Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от өл- II
1. умертвить, убить;
жакшыны сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт погов. хорошего слово убивает, дурного палка убивает;
2. перен. явиться причиной напрасной траты;
отпускемдин он күнүн өлтүрдү по его вине у меня пропали десять дней отпуска.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жашоосунан ажыратуу, каза таптыруу, өлүмгө дуушар кылуу, жок кылуу. Коёнду камыш өлтүрөт, эрди намыс өлтүрөт (макал). Элимден айдап бөлгүдөй, Эр өлтүргөн мен белем (Токтогул). 2. өт. Бошко кетирүү, сая кетирүү. – Көрчү, – деди Сүкөң мага бурулуп, – Биздин Белек секундун да өлтүрбөйт (Токомбаев). 3. өл этишинин аркылуу мамилеси.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от өлтүр-;
Жаманкараны Кененсарыга өлтүртүп допустив, чтобы Кененсары убил Джаманкару;
бириңди бириңе өлтүртөм я заставлю одного из вас убить другого;
Курманбек өз элине кайтканы жана атасын өлтүрткөнү о том, как Курманбек вернулся к своему народу и велел убить отца своего;
силерди өлтүртпөй сактап калайын я спасу вас, не дам убить.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ӨЛТҮРҮҮ – башка адамды атайылап өлүмгө кириптер кылуу; жеке адамга каршы жасалган өтө оор кылмыш. Ө. башка өлүмгө түртүү түрлөрүнөн так айырмаланууга тийиш: өзүн-өзү өлтүрүү, кокустуктан улам, ошондой эле байкабастыктан улам өлүмгө кириптер кылуу.