Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эптеп-септеп жан багуу, эптеп оокат өткөрүп, жан баккан болуу. Бир убактагы азуусун айга жаныган жигит эми минтип өлбөстүн күнүн көргөн бир абышка болуп калды («Кыргызстан маданияты»). Элге айткыла, быякта ачарчылык, жатарга жай жок, эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатабыз, – деген маалыматты билгизген (Ашымбаев). Бышкан алча менен борсуган алмаларга курсагын кампайтты, иши кылып, өлбөстүн күнүн өткөрүп жүрдү (Абдыраманов).