Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Саздак жерде өсүүчү көп жылдык ичке жалбырактуу чөп. Өлөң чөп маалым кылат жай мезгилин (Бөкөнбаев).
Өз үйүм, өлөң-төшөгүм — өзүнө тиешелүү, өзүмдүк. Чындыгында эле өз үй, өлөң-төшөк болуп жыргап эле калдым («Чалкан»).
ӨЛӨҢ II зат. Белгилүү муун өлчөмү бар, ыргак жана уйкаш менен курулган көркөм чыгарма; казак элинин ырынын аталышы, ыр. «Өргүсөң өлөң айт, сууп каласың» дечү эле (Аалы).