Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. ӨЛБӨГӨН ТӨРТ ШЫЙРАГЫ КАЛУУ Токтогул бөлөк жактан келип отурган кишилердин көзүнчө өлбөгөн төрт саны калып, ооз ачса эле тиги дагы жаман кеп ырбата турган, мыңк эте албай отуруп калды (Касымбеков). Султанмурат бектин өлбөгөн төрт саны калды (Касымбеков).