрөйүн! (женская брань) чтоб тебе подохнуть!;
ит өлүк кыл- см. ит.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын жана башка жан-жаныбарлардын өлгөндөн кийинки денеси, сөөгү. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт (макал).
2. өт. Жансыз, өсүп-өнбөгөн, көгөрбөгөн. Дарыялар, Өлүк жерге жан болор, Кубат кайнап, Караңгы үйгө шам болор (Маликов). Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев).
3. өт. Колунан эч нерсе келбеген, эч аракети жок, киши санында жок.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын жана башка жан-жаныбарлардын өлгөндөн кийинки денеси, сөөгү. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт (макал). 2. өт. Жансыз, өсүп-өнбөгөн, көгөрбөгөн. Дарыялар, Өлүк жерге жан болор, Кубат кайнап, Караңгы үйгө шам болор (Маликов). Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев). 3. өт. Колунан эч нерсе келбеген, эч аракети жок, киши санында жок. Тик басып, тирүү жүрсө да, өзүнчө жаман өлүк бар (Юдахин).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛҮККАНА (ӨЛҮКЖАЙ, ТАБЫТКАНА) – ооруканалар менен сот-медициналык мекемелеринин алдындагы адам өлүгүн сактай турган, тааныта турган, союп текшере турган, жакындарына көмүү үчүн бериле турган атайын жай.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛҮКТҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ – криминалистикада таануу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн өлүктүн тирүү кезиндеги кейпин берүү. Адатта, ал белгисиз бирөөнүн өлүгү, бет келбети таанылгыс кылып кескиленген өлүк, кыйроонун же дагы башка кырсыктын натыйжасында таанылбай калган өлүк табылганда жүргүзүлөт. Криминалчылыкта Ө. к. к. адам келбетин далдаштыруу максатында жасалат. Ө. к. к. сот-медициналык эксперттер жана анын жардамчылары тарабынан жүргүзүлөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛҮКТҮ КАРОО – 1) тергөөчү же алгачкы тергөө органдары тарабынан өлүктү тапкан жерде жабырлануучунун инсанын тактоо, өлүмдүн себептерин жана жерин, убактысын, жагдайларын аныктоого мүмкүндүк берүүчү, ошондой эле мүмкүн болуучу кылмышкерди көрсөтүүчү белгилерди табуу максатында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттери. Ө. к. калыс күбөлөрдүн жана сот-медициналык эксперттин (же башка врачтын), зарылдыгына жараша башка адистердин катышуусу менен өткөрүлөт. Ө. к-до түздөнтүз баамга урунган иш жүзүндөгү маалыматтар; өлүктүн жаткан абалы жана жайы, болжолдуу жаш курагы, дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү, ж. б; кийим-кечелеринин жана бут кийиминин өзгөчөлүгү жана абалы, нерселер, документтер, өлүктөгү жана анын айланасындагы издер, ошондой эле денесиндеги жабыркоолор жана өлүктүн өзгөрүүлөрү белгиленет. Өлүк фотосүрөткө тартылат, чийме чийилет, издердин кептери жана калыптары даярдалат, чачтын, кандын, дене ткандарынын үлгүсү, манжалардын изи алынат; 2) өлүктү соёрдун алдындагы соттук–медициналык экспертизанын ажырагыс бөлүгү; Ал сырткы анотомиялык (жынысын, жаш курагын, дене түзүлүшүн ж. б.) жана дененин айрым бөлүктөрүнүн патологиялык өзгөрүүлөрүн, ошондой эле жаракаттарды (эгер алар болсо) окуп үйрөнүүдөн көрүнөт. Ө. к. жүрүшүн жана жыйынтыктарын баяндоо эксперттин корутундусуна кошулат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
смерть;
ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат погов. если скрывать болезнь, то смерть (её всё равно) выявит;
өлүм бардын малын чачат, жоктун көтүн ачат погов. у богатого смерть скот расходует (на поминки), а у бедняка - зад открывает (ему не на что справлять поминки);
өлүм бол- стать мёртвым, умереть;
төрт жүз сексен кишиси өлүм болуп жатыптыр фольк. четыреста восемьдесят человек из них лежат мёртвыми;
өлүм кыл- умертвить;
Манас Эсенкандын жиберген кишилерин өлүм кылып, төөлөрүн элиме талатканы фольк. о том, как Манас людей, посланных Эсенханом, умертвил, а верблюдов их отдал народу на разграбление;
бөөдө өлүм напрасная смерть;
курулай эрдик кылам - деп, бөөдө өлүм болду он хотел своей храбростью хвастнуть, да зря погиб;
өлүм-житим смертность; урон в людях или в скоте;
малдын өлүм-житимине өзүң жооп бересиң за падёж скота ты сам ответишь;
ит өлүмү собачья смерть (жалкая, бесславная смерть);
кой (или жылкы) өлүмү кылып (о человеке) зарезав как овцу (или лошадь);
өлүм оозунда при смерти, чуть живой.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Ажал; өмүрү, жашоосу бүтүү. Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңү тиле (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (макал).
Өлүм жан — такыр, түк, эч качан. [Матвеевич] кекечтенүү дегенди өлүм жан билбейт (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛҮМ – соттук медицинанын негизги түшүнүктөрүнүн бири; тирүүлүктөн биологиялык өлүмгө (организмдин өмүр сүрүүсүнүн таптакыр токтошуна) чейинки баскычтагы жүрүмдү билдирет. Азыркы мезгилде медицина адамдын өлүмүн мээсинин таптакыр өлгөн учурунан тартып тааныйт. Ө. жөнүндө корутунду КР Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жолжобого ылайык мээнин таптакыр иштебей калуусун (мээнин өлүүсүн) каттоонун негизинде берилет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ажал; өмүрдүн, жашоонун бүтүшү. Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (макал). Өлүмдүн Сиз жолун бууп токтоосуз, Өлбөй коё тура турган болсоңуз (Акматалиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ – адам өмүрүнө колсалуу менен байланышкан өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана берилүүчү өзгөчө жаза чарасы. Ө. ж. ырайым кылуу иретинде 30 жылга эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн. Ө. ж. боорукердик максаттарда аял-затына жана жашы жете элек кезинде кылмыш жасаган адамга карата колдонулбайт.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз оозеки речте өлмөсөк болуп да айтылат. Ал экөө тең алгачкы өлүмсүрөк деген сөздөн келип чыккан. Алгачкы өлүмсүрөк сөзү өл+үм+сүрө + к деген морфемалардан куралган: өл деген этиштен келип чыккан өлүм сөзүнө -сыра мүчөсү жалганып, жетим деген сөздөн жетимсире сөзү келип чыккан сыяктуу өлүмсүрө этиши пайда болгон, ага этиштен атооч жасоочу -к мүчөсү уланганда өлүмсүрөк деген сын атооч жасалган. Сөздүн ортосундагы үр тыбышгары ттшүп калышынан өлүмсөк сөзү пайда болгон.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө док урунуу, милдетин артып өжөрлөнүү, салмагын салуу. Кудай сактасын, мен сизге өлүмтүгүмдү артпайм. (Абдукаримов). Кичинекей кыйынчылык болсо кыйналып иштеп, эмгек кылыштын ордуна турмушка нааразы болуп, колхозго өлүмтүгүмдү артып жатып алчумун (Абдукаимов). – Неге өлүмтүгүңдү артасың? Жубарымбек, отунга бар, отунга (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө док урунуу, милдетин артып өжөрлөнүү, салмагын салуу. Кудай сактасын, мен сизге өлүмтүгүмдү артпайм (Абдукаримов). Кичинекей кыйынчылык болсо кыйналып иштеп, эмгек кылыштын ордуна турмушка нааразы болуп, колхозго өлүмтүгүмдү артып жатып алчумун (Абдукаимов). - Неге өлүмтүгүңдү артасың? Жубарымбек, отунга бар,отунга (Осмоналев)

Киргизско-русский словарь Юдахина
өлүү I
и. д. от өл- II
умирание, смерть;
өлүүдөн корксоң, элиң үчүн эчтеме да кыла албайсың если ты боишься смерти, то для своего народа ничего не сможешь сделать.
өлүү II
см. өлү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жансыз мүлк, байлык, оокат. Көп дүнүйөсү бар экен, Жайыттагы малынан, Өлүү малы көп экен («Манас»). В.: Өлүү дүйнө. Адамдар, эркиндикти асырагыла, өлүү дүйнөнүн кулу болбогула (Ашымбаев). Андай адамга өлүү дүйнө ашыкча жүк болору айдан ак го (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бир нерсенин оордук салмагын, көлөмүн же узундугун ченөө. Отуз өлчөп, бир кес (макал). Асан эңкейип, айдалган жерди өлчөп көрсө, тереңдиги25 сантиметр (Баялинов). Тузду өлчөп татытсаң, ашыңда даам болот (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин оордук салмагын, көлөмүн же узундугун ченөө. Отуз өлчөп, бир кес (макал). Асан эңкейип, айдалган жерди өлчөп көрсө, тереңдиги – 25 сантиметр (Баялинов). Тузду өлчөп татытсаң, ашыңда даам болот (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Чеги бар, аябай көп эмес, мерчемдештирилген, чектүү, чектелген санда, чектелген көлөмдө, белгиленген. Ок өлчөлүү жерге тийген бейм, аяк серпкенге жарабай жатып калды (Рыскулбеков). Адам өмүрү өлчөлүү, аны адамча жашоо керек (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
мера; мерка, размер, доза; перен. объём;
толук өлчөмдө в полной мере, в полном объёме;
кеңири өлчөмдө или зор өлчөмдө в широких размерах;
капитализм зор өлчөмдөрдө аялдардын жана балдардын эмгегин эксплуатациялайт капитализм в широких размерах зксплуатирует труд женщин и детей;
жүз сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык денежная премия в размере ста рублей;
тоют жетиштүү өлчөмдө даярдалды корм заготовлен в достаточном количестве;
жер өлчөмүн алган соң, анан жоого баралы фольк. мы двинемся на врага после того, как разведаем дорогу.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир нерсенин белгилүү бир чеги, чени, салмагы, ченеми, көлөмү. Белгилүү өлчөмдө акча төлөп, бошонуп кетүүгө да акылуу (Абдукаримов). Анда биздин ишибиздин өлчөмү да ченемдүү эле (Шимеев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин белгилүү бир чеги, чени, салмагы, ченеми, көлөмү. Белгилүү өлчөмдө акча төлөп, бошонуп кетүүгө да акылуу (Абдукаримов). Анда биздин ишибиздин өлчөмү да ченемдүү эле (Шимеев). Ойлой келсем, ага макул эмесмин, Өз жеримди өлчөп берем эми мен (Сарногоев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.-страд. от өлчө-
быть измеряемым, измеряться; подвергаться количественному определению;
эки чайнам нан келет, ар бир күндө өлчөнүп фольк. по два кусочка хлеба отмеряется на каждый день.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. и. д. от өлчө-;
2. измерение, мера;
узундук өлчөөсү мера длины;
чубурма заттар өлчөөсү мера сыпучих тел;
оордук өлчөөсү мера веса;
бет өлчөөсү мера поверхности;
метр өлчөөсү метрическая мера;
өлчөөйүн метрдик системасы метрическая система мер;
өлчөөсүн байкап санабай, өз боюна карабай стих. не рассчитывая на то, на что он (сам) способен, не глядя сам на себя (действует пустой человек);
өлчөөнү өлчөп туштады он, прикинув, точно направил (копьё для удара);
өлчөөсү курусун! бран. глаза бы мои его больше не видели!;
өлчөөң кара жер бол! да будет твоим уделом мрачная земля!; чтоб тебе подохнуть!;
өлчөөсү өзүнө упаси меня бог от того, что с ним случилось;
өлчөөсүн түшүрө сүйлөгөн келин молодуха, которая метко говорит;
өлчөөмдү кудай берген так уж мне бог судил.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
1. өлчө этишинин кыймыл атоочу.
2. Өлчөм, чен, ченем. Узундук өлчөөсү. Метр өлчөөсү.
Өлчөөсү курусун же өлчөөсү өзү менен болсун — бул иши өзү менен эле кетсин, башка мындай болбосун деген мааниде айтылуучу сөз.

Киргизско-русский словарь Юдахина
отмеривать, определять;
белги кылып бир жерди, жер өлчөөлөп калалы стих. отметив какое-нибудь место, мы отмерим расстояние;
өлчөөлө качар чамаңды фольк. ты рассчитай свои возможности убежать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
өлчөөлүү, өлчөлүү
измеренный, определённый, намеченный, ограниченный чем-л.;
өлчөлүү жан или өлчөлүү күн жизнь ограничена, жизнь коротка;
Манас сураганын алсын - деп өлчөөлүү күнү өткүчө коопсуз жатып калсын деп фольк. пусть, мол, Манас возьмёт то, что просит, пусть спокойно доживает дни, которые ему определены;
өлчңөлүү күнүң тар болот фольк. твоя, (и без того) короткая жизнь будет трудной;
өлчөөлүү жер
1) намеченное место;
өлчөөлүү жерге жет- достигнуть намеченного места;
2) убойное место (место, удар, по которому может быть смертельным);
ок өлчөөлүү жерге тийди пуля попала в убойное место.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Абдан, аябай, эң эле деген күчөтүү маанисинде колдонулат. Адамдын көптүгүн айтпа, өлчөөсү курусун. 2. Жаман, оозго алгыс, айтып болгус, айтууга мүмкүн эмес деген мааниде колдонулат. Адам эмес экен, өлчөөсү курусун. Аны айтпай эле кой, өлчөөсү курусун, бир укмуш неме экен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан, аябай, эң эле деген күчөтүү маанисинде колдонулат. Адамдын көптүгүн айтпа, өлчөөсү курусун. 2. Жаман, оозго алгыс, айтып болгус, айтууга мүмкүн эмес деген мааниде колдонулат. Адам эмес экен, өлчөөсү курусун. Аны айтпай эле кой, өлчөөсү курусун, бир укмуш неме экен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз башы менен кетсин, башкалар мындай ишке кабылбасын, дуушар болбосун деген мааниде колдонулат. Анын өлчөөсү өзүнө болсун (Токомбаев). В.: Өлчөөсү өзү менен кетсин. Өлчөөсү өзү менен кетсин, аны коюп башканы айталычы («Ала-Тоо»).