Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан катуу уят болуу, жети өмүрү жерге кирүү, уялганынан баш көтөрө албай калуу. Зуннахундун таарыныч менен айткан сөздөрүнө Түлкүбектин өлбөгөн төрт шыйрагы калган сыяктанды (Жангөшев). Борбук молдонун өлбөгөн төрт шыйрагы калды белем, бир кызарып, бир бозоруп, күрөө тамыры да көбө түшту (Баялинов). - Бул жерде башканын атын аташпай, туш-туштан ушинтип кыйкырышканда Калыйчанын өлбөгөн төрт шыйрагы гана калган (Медетов). Башка бирөө болсо өлбөгөн төрт шыйрагы калар эле... (Айтматов).