ӨЛҮГҮҢДҮ КӨРӨЙҮН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ачуусу келгенде аялдар тарабынан айтылуучу акарат кеп. Өлүгүңдү гана көрөйүн жубарымбек, колума бир түшөрсүң! ...Сени элеби, сага элеби... калкалап алар Көкшүн таятаң экөөңдү тең карап тур!... (Айтматов). – Отур былк этпей, өлүгүңдү көрөйүн көк мээ, куюшканга кыпчылбай шүк отур (Айтматов). – Як, өлүгүңдү көрөйүн! – деп союлун шилтеп калды (Исмаилов). В.: Өлүк-тиригиңди көрөйүн! О, өлүк-тиригиңди гана көрөйүн, арам ит десе. Хамилдин аялы жаалданып: өлүк-тиригиңди көрөйүн шерменде, – деп, топ элдин көзүнчө кызга качырып сала берди («Ала-Тоо»).