ӨЛ ІІ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жашоосу токтолуу, каза болуу, көзү өтүү, жок болуу, дүйнөдөн кайтуу. Тирүүмдө атагым кандай болсо, Өлгөндө атагым ошондой болсун (Токомбаев). Кол куушуруп баш ийбей, Койгулашып өлөбүз! («Манас»). 2. өт. Катуу уят болуу, сөзгө сынуу. Жакының болсо ичкичтен, Уялып элден өлөсүң (Шүкүрбеков). 3. өт. Пайдасы жок болуп өтүү, куру бекерге кетүү, бошко кетүү, сая кетүү. Бүгүнкү күнүм бөөдө өлдү. 4. Жан-дилинен берилүү, кумарлануу. Көкбөрү десе өлгөн журт, көкбөрү тартып көнгөн журт (фольк.).