күл I то же, чтогүл 1. күл II зола, пепел; күл чыгарган (букв. рассыпание или рассыпатель золы) 1) южн.этн. одна из свадебных игр, когда в общей борьбе победивший мазал побеждённому лицо мукой, смешанной с золой; 2) перен. вносящий раздоры, ссоры; тот, кто расстраивает уже наладившееся было дело; 3) перен. ребёнок (гл. обр. маленький мальчик); күл чыгар- 1) выносить золу; 2) быть в чьём-л. услужении по дому, выполняя домашнюю работу; кызмат кылып жүрдү эле, күл чыгарып, от жагып фольк. он был в услужении, выполняя домашнюю работу (букв. выносил золу и разводил огонь); күл чыгарт- 1) заставить выносить золу; 2) заставить делать домашнюю работу; күлүн көккө сапырды он его разгромил, изничтожил; оту менен кирип, күлү менен чыгып (или казаны менен кайнап, күлү менен чыгып), бай-манаптын колунда жүрдү он батрачил у баев и манапов, отдавая все свои силы; бир жерге күл төк- жить вместе и в согласии (букв, золу сыпать в одно место); бир жерге күл төккөнүбүз жакшы го а ведь лучше бы нам жить вместе и в согласии; күл ала бол- 1) (о женщинах) делать всё время чёрную работу по дому; возиться по хозяйству; ал бечара; күл ала болуп; кемегесинин башынан чыкпайт она, бедняжка, всё время возится по хозяйству, не отходя от очага; 2) быть в загоне, в унижении; күл ала кыл- унизить, осрамить; күл-күл болуп кал- быть разбитым вдребезги; быть разодранным на куски; күйбөгөн жери күл болду см.күй- IV. күл III күл азык то же, чтокүлазык; күл куржун перемётная сума для күлазык'а (см.). күл- IV смеяться; мага күлөт или менден күлөт он надо мной смеётся; Аскар карындашына күлдү Аскар посмеялся над своей сестрёнкой; жыртык тешикке күлөт погов. рвань над дыркой смеётся; мыйыгынан күлдү он усмехнулся себе в ус; көзүнөн күлдү в его глазах появилась усмешка; каткырып күл- хохотать; ичинен күл- смеяться про себя; смеяться в кулак; боорун тырмап күл- или боору катып күл- покатываться со смеху; боору эзилгенче күл- или ичегиси эзилгенче күл- умирать со смеху; күлгөндүн билгени бар погов. кто усмехается, тот (что-то) знает.
Iзат. Заттын күйүп бүткөндөн кийинки калдыгы. [Бүбүш] кемегедеги күлдү оодарыштырды, бирок от тапканы жок («Ала-Тоо»).
¨ Күлүдодоболбоо — бир жерге байыр албоо, турук албай көчүп жүрүү. Күйбөгөнжерикүлболуу — чычалоо, ыза болуу, жаны ачуу, жаны кашаюу. Назгүлдүн сөзүн укканда, Шариптин күйбөгөн жери күл болду (Бейшеналиев). Күлалаболуу — боз ала болуу, ындыны өчүү, шагы сынуу. Жанатадан бери сүйүнгөнүмдү кара, күл ала болуп сумсайганымды кара (Байтемиров). Силердин күл алаңарга калтырды го түбөлүк (Сыдыкбеков). Күлазыкк.азык.
КҮЛIIзат. Карт-карт болуп жунун жыдытып жиберүүчү койлордун тери оорусу.
КҮЛIIIтуурасы:гүл.
КҮЛIVэтиш. Каткыруу, кыткылыктоо. Азамат болсоң, жаш балдар, Жаман ишке күлбөгүн (Токтогул). Насип баягы Каныш энени үнүнөн тааныды да, күлүп жиберди (Таштемиров).
«Заттын күйүп бүткөндөн кийинки калдыгы» деген маанидеги күл сөзү байыркы күй+үл морфемаларынын курамынан келип чыккан. Күй этишине зат атооч жасоочу -л мүчөсү уланып, күйүл сөзү жаралган. Мындай мүчө жырга – жыргал, куура – куурал, кура – кирал сыяктуу сөздөрдө катышат. Алгачкы күйүл сөзү «күйгөн нерсе» дегенге жакын маани берген. Кийин сөздүн ортосундагы йү тыбыштары түшүп, күл түрүнө келген. Натыйжада күл сөзүнүн күй этиши менен болгон байланышы унутулган.
провизия, годная для дальней дороги (не скоро портящаяся, напр. толокно, кусочки мяса, хорошо прожаренные в жире); талканын камдап, семиз жылкы сойдуруп, этин майда тууратып, аны аябай кургатып, күлазык камдайт заготовив толокно, велев зарезать жирную лошадь, мелко нарезав, хорошо высушив, он заготовляет дорожную провизию.
КҮЛ АЗЫК — көпкө бузулбай турган алыскы жолго арналып жасалган кыргыз элинин байыркы тамак-ашынын бир түрү. К. а-тын негизи эттен (жылкынын, уйдун, койдун, кийиктин жана башкалар) турган. Союлган малдын (кайберендин) эти бышырылган соң нарын сыяктуу майда тууралган же кургатылып, сокуга жанчылган же жаргылчакка тартылган. Андан кийин майдаланган эт эки жолу (биринде өзүнүн майына, экинчисинде ун же талкан аралаштырылып, туз салынып) куурулган. «Манас» эпосунда чагылдырылган К. а. узак сапарга, ууга, казатка аттанган жоокерлердин тамагы катары сүрөттөлөт. Эпосто К. а. адамдар үчүн гана эмес аттар үчүн да мээр чөптөн чакан көлөмдө жасалары айтылат. Эпостун төмөнкү саптары буга мүнөздүү:
Кагылайын уулдар
Ала жүрсөң күл азык,
Атка берер мээр чөп,
Каран күн башка түшкөндө
Кереги мунун тиет деп
Кудус менен Мысырдан
Муну койбой чалдырган
Бармактайын чайнаса
Адамдын мээрин кандырган,
Беш талын катып чайнатса
Тулпардын суусун кандырган,
Шири капка бекитип
Бүктөп берген эмеспи (Саякбай Каралаев, 2. 175).
Айрым этнографиялык маалыматтарда К. а. бөлөк азыктар кошулуп да даярдагандыгы айтылат. Муну В. В. Радлов «Манас» эпосу менен кошо жарыялаган «Жолой кан» аттуу өзүнчө фольклордук чыгармадан ачык-айкын көрүүгө болот. Мында Жолой баласы Болот менен жолго чыгаардын алдында аларга К. а. камдалып берилет. Ошол дастандагы К. а-тын даярдалышы төмөндөгүдөй баяндалат:
Миң бээнин эттерин
Каптыгадай тилдим дейт,
Алты күнү туска бөлөдүм,
Дүүм жемиштен талкалап туруп,
Эт үстүнө септим мен,
Күнгө как кургаттым,
Тегирмен салдым мен,
Чери чары болот деп,
Торко элекке эледим,
Келе соку кылдырдым,
Келин кыс чогултуп
Сокулатып алдым мен,
Капчык ичине салдым (Радлов жазып алган вариант 549—550).
Мындай К. а-тын бир эле кашыгын ысык сууга салып эритип ичкенде адамга кадимкидей кайрат берип, ток туткан. Мисалы, Радлов жазып алган вариантта Жолойдун келини жолго чыгып жаткандарга К. а. менен кошо куржунга кол казанды кошо салып берип, кайнатасына мындай дейт:
Тамак керек болгондо,
Жер очокту кассын де!
Аста отту жаксын де!
Ченеп уч колдун башы менен
Чымчып мындан алсын де,
Казанга акырын сээп койсун де,
Кашык менен айлантып,
Сактап олтурсун де! (Радлов жазып алган вариант 500).
Контекст илгерки убактарда кыргыздардын К. а-ты кеңири колдонгонун айгинелеп турат. Мындай фольклордук материалдар К. а-тын технологиясын «калыбына» келтирүүгө чоң жардам бере алат. Эпосто чагылдырылган К. а. жөнүндөгү маалымат анын кыргыз элинин турмушунда орун алып келгендигин көркөм формада көрсөткөн. К. а-ка окшош тамак-аштын түрү алтай элинин эпосу «Алып-Манашта», тувалыктардын «Бокту-Кириш» жана «Бара-Шээлей» аттуу дастанында да айтылгандыгы белгилүү.
И. Молдобаев
Узакка сапарга чыкканда алып жүрүүгө ылайыкталган, оңой менен бузулбай турган азык-түлүк, тамак-аш. Күл азыгын шайлашып («Манас» С. О.). Анатай сен дагы атаңа күл азыкты өз колуң менен даярдаш үчүн окууну таштай турасың. Бир жыл болобу, эки жылбы, аны көрөбүз (Айтматов). Отуз нарга жүктөтүп, Түгөнбөс түрдүү күл азык («Курманбек»). Эки жоокер бир куржун, Күл азыгын камдасын («Мендирман»).
Узакка сапарга чыкканда алып жүрүүгө ылайыкталган, оңой менен бузулбай турган азык-түлүк, тамак-аш (көбүнчө семиз уйдун этин кургатып, аны майда туурап, талкан аралаштырат: таруунун же башка эгиндин талканына бал, сары май кошуп да жасайт). Анатай сен дагы атаңа күл азыкты өз колуң менен даярдаш үчүн окууну таштай турасың. Бир жыл болобу, эки жылбы, аны көрөбүз (Айтматов).
Катуу ыза көрүп, шылдың болуп калуу, уят болуп сумсайып, шагы сынган абалда калуу. Жанатадан бери сүйүнгөнүмдү кара, күл ала болуп сумсайганымды кара (Байтемиров).
1. Отко чыдамдуу, көпкө чейин бузулбай, кыйрабай турган чопо, топурак. Күл ботонун топурак, Кире менен алдырып («Манас»). 2. Цемент. Анжыянды чалдырган, Күлботону алдырган («Манас»). Дың жерлер болду күлбото, Дыйкандын өтпөс кетмени.
несмеян, неулыба; күлбөс жигит несмеян-парень; күлбөскан несмеяна, царевна-несмеяна; жомоктогу күлбөскан деле күлгөн экен даже сказочная несмеяна засмеялась.
Уятка калуу, боз ала болуп, шагы сынуу, шылдың болуу. Эми жоргомдон биротоло көксөм сууду. Оңдотууну, бирөөгө көрсөтүүнү деги эле эңсебей калдым. Аялым да: «И-и! Күлгө чапкандай болдуңбу, – деп кырыма чыгат («Кыргызстан маданияты»).
Уятка калуу, боз ала болуп, шагы сынуу, шылдын болуу. Эми жоргомдон биротоло көксөм сууду. Оңдотууну, бирөөгө көрсөтүүнү деги эле эңсебей калдым. Аялым да: «И-и! Күлгө чапкандай болдуңбу, - деп кырыма чыгат («Кыргызстан маданияты»).
ир. 1. (о цвете) яркий, красочный; с переливами; күлгүн кызыл ярко-красный, пунцовый; күлгүн көк ярко-синий; күлгүндү кийип, кирдеткен, күлүктү минип, тердеткен фольк. носил он яркие одежды и их (не жалея) пачкал, ездил он на скакуне, вгоняя его в пот (т.е. жил в своё удовольствие); 2. перен. (о человеке) молодой, цветущий; күйдүрдүң күлгүн жанымды, күндө арбыттың зарымды стих. причинила ты жгучую боль моей молодой душе, с каждым днём усиливаешь мою печаль.
сын. 1. Ачык көгүш түс. Жолдун бою күлгүн жашыл Толгон экен жаңылык (Бөкөнбаев). Күзүндө жамгыр болбосо, Күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн (Токтогул).
2.өт. Жаш. Ышкындай солкулдаган күлгүн жигиттер биринен бири талашып, өздөрү келбейт беле (Сыдыкбеков). Күлгүнүңдө кетипсиң. Күз куураган чырпыктай (Токтогул).
1. Кандайдыр бир өңдүн ачык, жаркырап-жайнаган жаркын түсү. Калың кара жедигер, күлгүндөрүн бүктөшүп, Көрктүү жүгүн жүктөшүп («Эл адабияты»). Күлгүн кызыл. Күлгүн жашыл. Күлгүн көк. Күзүндө жамгыр болбосо, Күлгүн чөп кайдан бүрдөсүн (Токтогул). 2. Жаш, гүлдөп турган, жаркырап-жайнаган. А тигил күлгүн жигит Мужадыл болсо, анча малдуу эмес атанын баласы (Сыдыкбеков). Күйүт менен өткөрдүм, Күлгүн жаштын жарымын (Токтогул).
Терини иштетүүдө, бир нерселерди тазалоодо бетине күл жабуу же күл кошуу, бир нерсенин бетин, сыртын күл менен сүртүү, ышкуу. Терини күлдөп коюу. Идиш-аяктарды күлдөп жууп тазалоо.
күлдүр I грохот; күлдүр мамай или күлдүр мамай мылтык (в эпосе) огромное (букв. грохающее) ружьё; күлдүр мамай мылтыкты күлдүрөтө атыптыр фольк. из огромного ружья он с грохотом выстрелил; күлдүр-шалдыр см.шалдыр. күлдүр- II понуд. откүл- IV смешить; душманымды күлдүрдүң, ошонуң жакшы кеп беле? фольк. ты рассмешил (т.е. обрадовал) моего врага, разве это хорошо? өлгөндү күлдүргөн такой, который даже мёртвого рассмешит.
сын. Адамды күлдүргөнгө шыктуу, куудул, шайыр. Токтогул өтө куудул [комик], күлдүргүч болгон (Бөкөнбаев). Мүлдө кыргыз жеринде Күлдүргүч сендей жок эле (Осмонкул).
күл V этишинин аркылуу мамилеси. Бригадир Мукаштын айткан кеби олтургандарды күлдүрдү (Сыдыкбеков). Мурат агай түштөнгөнү чогулганда баарыбызды күлдүрүп тамашаларынан айтып берет.
Күлдүрөгөн, күлдүрттөп чыккан дабышты билдирүүдө колдонулат. Паровоз така-така, күлдүр-күлдүр, Тынымсыз кетип барат күндүр-түндүр (Абдыраманов). Батийна күлдүр-күлдүр саба бышып турган (Сыдыкбеков).
1. Күндүн күркүрөшү, чагылган түшкөндөгү катуу дабыштын чыгышы. 2. өт. Добушу өтө катуу чыккан, алыска тийген милтелүү чоң мылтык, замбирек. Күлдүр мамай мылтыкты, Күркүрөтө аттырды («Манас» С. О.).
күлдүү I то же, чтогүлдүү; күлдүү бадам 1) разноцветный и с переливами; күлдүү бадам чапан яркий халат переливающихся оттенков; 2) название масти лошади. күлдүү II содержащий в себе золу; тех. зольный; күлдүү көмүр зольный уголь; күлдүү күчүк см.күчүк.
Майда-барат нерселер менен алышып, үйдөн чыга албаган, күйпүл ала болуп абдан жүдөгөн, ындыны өчкөн деген мааниде. Кээ бир наадандар жаш кыздарга үйлөнөр замат аларды эч жакка чыгарбастан, үйлөрүнө камап, күлдүү күчүк кылышат («Ала-Тоо»).
Майда-барат нерселер менен алышып, үйдөн чыга албаган, күйпүл ала болуп абдан жүдөгөн, ындыны өчкөн деген мааниде. Кээ бир наадандар жаш кыздаргаүйлөнөрзамат аларды эч жакка чыгарбастан, үйлөрүнө камап, күлдүү күчүк кылышат («Ала-Тоо»).
Көмүрдүн же башка нерсенин күйгөндөн кийин күлгө айлануу, канчалык даражада күл болуп майдаланып кетүү касиети. Көмүрдүн күлдүүлүк нормасы. Жыйырма пайыз күлдүүлүктөгү көмүр.
1. Жыгачтын, куурайдын же ар кандай күйүүчү заттардын күйүп бүткөндөн кийинки калдыгы. Коломтодогу күлгө көөмп кеткен чок аз эле калыптыр (Байтемиров). Үч тонна шакарлуу күл табышыбыз керек (Жантөшев). 2. Койдун терисинде кездешүүчү оору.
1. Күлкү келерлик кеп-сөз укканда же тамашага, кандайдыр бир окуяга карата же көңүлү көтөрүлүп, шаттанып, кубанып турганда ж. б. өзгөчө сезимин билдирип каткыруу, кыткылыктоо, жылмаю аркылуу күлкүсүн чыгаруу. Кубанып күлөт карыя Курбулары жанында (Бөкөнбаев). Амантур каткыра катуу күлдү (Убукеев). 2. Бирөөнү жактырбай табалаганын, шылдың кылганын же бирөөнүн оюн, ички сырын ж. б. биле койгондугун күлкү аркылуу билдирүү. Кайра мени шылдың кылгансып, атам корс-корс күлөт (Сыдыкбеков). Биле коюп кубанып, Мыйыгынан күлдү эми («Эр Төштүк»). Күлө турган иш, агайындар! – деп, Ачеке карыя колхозчуларга карады (Убукеев). Жок, садага иничек, Баласынтып күлбөймүн («Мендирман»). 3. Жадырап-жайнаган абалды, шаңдуу-шат көрүнүштү билдирүүдө колдонулат. Күн жылып эритип калды, Жылмайып күлдү жаздын алды (Шүкүрбеков). Нымтырап жаткан боз талаа Шаңданып күлгөн, сергиген (Бөкөнбаев). Эл күлдү да, жер күлдү, Бирин-бири сүйгөндөй («Мендирман»). Күлүп ийсең, кашкайган таңың кана? Көчөлөрдү дүрбүткөн шаңың кана? (Мамазаирова).
смех; ичи оорулуу күлкү сүйбөйт погов. у кого живот болит, тот смеха не любит; күлкү кыл- осмеять, поднять на смех; күлкүгө кал- стать предметом насмешки, осмеяния; бизге күлөм деп, өзүң күлкүгө калба желая осмеять нас, не окажись сам осмеянным; күлкү сал- или кулкүгө сал- вносить смех, смешить, вносить веселье.
зат.1. Кызыктуу нерсени көргөндө же укканда, шаттанганда, кытыгылаганда ж. б. кыткылыктап же каткырып чыккан дабыш. Ичи оорулуу күлкү сүйбөйт (макал). ..Тамашага кошул-ташыл күлкүлөр да чыкты (Сыдыкбеков).
2.Шылдың, келеке, мыскыл. Доско күлкү, душманга таба болбо (Жантөшев). Күлкү болдуң фашисттер, Ач кандектей үлдүрөп (Осмонкул).
1. Кубангандыгын, көңүлү көтөрүлгөндүгүн, шаттангандыгын, ырахаттангандыгын, тамашалагандыгын же кимдир бирөөнү шылдыңдагандыгын ж. б. үн чыгара каткыруу, кыткылыктап же жылмайып күлүү аркылуу билдирген ички сезим. Кыя жолдон каткырган кыз күлкүсү угулат (Бөкөнбаев). Итикенин кыткылыктаган күлкүсү какшыктуу күлкү эле (Жантөшев). 2. Шылдың, келеке, мыскыл. Доско күлкү, душманга таба болбо (Жантөшев). Кийиз өтүк бутунда, Мына анык күлкү ушунда (Шүкүрбеков).
сын. Күлкү келтирерлик, тамашалуу. Ал ар качан күлкүлүү же кайгылуу окуядан кеп салууну жакшы көрөт (Жантөшев). Күлкүлүү шайыр сөзүн уккан сайын, Көңүлүм козголду бейм көтөрүлүп (Осмонкул).
¨ Күлкүлүүпьеса — эск. комедия.
Күлкү келтирерлик, күлө турган, күлкү аралашкан. Ар дайым күлкүлүү же кайгылуу окуядан кеп салууну жакшы көрөт (Жантөшев). Күлкүлүү шайыр сөзүң уккан сайын, Көңүлүм козголду бейм көтөрүлүп (Осмонкул). Кубанычтуу, күлкүлүү кобур көтөрүлдү (Сасыкбаев).
сын. Болор-болбоско деле күлө берүүчү, көп күлүүчү, күлө берген. Санаасы жок — уйкучу, ары жок — күлкүчү (макал). [Керез] оюнкарак, күлкүчү, куудул-шылдыңчыл боло баштады (Бейшеналиев).
Күлкүсү тыйылбаган, болор болбоско деле күлө берме, көп күлүүчү. Бул топтун күлкүчүсү тигил Акия деген кетирейген сары келин белем (Сыдыкбеков). Дарыяхан күлкүчү болгондуктан, күлө берип көзүнөн жаш да чыкты (Жантөшев).
Жылмайыңкы тартып, жымың этип койгон, жадырап-жайнап күлүңдөгөн көрүнүштү билдирүүдө колдонулат. Күлмүң этип жол жүрүп, Көп жылкы менен мол жүрүп («Семетей»). Гүлдөрдөй күлмүң-күлмүң берди белги (Осмонов).
Күлмүң-күлмүң этип жайдарылануу, күлүңдөө. Анткен менен Жайнак өзү күлмүңдөп көңүлдүүдөй (Айтматов). Бирөө күлсө күлмүңдөп, Тогуз куйкам курушуп тардыгамын (Шимеев).
зат. Селденин астынан кийүүчү төбөсү бийик топу, төбөсү бийик баш кийим. Күлө кийип башына Алакан ачып жайылтып (Тоголок Молдо). Мендирман кийди окшошуп, Думананын күлөсүн (Жантөшев).
КҮЛӨ — думана, дервиштердин шоңшогой чокулуу атайы баш кийими. Адатта ак кездемеден жасалгандыктан ак Күлө деп айтылса керек. Эпосто Ак күлөлүү аксакалдын кайыбынан пайда болушу жөнүндө «Ак күлөлүү думана, Асасы бар шапап Кайдан келди билинбейт» (Сагымбай Орозбаков, 1. 86),— деп айтылат, к. Думана.
Селденин астынан кийүүчү төбөсү бийик топу сыяктуу жеңил баш кийим. Күлө кийип башына, Алакан ачып жайылтып (Токтогул). Мендирман кийди окшошуп, Думананын күлөсүн («Мендирман»). Бүт туткундун кийгени таар сыяктуу одоно кара сокмодон күлө (Касымбеков).
Өтө жайдары, мээримдүү мамиле жасоо. Кашкар чөөгүндөн колуна суу куюп турган Зуураканга байбиче күлө багып кызына айткандай айтты (Сыдыкбеков). – Э-э... ыракмат балам, – деп ыраазылыгын жашырып-жаба албастан күлө багып төргө өттү (Касымбеков). Татыке аны утурлап күлө баккан чырайын көргөздү (Өмүрбаев).
Өтө жайдары, мээримдүү мамиле жасоо. Кашкар чөөгундөн колуна суу куюп турган Зуураканга байбиче кулө багып кызына айткандай айтты... (Сыдыкбеков). -Э-э... ыракмат... балам, - деп ыраазылыгын жашырып-жаба албастан кулө багып төргө өттү (Касымбеков). Татыке аны угурлап кулө баккан чырайын көргөздү (Өмүрбаев).
(видимо, вместо үлпөт) удовольствие, развлечение; пирушка; күйөө келип, той болуп, күлпөткө балдар жыргашып фольк. прибыл жених, был пир, парни наслаждались развлечениями; күлпөт курган убагы (это было) время, когда он развлекался.
Ойноп-күлүп көңүл ачкан таң-тамаша, шаан-шөкөт, үлпөт. Күйөө келип той болуп, Күлпөткө балдар жыргашып («Олжобай менен Кишимжан»). Кыйбат Бермет сулууну, Кырк күнү күлпөт тойлотуп («Саринжи-Бөкөй»). Күлпөттүү элден айрылып, Күйүттүү күндө турамын (Казыбек).
Күрсүйгөн чоң, семиз көрүнүштө болуу, жоон-жолусунан келген, дүңкүйгөн кебетеде болуу. Бир оокумда ак саргыл, бети тултугуй, күлтүйгөн чоң киши келди (Байтемиров).
1. приспособление под детской колыбелью (жестяная банка, горшок или кусок войлока) для стока мочи и испражнений; 2. войлочная часть капкана; күлтүгү жок бесстыдный.
Күлтүк - баланын сийдиги, заӊы чогулушу үчүн бешиктин алды жагына орнотулуп коюлуучу идиш (КТС 2010:839). Адатта ал чоподон же жыгачтан жасалат. Мурун кийизден да жасалган деген маалыматтар бар. Бирок азыркы күндө айнектен, пластмассадан жасалган идиштерди да колдонуп жүрүшөт. Бешиктеги баланын сийдиги ары-бери чайпалып, чачырабаш үчүн күлтүккө күл салып коюшат. «Күлтүк» деген сөздүн теги да ушуга байланыштуу, башкача айтканда, «күл салынган идиш» деген маанини туюндурган бул сөз тыбыштык жактан күл+лүк > күл+дүк > күлтүк болуп өзгөргөн деп божомолдоого болот. Буга байланыштуу «күлтүгү жок» деген фразеологизм бар, ал «уятсыз, уяты жок, абийирсиз» деген маанини туюндурат (КТФС 2001:337). Кыргыз тилинин айрым говорлорунда (мисалы, Чаткал говорунда) бул идиш «түбөк» деп аталат.
КҮЛТҮКАН — эпизоддук кейипкер. Шоорук кандын балбаны «Жетимиш кулач пил минген» К. он эки миң балбан менен чогуу Манаска каршы келип, Аккелтенин огунан өлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 203, 213—214).
Өтө чоң, семиз, күрсүйгөн кебетеде күлтүң-күлтүң этүү, көлтөңдөп олдоксон кыймыл-аракетте болуу. Байдөбөтүңөр мындан кийин күлтүңдөп бул жерде жүрүүчү болбосун (Маликов).
Бир жерге байыр алып турбоо, турук албоо, ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү. Же ырайы келбеген, күлү додо болбогон, ынтымаксыз, тойбогон токур элденби? (Касымбеков). Кечеги күлү додо болбогон өмүрдү сапырып келип: – Белине кылыч байланып Абаңдын Барбаган жери калбаган, – дейт (Көчкөнов). Күлү додо болбой араздашып, өз бетинче кеткен ата-эне сөрөй ушу тирүүлөй жетимди ойлойт дейсиңби? (Айтматов).
Бир жерге байыр алып турбоо, турук албоо, ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү. Же ырайы келбеген, кулү додо болбогон, ынтымаксыз, тойбогон токур элденби? (Касымбеков). Кечеги күлү додо болбогон өмүрдү сапырып келип: Белине кылыч байланып Абаңдын Барбаган жери калбаган, - дейт (Көчкөнов). Күлү додо болбой араздашып, өз бетинче кеткен ата-эне сөрөй ушу тирүүлөй жетимди ойлойт дейсиңби? (Айтматов).
Тегинде каршы, ою түз эмес, пикирлери келишпеген. ...Курманжан-бүбү күлү жоо күндөштөрдүн көңүлүн жайгарып, чиренген бек эринин купулуна толуп, акыры ага акылчы, айлына башчы болууга татып кетти (Касымбеков)
Тегинде каршы, ою түз эмес, пикирлери келишпеген. Курманжан бүбү күлү жоо күндөштөрдүн көңүлүн жайгарып, чиренген бек эринин купулуна толуп, акыры ага акылчы, айлына башчы болууга татып кетти (Касымбеков).
1. скакун, скаковая лошадь, бегунец; бөлүнүп чыгып келатса, күлүктүн көркү чаңында фольк. красота скакуна, когда он вырывается вперёд, в его пыли (которую он поднимает быстрым бегом); ит күлүгүн түлкү сүйбөйт погов. быстроногую собаку лисица не любит; дүйнөдө эмне күлүк? загадка что (самое) быстроходное в мире? (отгадка ой мысль); жөө күлүк (о человеке) бегун (букв. пеший скакун); мээси жок күлүк выдающийся скакун; күлүк чап- участвовать в конских скачках; күлүк чаптыр- пускать своего коня на скачки; күлүк байла- готовить (скаковую) лошадь к скачкам; 2. перен. мечевидный отросток (у овцы, козы); коо бузган күлүк см.коо.
сын. Катуу жүгүргүч, тез чуркагыч, катуу жүгүрүшү, чуркашы боюнча башкалардан айырмаланган. Күлүк атын атамдын Сурап келгин,кырк жигит («Курманбек»). Кеп көтөрбөй жакшы болбойт, Тер көтөрбөй күлүк болбойт (макал). Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт (макал).
1. Мыкты жүгүргөн, жүрүшү, чуркаганы тез, ылдам. Күлүк атын атамдын Сурап келгин, кырк жигит («Курманбек»). Мүйүздөрүн алты кайрып орогон Тайган жетпес күлүк теке, кулжа бар (Осмонкул). Демейде кибиреген тумсак Керез күлүк Кычанга да караандатпай жөнөдү (Бейшеналиев). Күчтүү күлүк от араба Алга карай зыркырайт (Токомбаев). || Катуу жүгүргөн, күлүктүгү жагынан таанымал болгон жылкы. Күлүк күнүндө, тулпар тушунда (макал). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул). Бөлүнүп чыгып келатса, Күлүктүн көркү чаңында («Мендирман»). Күлүк кетсе из калар, Күлдү журтта сөз калар (Калмырза). Таң-тамаша башталды, Күлүктөр тандап чабылып (Шүкүрбеков). Күлүк келет төрт аягы соруп жер, Күү-шаа түшөт тогуз балда согуп жел (Кулумбаев).2. Тынбай удургуй берген, тез-тез өзгөрүлүп турган, учкул. Көпчүлүк кызый-кызый сөзгө кирип, Күлүк ой барган сайын өзгөрүлүп (Осмонкул). Десеңчи чиркин санаа кандай күлүк (Турусбеков). 3. Алдыда, алдыңкы катарда экендигин, мыктылыгын, башкалардан өзгөчөлүгүн билдирүүчү эпитет катарында колдонулат. Мен кыргызмын, жигитмин, Байгеде чыккан күлүкмүн (Үмөталиев).
зат. 1. Тез чуркоочулук, тез жугүрүүчүлүк. Күлүктүктүн белгиси — Жер тандабай жүгүрөт (Токтогул). Атка жеңил, тайга чак Күлүктүгү бар экен («Эр Төштүк»).
1. Тез жүгүргөндүк, ылдамдык, күлүк жылкыга же башка айбандарга, транспорттун түрлөрүнө ж. б. таандык касиет, сапат. Күлүктүктүн белгиси – Жер тандабай жүгүрөт (Токтогул). 2. өт. Ырдаганда, сүйлөгөндө ж. б. токтолбой шар кетүүчүлүк. Күлүктүгүм карматсам, Жарышмакка кандайсың (Осмонкул).
Күлмүңдөгөн, көзү күлүңдөп, жагымдуу көз карашы менен адамды өзүнө тартып турган (кыз-келиндерге карата). Күлүм көз келин кездешти, Кийгени жибек шоодурап (Маликов).
улыбаться; эр өлүмгө күлүмсүрөп барат погов. молодец на смерть идёт улыбаясь (т.е. без страха); күлүмсүрөй карады он посмотрел с улыбкой; сол жакы уурту менен күлүмсүрөп койду он усмехнулся левым углом рта.
1. Күлө багып жылмаюу, күлүңдөгөн, жылмайыңкы тарткан көрүнүштө болуу. Бактыяр күлүмсүрөп, Алтын эжеге карады. Алда эмнеге кубангансып, Сабийра күлүмсүрөп сүйлөдү (Сыдыкбеков). 2. өт. Жадырап-жайнаган жаркын, кубанычтуу көрүнүштө болуу. Көчөнү бүт гүл басты, Күлүмсүрөп таң атты (Токобаев). Гүлнур сүрөткө дайым күлүмсүрөп түшөт.
: күлүмчүжыттануу — жагымсыз, жаман жыттануу; жылуу абага бүксүгөн, ачыган нерсенин жыты кошулгандагыдай жыт чыгуу. Механикалык цехтин ичинде.. күлүмчү жыттанып турат («Кыргызстан аялдары»). Бир гана айырмасы тоо жели таптаза, салкын бул болсо күлүмчүрөөк жыттанат (Байтемиров).
возвр. откүл- IV; айтылуучу аңгеме айтылып, күлөр күлкү күлүнгөн то, что надлежало рассказать, было сказано, посмеялись над тем, над чем можно было посмеяться.
к. КҮЛҮН КӨККӨ САПЫРУУ
Басмачылардын кайсы жерлерде экенин айттырып алышып, душмандын күлүн асманга сапырышты (Сасыкбаев). Күлүңдү асманга сапырайынбы! Жогол экөөң тең! (Осмоналиев).
Бир жерге турук алып, байырлап орун-очок алып туруп калуу. «Эгер кокус жолуктуруп калсаң, үйлөн, күлүңдү бир жерге додо кыл да, теңтуш эмессиңби, ийге көндүрүп кой», - деп атасы өтүндү («Советтик Кыргызстан»).
Бир жерге турук алып, байырлап орун-очок алып туруп калуу. «Эгер кокус жолуктуруп калсаң, үйлөн, күлүңдү бир жерге додо кыл да, теңтуш эмессиңби, ийге көндүрүп кой», – деп атасы өтүндү.
Таш талканын чыгаруу, кыйратуу, эч нерсесин калтырбай жок кылуу. Тээ байыркы Хазар деңизинен тартып Кытай-Чекке чейин созулган төө түгүндөй түрктүн даңкка бөлөнгөн калааларынын күлү көккө сапырылып, эрендеринин ат бутуна тепселип, көрбөгөнү көр болгонун саймедиреди (Көчкөнов). В.: Күлүн асманга сапыруу. Басмачылардын кайсы жерлерде экенин айттырып алышып, душмандын күлүн асманга сапырышты (Сасыкбаев). Күлүңдү асманга сапырайынбы! Жогол экөөң тең! (Осмоналиев). Күлүн сапыруу. Күүлөнүп кызыл баатырлар, Душмандын күлүн сапырды (Осмонкул). Кайраттуу күндө балдарым, Канкордун күлүн сапыргын (Тоголок Молдо). – Уктуңбу!... Күлүн сапырып таштайм! (Касымбеков).
Таш талканын чыгаруу, кыйратуу, эч нерсесин калтырбай жок кылуу. Багыңды ачып малайлар, Ленин тапты акылды Эл жегичти жоготуп, Күлүн көккө сапырды (Токтогул). Тээ байыркы Хазар деңизинен тартып Кытай-Чекке чейин созулган төө түгүндөй түрктүн даңкка бөлөнгөн калааларынын кулү көккө сапырылып, эрендеринин ат бутуна тепселип, көрбөгөнү көр болгонун саймедиреди (Көчкөнов).
Ынтымакташып, биргелешип чогуу оокат кылуу, тиричилик өткөрүү, ынтымагы бузулбоо. Алыбай уулу илгертен бери күлүн чогуу төккөн эл эмеспи («Ала-Тоо»). В.: Күлүн бир жерге төгүү. Төлөк уругу күлүн бир жерге төгүп, ынтымактуу эл болушту («Ала-Тоо»).
понуд. откүлүңдө-; өңүн күлүңдөтө с весёлым, улыбающимся лицом; жумшак баскан келиндин элпек козголушу үй ичин күлүндөткөндөй мягкая поступь и расторопные движения молодухи как бы наполняли комнату весельем; көздорүн ууру күлүндөтүп с вороватой усмешкой в глазах.
ир. 1. редко, то же, чтогүлүстөн цветник; балалуу үй - күлүстөн, баласыз үй - көрүстөн погов. дом с детьми - цветник, дом без детей - кладбище; 2. перен. жизнерадостный; 3. так обычно называют женщины покойника, оплакивая его.
күлүш I и. д. откүл- IV смех. күлүш II то же, чтокүлүч II. күлүш- III взаимн. откүл- IV смеяться вместе с кем-л.; күлүшүн калган бала младенец, начинающий смеяться.
КҮЛҮШАА — топоним. Кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Шоорук кан менен болгон урушта эскерилет. Географиялык реалияда Алай кырка тоолорунун чыгышындагы бийик тоолуу Гүлчө өрөөнү.
КҮЛЧОРО — «Семетей», «Сейтектеги» негизги каармандардын бири, Алмамбеттин уулу, Семетейдин эмчектеш иниси, чоросу. К. эпостогу өзгөчө сүймөнчүк менен реалдуу сүрөттөлгөн образ. Семетейдин эл-жердин биримдиги, эркиндиги үчүн күрөшүндө анын негизги жардамчысы, таянычы болсо, «Сейтекте» ички, тышкы душман менен болгон күрөштөрдүн негизги уюштуруучусу катары көрүнөт. Сагымбай Орозбаков вариантында Семетей сыяктуу эле Көкөтөйдүн ашындагы Кошойдун касиеттүү батасынан кийин туулат:
Арууке келин баласы
Акылдашы ар качан,
Ага болсун чын жоро,
Аты болсун Күлчоро, (Сагымбай Орозбаков, 3. 214— 215),— деп Кошой ошондо эле К-нун ашкан баатыр болорун алдын ала белгилейт. Энеси Аруукенин шердин жүрөгүнө талгак болушу менен келечекте атасы Алмамбеттен ашкан баатыр туула тургандыгы белгилүү болот (Саякбай Каралаев, 2. 183 — 184).
Атасы Алмамбет Чоң казатта окко учуп, К. да Семетей сыяктуу эле жетим калып жетилет. Семетей Таласка кайрылып келгенде жанында жүрүп, анын бардык иштерине катышат. Семетей кайып болуп кеткенден кийин анын өтө жакын адамы катары Канчоро менен Кыястан оор запкы көрүп, Сейтектин аман эсен чоңоюп эр жетишин чыдамсыздык менен күтөт.
К-нун «Сейтек» эпосунун башында баяндалган оор тагдыры ички душманчылыктын күчүн айгинелеп турат. «Күлчоро тирүү турганда Кытайдын иши оңолбойт» — деп Коңурбай чочулаган К. кийин өз жакындарынан далысынын кечири кесилип, өтө аянычтуу абалда Кыястын колунда калат. Ал Айчүрөк, Сейтектин жардамы менен өлүмдөн калып, Карадөө издеп жүрүп таап алып келген Кызылсарт (Момунжан) дарылап айыктырат. К-нун баштагы баатырдыгынын калыбына келиши эпостун окуясынын өнүгүшүндө өзгөчө мааниге ээ: Сейтекти алдыга үндөп, кеп-кеңешин берген насаатчы катары да, аны менен чогуу найза сайышып, жоо жоолашкан баатыр катары да зарыл. Ал «Семетейде» чоң орун ээлесе, «Сейтекте» да иш-аракети көңүлгө толорлук сүрөттөлөт. Кыяс менен Канчорону жок кылууда бол сун, Желмогуз уулу Сарыбай менен согушта болсун алдыңкы планда жүрөт. Семетейди таап, элге кошууда да К-нун эмгеги чоң. Кыскасы К. — эпостун экинчи, үчүнчү бөлүмдөрүндө бардык жагынан шайма-шай сүрөттөлгөн каарман.
«Семетейде» К. — экинин бири болуп, Семетейдин образын көп жагынан толуктап турган жигердүү баатыр. Каармандын образы анын ченемсиз баатырдыгына шамдагайлыгы, жайдары, шайыр мүнөзү төп келген, көптөгөн кармаштарда далай душманды узунунан салган К-го тең келе албасын ар дайым ага атаандаша жүргөн Канчоро да мойнуна алат:
Күйдүргү Күлүс шок эле, Сөзүндө сөлтүк жок эле. Чукугандай сөз тапкан, Чуулдап учкан ок эле. Эрдиги менен элдиги Бирдей келген эме эле Бул жагынан Канчоро Күлүскө качан тең эле?! Тили чечен өзү шок, Тирүүдө мындай неме жок! (Курама вариант, «Семетей», 179).
Семетейден ажырагандан кийин аянычтуу абалда калып, Сейтекке кошулгандан тартып мурунку калыбына келет. Саякбай Каралаевдин варианты нда К. — баштан аяк кыраакы каарман, акылман баатыр. Ал эч убакта жоокерлик шартты бузбайт. К. менен Кыяс кармашып жатканда Сейтек келип, Кыястын башын алып салганда, К.: «Кокуй, жалгыз кишини экөөлөп өлтүрдү дебесин, мага эле койбойсуң», — деп кейийт. Айрым варианттарда (Валиханов жазып алган эпизод, Мамбет Чокморовдун варианты) «Мажиктен калган Күлчоро» — делип айтылат. Бирок айрым айтуучуларда Мажик Алмамбеттин мурунку ысымы катары талкууланып, К. кадимки Алмамбеттин өз баласы, Семетейдин эмчектеш бир тууганы экендиги күдүксүз айтылса, айрымдарында Алмамбет окко учкандан кийин Аруукени Мажик алгандыктан «Мажиктин уулу Күлчоро» делип айтылат. К. өмүрүнүн акырына чейин Манастын укум-тукумунан кол үзбөйт. Шапак Рысмендеевдин варианты К-нун Айчүрөккө үйлөнүшү да мына ушунун бир далили сыяктанат.
Саякбай Каралаевдин варианты нда К-го элдин эң сүйүктүү каармандарынын бири катары эпикалык мүнөз берилип, баатырдык күрөштөрдүн курчоосундагы жандуу аракетин көрсөтүүдө анын өзүн гана эмес курал-жарагына чейин толук сыпаттайт. К-нун найзасы, Нескара менен Коңурбайдын башын кескен айбалтасы, атасы Алмамбеттен калган Акбараң мылтыгы анын эпикалык келбетин ого бетер баатырдык шаңга бөлөйт.
Адатта эпикалык баатырлардын курал-жарагы менен кийген кийимин идеалдаштыруу салты көбүрөөк орун алган түрк-моңгол элдеринин эпостук чыгармаларында күчтүү берилген бир өзгөчөлүк бар. Бул өзгөчөлүк — баатырдын образынын ардакталып, ага ылайык бүткөрүлүп, сүрөттөлгөндүгү, ошондой эле К. да колунан бардык иш келген жомоктук баатыр болгону менен анын күрөшүнүн мааниси, максаты реалдуу. Анын образы жалпы эле эпос аркалаган идеяларды тереңдетүүгө, өркүндөтүүгө көмөктөшөт. Айрыкча, чыгармадагы негизги темалардын бири болгон достук темасынын ачылышында да К-нун образы атасы Алмамбеттин образы сыяктуу эле мааниге ээ. К. Семетейдин бар кезинде гана эмес, анын көзү жокто да ага ошондой эле берилген бойдон калат. Өзүнүн керт башынын кызыкчылыгынан достукту, туугандыкты жогору коёт. Чыныгы баатырга таандык айкөлдүк менен Канчородон көргөн кордугун унутуп, аны дагы эле бир тууган кылууга даяр. Ошондуктан, Кыястан өч алып элге келгенде Канчорого кайрылып: «Жылгындуу Кең-Кол, кең Талас, Үйүрлүү-Марал, Күмүш-Так, Журт күздөөгө сен консоң, Кара-Буура, Кан-Жайлак, Чаткал тосо мен консом, Бармактуу адам батабы? Тырмактуу душман тийеби? (Курама вариант, «Сейтек», 173),— дейт ак көңүл К. өзүнө таандык кең пейилдик менен. Алмамбеттин Кытайдан келгендиги өзү тарабынан же башка бирөөлөр аркылуу дайым айтылып, эскерилип отурса, К-нун түпкү теги кытай экендиги эске да алынбайт. Ал Алмамбеттин баласы, Таласта туулуп өскөн, кыргыз элине, жерине эч качан бөлөк-бөтөн эмес, К. өзү да бүт ой-тилегин иш-аракетин кыргыз элинин жалпы кызыкчылыгына арнайт. Ал — атанын ишин улантуучу, ата-бабанын кегин алуу үчүн жаратылган урпактардын бири. Ошондуктан, анын тагдырына Айчүрөк, Каныкей, Бакайлар кайдыгер карабайт. Семетейден калган жалгыз туяк Сейтектин эр жетишин кандай чыдамсыздык менен күтүшсө, К-нун кайрадан мурдагы калыбына келишин да ошондой эле самашат. Себеби, Манас, Семетей, Сейтек өңдүү башкы каармандарга эриш-аркак түзүлгөн образ. «Манаста» Алмамбеттин баатырдыгы, акылмандыгы, адамгерчилиги кандай төп көрсөтүлсө, К. — да атасынын наамына көлөкө түшүрбөй турган, эрдиги атасынан кем эмес каарман. Ал бүт өмүрүн эл деп зарыптап, эл үчүн иштейт. Элдин өзүнүн түшүнүгүндө да К. Семетейден кем эмес, ал турсун айрым окуяларга К. Семетейден да орчун катышат.
Элдик оозеки чыгармалардагы башкы касиеттердин бири эл тагдыры ойдогудай абалга келмейинче башкы баатырлар өлүүгө тийиш эмес. Элдик фантастика, өчпөгөн үмүт аларды өлтүрбөй кайра жаратууга кудуреттүү. К-ну кайра элге кошууда жөн гана ага ордуна келген ден соолук бербестен, бирде тайдын, бирде иттин далысынын кечирин кыйыштырып (Курама вариант, «Сейтек»), айтор баатырдын эл керегине жарагыдай абалга биротоло келиши үчүн кайдан болсун да даба издеп табышат. К-нун айыккандан кийинки эрдиги «Сейтектин» башынан аягына чейин белгиленип отурат. Желмогуз уулу Сарыбай менен беттешип, сексен күн тынбай урушуп, сексен жеринен жара жегени сүрөттөлөт. Муну менен кармаштын катаалдыгына жараша К-нун баатырдыгы даңазаланат. Анын тагдыры башка эпикалык каармандардын тагдыры менен биримдикте сүрөттөлгөндүктөн Семетей, Бакай, Каныкей, Айчүрөктөрдөн ажырабастан, акырында алар менен чогуу кайып болуп кетет. Айрым варианттарда К-нун кайып болуп кетиши менен чыгарма бүтпөй, Кулансарык, Алымсарык анын балдары катары айтылат. Бирок, бул анчалык салттуу эмес, кийинчерээк кошулган генеологиялык циклди жандандырууга болгон дагы бир аракеттен улам орун алган көрүнүш. К-нун салттык композиция боюнча курулган образы деле — эпостогу өзү аркалаган милдетин толук аткарып турган образ. Семетейге, кийин Сейтекке өөдө тартса өбөк, ылдый тартса жөлөк, астыда жүрсө ак жол, артта жүрсө сан кол болуп, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон каарман. Ал өзүнө чейинки баатырлардын, бабаларынын жөн гана вариациясы же көчүрмөсү эмес. Өзүнө таандык ачык максаты, аткарчу так милдети бар, өзү кез келген ар бир кырдаалга, шартка жараша өзгөрүп, жаңыланып турган көркөм образ. Элдин идеалдуу баатыры К-ну тарыхый инсан деп таанууга же анын образын кайсы бир тарыхый адам менен жакындаштырууга азырынча мүмкүнчүлүк жок. Бирок, «Күлчоро» деген аттын байыркы түрктөргө таандык экендиги күмөнсүз. «Күлчоро» антропоними азыркы кыргыз тилинин базасында чечмеленбейт. Ошондуктан анын мааниси бүгүнкү кыргыздар үчүн түшүнүксүз. Мына ушунун өзү айрым манасчылардын бул ысымды туура эмес түшүндүрүүгө түрткөн. Чынында эпоним байыркы түрк тилдеринде активдүү колдонулган «күлиг» жана «чор» («чора») деген эки сөздүн айкашынан түзүлүп, кийинчерээк убакыт өткөн соң Куличор>Күличора>Күлчоро деген формага ээ болгон. Мындай формадагы «Күличор» деген ысым байыркы түрк тилинде «даңктуу», «атактуу» деген маанини туюнткан, ал эми антропонимдин экинчи бөлүгү чоро-чора-чор титулду туюнтуучу сөз катары колдонулуп, хан менен бектин ортосундагы даражаны билгизген. Түбүндө бул сөз байыркы перс тилинен байыркы түрк тилине кабыл алынып, алгач «жоокер», «баатыр» деген маанилерди туюндурган. Ошентип, «Күлчоро» деген сөз атактуу жоокер, даңктуу баатыр деген мааниге ээ жана элдин сүйүктүү баатыры К-нун эпостогу образына толук шайкеш келет.
зат.1. Май кошулуп, тандырга бышырылган майда нан; тегерек майда нан. Айланайын кербендер, Күйүк күлчө нан барбы? («Кедейкан»).
2. Жазы, тилке-тилке кылып кесилип, сорпого бышырылган камыр; күлчөтай.
Эки киши чакырып, бир табак күлчө жеген менен эчтеме чыкпайт («Ала-Тоо»).
1. Май кошулуп, дандырга бышырылган кичирээк тегерек нан, тегерек, майда токоч. Күйүк көмөч, күлчө нан, Кудайы кайыр сурадым (Токтогул). || диал. Көмөч. 2. күлчөтай менен бирдей. Эки киши чакырып, бир табак күлчө жеген менен эчтеме чыкпайт («Ала-Тоо»). Безе сепкен күлчөдөй, Ширин кылам каныңды («Эл адабияты»).
ир.-кирг. 1. кушанье, состоящее из тонко раскатанного теста, нарезанного лепёшками и отваренного в мясном бульоне (подаётся вместе с мясом); 2. южн. название болезни верблюдов, то же, чточымын тийди (см.чымын 2).
Эттин сорпосуна жука жайылып, тилке-тилке кесилип бышырылган беш бармактын камыры. Батыш жасаган күлчөтайын жыгач табакка салып алып келди (Байтемиров).