Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ого бетер оор абалга дуушар кылуу, ойронун чыгаруу, мурдагысынан беш бетер кылуу. – Тиги өлүгүңдү өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбай ордунан козгобойсуңбу? (Каимов). Эл нары дуулдап, бери дуулдап, «кой», өлгөндүн үстүнө көмгөн кылбайлы» дешип, көбү мурдагы жедирген мал-мүлкүнөн ошол жыйын үстүндө эле кечип жиберишти (Касымбеков). Өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, ушулардыкы өттү (Байтемиров).