Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жашоосунан ажыратуу, каза таптыруу, өлүмгө дуушар кылуу, жок кылуу. Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт (макал). Элимден айдап бөлгүдөй, Эр өлтүргөн мен белем (Токтогул). 2. өт. Бошко кетирүү, сая кетирүү. – Көрчү, – деди Сүкөң мага бурулуп, – Биздин Белек секундун да өлтүрбөйт (Токомбаев). 3. өл этишинин аркылуу мамилеси.