Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ажал; өмүрдүн, жашоонун бүтүшү. Бирөөнүн өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле (макал). Баатыр өлүмдү билбейт, коркок өмүрдү билбейт (макал). Өлүмдүн Сиз жолун бууп токтоосуз, Өлбөй коё тура турган болсоңуз (Акматалиев).