смерть; ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат погов. если скрывать болезнь, то смерть (её всё равно) выявит; өлүм бардын малын чачат, жоктун көтүн ачат погов. у богатого смерть скот расходует (на поминки), а у бедняка - зад открывает (ему не на что справлять поминки); өлүм бол- стать мёртвым, умереть; төрт жүз сексен кишиси өлүм болуп жатыптыр фольк. четыреста восемьдесят человек из них лежат мёртвыми; өлүм кыл- умертвить; Манас Эсенкандын жиберген кишилерин өлүм кылып, төөлөрүн элиме талатканы фольк. о том, как Манас людей, посланных Эсенханом, умертвил, а верблюдов их отдал народу на разграбление; бөөдө өлүм напрасная смерть; курулай эрдик кылам - деп, бөөдө өлүм болду он хотел своей храбростью хвастнуть, да зря погиб; өлүм-житим смертность; урон в людях или в скоте; малдын өлүм-житимине өзүң жооп бересиң за падёж скота ты сам ответишь; ит өлүмү собачья смерть (жалкая, бесславная смерть); кой (или жылкы) өлүмү кылып (о человеке) зарезав как овцу (или лошадь); өлүм оозунда при смерти, чуть живой.
ӨЛҮМ – соттук медицинанын негизги түшүнүктөрүнүн бири; тирүүлүктөн биологиялык өлүмгө (организмдин өмүр сүрүүсүнүн таптакыр токтошуна) чейинки баскычтагы жүрүмдү билдирет. Азыркы мезгилде медицина адамдын өлүмүн мээсинин таптакыр өлгөн учурунан тартып тааныйт. Ө. жөнүндө корутунду КР Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен жолжобого ылайык мээнин таптакыр иштебей калуусун (мээнин өлүүсүн) каттоонун негизинде берилет.
Ажал; өмүрдүн, жашоонун бүтүшү. Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (макал). Өлүмдүн Сиз жолун бууп токтоосуз, Өлбөй коё тура турган болсоңуз (Акматалиев).
ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ – адам өмүрүнө колсалуу менен байланышкан өзгөчө оор кылмыштар үчүн гана берилүүчү өзгөчө жаза чарасы. Ө. ж. ырайым кылуу иретинде 30 жылга эркиндигинен ажыратуу менен алмаштырылышы мүмкүн. Ө. ж. боорукердик максаттарда аял-затына жана жашы жете элек кезинде кылмыш жасаган адамга карата колдонулбайт.
Бул сөз оозеки речте өлмөсөк болуп да айтылат. Ал экөө тең алгачкы өлүмсүрөк деген сөздөн келип чыккан. Алгачкы өлүмсүрөк сөзү өл+үм+сүрө + к деген морфемалардан куралган: өл деген этиштен келип чыккан өлүм сөзүнө -сыра мүчөсү жалганып, жетим деген сөздөн жетимсире сөзү келип чыккан сыяктуу өлүмсүрө этиши пайда болгон, ага этиштен атооч жасоочу -к мүчөсү уланганда өлүмсүрөк деген сын атооч жасалган. Сөздүн ортосундагы үр тыбышгары ттшүп калышынан өлүмсөк сөзү пайда болгон.
Бирөөгө док урунуу, милдетин артып өжөрлөнүү, салмагын салуу. Кудай сактасын, мен сизге өлүмтүгүмдү артпайм. (Абдукаримов). Кичинекей кыйынчылык болсо кыйналып иштеп, эмгек кылыштын ордуна турмушка нааразы болуп, колхозго өлүмтүгүмдү артып жатып алчумун (Абдукаимов). – Неге өлүмтүгүңдү артасың? Жубарымбек, отунга бар, отунга (Осмоналиев).
Бирөөгө док урунуу, милдетин артып өжөрлөнүү, салмагын салуу. Кудай сактасын, мен сизге өлүмтүгүмдү артпайм (Абдукаримов). Кичинекей кыйынчылык болсо кыйналып иштеп, эмгек кылыштын ордуна турмушка нааразы болуп, колхозго өлүмтүгүмдү артып жатып алчумун (Абдукаимов). - Неге өлүмтүгүңдү артасың? Жубарымбек, отунга бар,отунга (Осмоналев)