Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын жана башка жан-жаныбарлардын өлгөндөн кийинки денеси, сөөгү. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт (макал).
2. өт. Жансыз, өсүп-өнбөгөн, көгөрбөгөн. Дарыялар, Өлүк жерге жан болор, Кубат кайнап, Караңгы үйгө шам болор (Маликов). Өлүк талаа жан байлады, Уйкусунан ойгонуп (Бөкөнбаев).
3. өт. Колунан эч нерсе келбеген, эч аракети жок, киши санында жок.