1. мертвец, труп; арам өлүк падаль; өлүк жан мёртвый человек; өлүк-тирик ортосу полуживой, чуть живой; жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт погов. хорошая собака свой труп не показывает (т.е. скрывается, почувствовав приближение смерти; говорится о человеке, которому лучше скрыться, удалиться от позора); өлүгүө ит сийсин! проклятие чтоб на его труп пёс помочился!; өлүгүңө отура калайын бран. испражнюсь-ка я на твой труп; 2. перен. (о человеке) никудышный, пустой; тик басып, тирүү жүрсө да, өзүнчө жаман өлүк бар стих. есть и своеобразные никудышные дохлые (люди), хотя они и живы и ходят не горбясь; өлүк салык (о человеке) лишённый способности или возможности свободно передвигаться (напр. о находящемся в тюрьме); өлүгүңдү көрөйүн или өлүк-тиригиңди көрөйүн! (женская брань) чтоб тебе подохнуть!; ит өлүк кыл- см.ит.
зат.1. Адамдын жана башка жан-жаныбарлардын өлгөндөн кийинки денеси, сөөгү. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт (макал).
2.өт.Жансыз, өсүп-өнбөгөн, көгөрбөгөн.Дарыялар, Өлүк жерге жан болор, Кубат кайнап, Караңгы үйгө шам болор (Маликов).Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп(Бөкөнбаев).
3.өт. Колунан эч нерсе келбеген, эч аракети жок, киши санында жок.
1. Адамдын жана башка жан-жаныбарлардын өлгөндөн кийинки денеси, сөөгү. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт (макал). 2. өт. Жансыз, өсүп-өнбөгөн, көгөрбөгөн. Дарыялар, Өлүк жерге жан болор, Кубат кайнап, Караңгы үйгө шам болор (Маликов). Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев). 3. өт. Колунан эч нерсе келбеген, эч аракети жок, киши санында жок. Тик басып, тирүү жүрсө да, өзүнчө жаман өлүк бар (Юдахин).
ӨЛҮККАНА (ӨЛҮКЖАЙ, ТАБЫТКАНА) – ооруканалар менен сот-медициналык мекемелеринин алдындагы адам өлүгүн сактай турган, тааныта турган, союп текшере турган, жакындарына көмүү үчүн бериле турган атайын жай.
Өзүнчө ээн-эркин басып-тургусу, иштегиси, кыймылдагысы келбей эле бош жата бергендик. Эртеден-кечке эле өлүк-салык болуп жатасың, сыртка чыгып кичине кыймылдасаң боло (Сыдыкбеков).
ӨЛҮКТҮ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ – криминалистикада таануу мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн өлүктүн тирүү кезиндеги кейпин берүү. Адатта, ал белгисиз бирөөнүн өлүгү, бет келбети таанылгыс кылып кескиленген өлүк, кыйроонун же дагы башка кырсыктын натыйжасында таанылбай калган өлүк табылганда жүргүзүлөт. Криминалчылыкта Ө. к. к. адам келбетин далдаштыруу максатында жасалат. Ө. к. к. сот-медициналык эксперттер жана анын жардамчылары тарабынан жүргүзүлөт.
ӨЛҮКТҮ КАРОО – 1) тергөөчү же алгачкы тергөө органдары тарабынан өлүктү тапкан жерде жабырлануучунун инсанын тактоо, өлүмдүн себептерин жана жерин, убактысын, жагдайларын аныктоого мүмкүндүк берүүчү, ошондой эле мүмкүн болуучу кылмышкерди көрсөтүүчү белгилерди табуу максатында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттери. Ө. к. калыс күбөлөрдүн жана сот-медициналык эксперттин (же башка врачтын), зарылдыгына жараша башка адистердин катышуусу менен өткөрүлөт. Ө. к-до түздөнтүз баамга урунган иш жүзүндөгү маалыматтар; өлүктүн жаткан абалы жана жайы, болжолдуу жаш курагы, дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү, ж. б; кийим-кечелеринин жана бут кийиминин өзгөчөлүгү жана абалы, нерселер, документтер, өлүктөгү жана анын айланасындагы издер, ошондой эле денесиндеги жабыркоолор жана өлүктүн өзгөрүүлөрү белгиленет. Өлүк фотосүрөткө тартылат, чийме чийилет, издердин кептери жана калыптары даярдалат, чачтын, кандын, дене ткандарынын үлгүсү, манжалардын изи алынат; 2) өлүктү соёрдун алдындагы соттук–медициналык экспертизанын ажырагыс бөлүгү; Ал сырткы анотомиялык (жынысын, жаш курагын, дене түзүлүшүн ж. б.) жана дененин айрым бөлүктөрүнүн патологиялык өзгөрүүлөрүн, ошондой эле жаракаттарды (эгер алар болсо) окуп үйрөнүүдөн көрүнөт. Ө. к. жүрүшүн жана жыйынтыктарын баяндоо эксперттин корутундусуна кошулат.